Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 17-2
Мамлекеттик салык кызматынын айрым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимге макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү» Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген «Салык мамлелери жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимдин» 10-бөлүмүнүн 10.1-пунктуна ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөт башчысы жана мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын мамлекеттик салык кызматынын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө макулдук берилсин.(келишим тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |
Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы №___ буйругу менен бекитилди жетекчиси Б.Нурматов ____________________
| Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-сентябрындагы № ___ буйругу менен бекитилди Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: Н.С.Мадимаров
_________________________ | Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 17-2 токтому макулдашылды Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы А.Топчубаев
________________________ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
№__ КЕЛИШИМ
1. Келишимдин тараптары
Бир тарабынан мындан ары “аймактык салык органы” деп аталуучу, Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын атынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Жобонун негизинде иштеген жетекчи Нурматов Бакыт Момунович жана экинчи тарабынан мындан ары “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы” деп аталуучу, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн атынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде иштеген Мадимаров Нуридин Султанович
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдарын, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин 10.1-пунктунун 10-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү:
2. Келишимдин предмети
2.1. МСКнын Ноокат району боюнча башкармалыгы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берет:
салык төлөөчүлөрдүн жергиликтүү салыктарды, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салыктарды төлөөсүн камсыз кылууну;
салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүүнү жана жергиликтүү салыктарды, патенттин негизиндеги салыктарды төлөгөн салык төлөөчүлөр боюнча отчет түзүүнү;
патенттин жарактуулугунун кийинки мөөнөтүнө салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө ыктыярдуу жана/же милдеттүү патентке жазуу киргизүүнү;
ыктыярдуу жана/же милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзгөн, патенттерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан патенттин жарактуулугунун кийинки мөөнөтүнө салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө жазуулар киргизилген салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүүнү жана алар боюнча отчет түзүүнү;
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 108-беренесинин 6-бөлүгүнүн чегинде рейддик салык контролун жүргүзүүнү;
салык кызматы органдары менен бирге салык постун орнотууну;
салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын төлөөнү камсыздоо жөнүндө салык органынын чечимин салык төлөөчүлөргө берүүнү, ошондой эле салык органдарынын алдында салык карызын өндүрүү жол-жоболорун демилгелөөнү;
ЖӨБдүн аткаруу органы тарабынан салык карызын өндүрүү механизмин жана салык төлөөчүгө карата мажбурлап өндүрүү чараларын колдонуусун.
2.2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү жогоруда айтылган өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарат.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. МСКнын Ноокат району боюнча башкармалыгы өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоого;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун (мындан ары – Жобо) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча маалыматтарды жана отчетторду сурап алууга;
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүлүп берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүлүп берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
3.2. МСКнын Ош облусунун Ноокат району боюнча башкармалыгы:
а) Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Салык кызматынын район боюнча башкармалыгында катталган, мүлк салыгын, жер салыгын жана патенттин негизиндеги салыкты төлөөчүлөрдүн тизмегин жана аталган салыктар боюнча салык карызынын суммалары жөнүндө маалыматтарды;
- жыл сайын, 10-январдан кечиктирбестен ишкердиктин түрлөрүнүн тизмегин жана алар боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын. Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде жүргүзүлүүчү ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеги жана патенттин негизиндеги салыктын ставкасы жыл ичинде кайра каралган учурда маалымат тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 иш күндөн кечиктирбестен берилет;
- жыл сайын, учурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирбестен ушул келишимдин 2-бөлүгүнүн 2.1-пунктунун 1, 2, 3-пунктчаларында аталган салыктар боюнча салык төлөөчүлөрдүн салыктык милдеттенмелери жөнүндө жалпыланган маалыматты.
б) өз компетенциясынын чегинде милдеттүү:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарынын чегинде методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардам көрсөтүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында зарыл болгон учурда окуу өткөрүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоого.
- салык салуу обөекттерин каттоого алган органдарга Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылууларын өз убагында жиберип турууга жана кайрылуулардын аткарылышын контролдоого.
4. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери
4.1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамды алууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
- зарыл болгон учурда салык салуу обөекттерин каттоого алган органдардан салык кызматынын район боюнча башкармалыгы аркылуу жазуу жүзүндө маалымат сурап кайрылууга жана бул маалыматты алууга.
4.2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн мамлекеттик органга шарттарды түзүп берүүгө;
- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- Жободо белгиленген мөөнөттө мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө мамлекеттик органга отчет берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү салык мыйзамдарын бекем сактоого.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КР Салык кодексин, КР Административдик кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисинин укуктарынын жана милдеттеринин толук тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык каражаттар менен камсыздоо
6.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына зарыл болгон финансылык камсыздоо маселесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги караштырат.
6.2. Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилген трансферттердин көлөмү бир календарлык жыл үчүн _____________ (миң сом) түзөт.
6.3. Республикалык бюджеттен каржылоо алгандан кийин айрым өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн трансферттер боюнча чыгашалардын толуктугу жана аларды камсыздоо үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алат.
7. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча маалыматтарды жана отчетторду аймактык салык органына Жободо аныкталган мөөнөттөрдө тапшырат.
8. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун тартиби
8.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары – контролдоо) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону ыйгарым укуктуу салык органы жана МСКнын Ноокат району боюнча башкармалыгы жүргүзөт.
8.3. Ыйгарым укуктуу салык органы жана МСКнын Ноокат району боюнча башкармалыгы:
- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;
- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.
9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби
9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү 1 (бир) жылды түзөт.
Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылат.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан да бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- Мирмахмудов айыл өкмөтү боюнча өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынганда;
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганда (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);
- келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу) учурда.
11.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.
11.3. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- эгерде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эмес болсо;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук акт кабыл алынса.
11.4. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик орган тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик орган тарабынан табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон учурда же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
11.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.
11.9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышы жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
Мамлекеттик салык кызматынын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү
Ноокат району боюнча башкармалыгы Ноокат району, Ош облусу
Жетекчи: Нурматов Бакыт Момунович Башчы:Мадимаров Нуридин Султанович