Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты №25-2
Айыл өкмөтүнүн, 2019-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн,2019-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомго негиз иш алып барууну уюштуруу жана камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчылыгына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |
Төөлөс айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги
25-сессиясынын №25-2 токтомуна
тиркеме.
Айыл өкмөтүнүн, 2019-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө маалымат
(миң сом)
15.03.2019-жылга,70629- ЖКХ бөлүмүндөгү 3111 беренесинде | 400,0 |
жалпы | 400,0 |
Бөлүм | Берене | Чыгашанын аталышы,максаты | Сумма |
70629-ЖКХ | 2221 | Айыл аймагындагы “Коомдук Алдын Алуу Борборунун” (ОПЦ) имаратындагы айнек терезелерин толугу менен жаңылап алмаштыруу | 150,0 |
70629-ЖКХ | 2221 | “Гереит-Шорон” айылынын таза суу берилүүчү түтүктөрүн оңдоп түзөө иштери үчүн | 20,0 |
70921-СШ | 2221 | Айыл аймагындагы мектептердин учурдагы ремонт иштерине | 20,0 |
70111-Апп | 3112 | Ош-Исфана жолунун, айыл аймагынан кесип өткөн,кооптуу деп эсептелген участокторуна “видеокөзөмөл” аппаратураларын орнотуу | 50,0 |
70111-Апп | 3112 | Айыл өкмөтүнүн аппаратына,кызматтык автоунаа сатып алуу | 160,0 |
|
| Чыгашалардын жыйынтыгы | 400,0 |
ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Исмаилова