Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты №25-3
Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата иш чараларынын пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткарылуучу иш чараларынын пландары бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Аткарылуучу иш чараларынын пландарынын өз убагында ,сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчылыгына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |
“МАКУЛДАШЫЛДЫ” “БЕКИТЕМИН”
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы:
______________ А.Абдырахманов. _________________ А.Эшматов
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткарылуучу иш чараларынын
ПЛАНЫ
№ |
Иш чаралардын аталышы
| Аткаруу мөөнөтү | Аткаруууга жооптуулар |
1 |
2018-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга карата милдеттери жөнүндө. | Февраль-Март | М. Тиленов, А.Камбаралиев, К.Исмаилова |
2 | Жазгы талаа жумуштарына даярдыктар жана айыл аймагындагы көрнөк жарнактарды калыбына келтирүү жөнүндө. | Март | М. Бакиров,айыл башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери.
|
3 | Айыл аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш чаралардын жүрүшү жөнүндө. | Март -Апрель | Айыл өкмөтүнүн башчылыгы,ФЭБ,башкы адистер.
|
4 | Талаачылык боюнча иш пландардын аткарылышы жөнүндө жана иштерди жакшыртуу боюнча сунуштары. | Апрель- Май | М.Бакиров,У.Өсөров, айыл башчылары. |
5 | Аппараттык отурумда каралуучу маселелерди өз убагында сапаттуу даярдалышына жана учурда көйгөйлүү болгон маселелерди убагында кароого жетишүү. | Ай сайын | А.Камбаралиев,башкы адистер
|
Уюштуруу –практикалык иш чаралар.
| |||
1 | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана райондук мамлекеттик администрацияларынын токтомдорунун,буйруктарынын,протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылуу жана атуулдардын арыз даттанууларына өз убагында жооп берүүнү камсыз кылуу. |
Ар дайым
|
А.Камбаралиев, башкы адистер,иш кагаздары боюнча жетектөөчү адистер |
2 | Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш пландарынын аткарылышы жөнүндө. | Июль | Айыл өкмөтүнүн башчылыгы ,башкы адистери |
4 | Кыргыз Республикасынын “Эгемендүүлүк күнүнө” карата иш чараларды аткаруу. | Август, Сентябрь | Башкы адистер, мекеме ишкана жетекчилери. |
5 | Айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга жалпы өнүгүү стратегиясынын аткарылышы жөнүндө. | Квартал сайын | М. Тиленов К.Исмаилова. |
6 | Айыл өкмөтүнүн коллегиялык отурумунда каралган маселелердин сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөө. | Ар дайым | Айыл өкмөтүнүн бөлүм башчылары. |
7 | Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн ар түрдүү комиссиялардын иштерин көзөмөлгө алуу. | Ар дайым | Түзүлгөн комиссиялардын торагалары. |
8 | Кыргыз Республикасынын белгиленген жалпы майрам күндөрүнө жана даталуу күндөргө карата иш чараларды уюштуруп өткөрүү | Убагында,
| Соц. адистер, комиссия курамы. |
9 | Айыл аймагында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу кылмыштуулуктун,диний экстремизмдин,терроризмдин алдын алуу жана коомдук саясий абалдын туруктуулугун сактоо. | Ар дайым | Айыл өкмөт башчылыгы, айыл башчылары, мекеме ишкана жетекчилери, укук коргоо уюмдары. |
10 | Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын I-жарым жылына карата иш планын даярдоо. | Декабрь | Жооптуу катчысы.
|
Аткаруучу: А.Камбаралиев