Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 2
Отуз-Адыр айылындагы сметалык баасы 27500,0 миң.сомдук мечиттин жаңы имаратын айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵткɵрүп алуу,каттап муниципалдык менчик реестрине киргизүү жана аны кайрадан мечиттин жамаатынын пайдалануусуна ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37-токтому менен бекитилген «Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ»аттуу Жобонун 2-статьясынын 2-пунктунун жана 3-статьясынын 2-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылындагы сметалык баасы 27500,0миң.сомдук мечиттин жаңы имараты айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу актысынын негизинде ɵткɵрүлүп алынсын жана катталып муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизилсин.
2. Айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине катталып муниципалдык объекттердин реестрине киргизилген Отуз-Адыр айылындагы мечиттин жаңы
имараты кайрадан мечиттин жамаатынын пайдалануусуна кабыл алуу актысынын
негизинде ɵткɵрүлүп берилсин.
3. Жогорудагы мечитти муниципалдык менчике ɵткɵрүп алуу жана кайрадан мечиттин жамаатынын пайдалануусуна ɵткɵрүп берүү боюнча комиссия түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ тапшырылсын.(Т.Туйбаев)
5. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн.(А.Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин
2018-жылдын 14-декабрында ɵткɵрүлгɵн
кезексиз XXIX сессиясынын
№ 2-токтомуна тиркеме
Отуз-Адыр айылындагы мечиттин жаңы имаратын кабыл алуу жана аны мечиттин жамаатынын пайдалануусуна ɵткɵрүп берүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы.
1.Апишев Хурвай-комиссиянын тɵрагасы,айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын орун басары.
Мүчɵлɵрү;
2.Камчыбеков Мамасабыр-айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономика бɵлүмүнүн башчысынын орун басары.
3.Сатыбалдыев Жумабек-Отуз-Адыр айылынын айыл башчысы.
4.Тɵрɵмурзаев Тариэл- айыл ɵкмɵтүнүн ɵзгɵчɵ кырдаалдар боюнча жетектɵɵчү адиси.
5.Довранов Раимберди-инжиниринг кызматы боюнча кɵз карандысыз эксперт.
6.Ɵмүрзаков Абдыманап-Отуз-Адыр айылдык мечитинин имам-хатиби.
7.Калматов Нурсултан-айылдык Кеңештин депутаты.
8.Зикиряев Тɵлɵгɵн-аксакалдар сотунун тɵрагасы.
9.Кадыров.Т-«Ай-Тор» ЖЧКасынын директору.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин
жооптуу катчысы А.З.Зикиров.