Загрузка документа…
ӨЗГӨН-ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №15/8
Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүн, 2020-2021-жылдарга кирешелердин божомолун бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексине» ылайык жана Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 18-декабрындагы №1200 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары 1-тиркемеге ылайык 93546,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2020-жылга божомолу 2-тиркемеге ылайык 104052,7 миң сом, 2021-жылга божомолу 3-тиркемеге ылайык 108785,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Салык агенти төлөгөн киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдөн 70 пайыз, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөрдөн 50 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
4. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
5. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын 2019-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
6. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
7. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин
2018-жылдын “20” – декабрындагы
кезектеги XV сессиясынын
№15/8 токтомунун № 1 тиркемеси
2019-жылга Өзгөн шаарынын бюджети
катар № | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
1 | 2 | 3 |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 28000,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 850,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 3071,8 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 31073,5 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1245,2 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 4050,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2200,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 5,6 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2950,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 11000,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2200,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 400,4 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6500,0 |
| Жыйынтыгы: | 93546,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин
2018-жылдын “20” – декабрындагы
кезектеги XV сессиясынын
№15/8 токтомунун № 2 тиркемеси
2020-жылга карата Өзгөн шаарынын бюджетинин божомолу
катар № | Кирешелер | Суммасы миң сом |
1 | 2 | 3 |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 42816,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 850,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 2571,8 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32969,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1245,2 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 3550,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2200,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 19,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3030,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 6551,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 1750,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 500,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6000,0 |
| Жыйынтыгы: | 104052,7 |
Өзгөн шаардык кеңешинин
2018-жылдын “20” – декабрындагы
кезектеги XV сессиясынын
№15/8 токтомунун № 3 тиркемеси
2021-жылга карата Өзгөн шаарынын бюджетинин божомолу
катар № | Кирешелер | Суммасы миң сом |
1 | 2 | 3 |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 54100,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 850,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 2571,8 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32969,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1245,2 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 3550,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2200,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 19,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3030,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык |
|
11 | Жер үчүн ижара акы | 1750,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 500,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6000,0 |
| Жыйынтыгы: | 108785,7 |