Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №27/7
USAIDдин «Ийгиликтуу аймак долбоорунун Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын негизинде Дөбөлү айыл аймагында USAIDдин «Ийгиликтуу аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
USAIDдин «Ийгиликтуу аймак» долбоору тарабынан даярдалган кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун стратегиясы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу.Ж |
ХХVII-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясынын
2019-жылдын 17-январдагы 27/7 токтомуна тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
НАРЫН РАЙОНУ
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
Мазмуну
1. Киришүү 4
2. Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары 4
3. Жумушчу комиссиянын курамы 4
4. Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы 5
5. Стратегияга кошулган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги 5
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы 7
7. Мониторинг жана баалоо 23
8. Кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугуна таасирин тийгизген факторлор. 24
1. Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Планын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨПте чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Дөбөлү айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясынын максаты – Дөбөлү айылдык аймагында жогорку сапатта жана азыраак чыгым менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылды:
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Аныкталган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу жагын ушул стратегия аныктады.
Учурдагы абалына анализ жасалды.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун өзгөчө натыйжалуу ыкмалары аныкталды.
Стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы түзүлдү.
3. Жумушчу комиссиянын курамы
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Дөбөлу Айыл өкмөттүн башчысынын 2018-жылдын 15-октябрындагы №49-б буйругунун негизинде түзүлгөн.
№ | Аты-жөнү | Жасаган иши/Ээлеген кызматы |
| Алсейитов Улан | Дөбөлү Айыл өкмөттүн башчысы, Жумушчу комиссиянын төрагасы |
| Уланбек уулу Жолдошбек | Айылдык кеңештин төрагасы, Жумушчу комиссиясынын орун басары |
| Касымова Жайна | Айыл окмотунун жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы |
| Абдыканов Жалый | Аксакалдар сотунун төрагасы |
| Курманбек уулу Бакыт | Жаштар уюмунун мучөсу |
| Абдыкадыров Адилет | Айыл өкмөттүн инвестиция боюнча адиси |
| Курманов Жургалбек | Кенеш айылынын айыл башчысы |
| Исаева Таарынды | Алыш айылынын китепкана башчысы |
| Курманалиева Гулум | Айыл окмотунун салык адиси |
| Абдыжапарова Айнура | Музей башчысы |
| Урбаева Сыягуль | Аялдар кеңешинин төрайымы |
| Исаков Акылбек | Доболу айылдык кенешинин депутаты |
4. Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы
Башында эле Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун Критерийлери аныкталган:
Кызмат көрсөтүү ЖОБ органдарынын компетенциясында болууга тийиш
СЭӨП – артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү тандап алуунун негизи
Андан кийин фокус топтун катышуучуларын Дөбөлү Айылдык аймагынын 2018-жылга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына (СЭӨП) кирген иш-чаралар менен тааныштырышты. Ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун ишинин алкагында өткөрүлгөн 2018-жылдын 15-октябрында ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары тартууланды.
Фокус топтун катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуунун жыйынтыктары Долбоордун консультанттары сунуштаган критерийлерге канчалык шайкеш келгенин баалоо сунушталды. Андан кийин фокус топтун катышуучулары Стратегияга кошуу үчүн потенциалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандашты. Алар буга чейин 2018-жылга бекитилген СЭӨПнын иш-чаралар тизмегине киришкен.
5. Стратегияга кошулган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги
Стратегияга кошуу үчүн тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн соңку тизмеги төмөнкүдөй болду (алган добуштардын саны көрсөтүлүп, артыкчылыктуулугуна жараша бөлүштүрүлдү):
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Стратегияга кошуу үчүн негиздеме (Көйгөйдүн туюндурулушу) | Көйгөйдүн пайда болуу себептери (Эмненин натыйжасында?) |
1. | Таза суу менен камсыздоо | Кызмат көрсөтүү толук көлөмдө жана ойдогудай сапатта жеткирилбейт.
Кенеш айылындагы насос жакшы иштебейт, кубаттулугу аз.
Алыш айылында кышкы мезгилде суунун башы тонуп суу токтоп калууда. | Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча башкаруу системасы начар. Суу менен жабдуу тарамы өнүккөн эмес Суу насосторунун кубаттулуктары жетишсиз. Сууну тазалоо үчүн химиялык заттар жетишсиз. |
2. | Сугат суу менен камсыздоо | Кызмат көрсөтүү толук ишке ашпайт. Суу жетишсиз болгондуктан бул түшүмдүн мол болушуна тескери таасирин тийгизүүдө. Сугат суунун жетишсиздиги эн негизги койгой. Дыйкан жана фермердик чарбаларынын талаа иштерине суунун жетишсиздиги курч маселе болуп келе жатат. | Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча башкаруу системасы начар.
Арыктар тазаланбайт.
Сугат суунун жетишсиздиги |
3. | КТК жыйноону, чыгарууну, жок кылууну уюштуруу
| Акыркы мезгилде таштандылар менен мамиле жасоо жаатында өтө көптөгөн көйгөйлөр келип чыгууда. Айыл аймакта таштандыларды чыгаруу кызматынын жоктугунан айыл арасында санитардык абал шартка жооп бербейт.
| Таштандыларды чыгаруу ишканасы уюшулган эмес. Жергиликтүү калктын айлана-чөйрөгө болгон кайдыгер мамилеси жана түшүндүрүү иштери боюнча маалыматтар жетишсиз; Таштанды чыгаруу боюнча техниканын жетишсиздиги. Таштанды төгүүгү жайдын туура эмес жерге жайгашып калышы. |
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы
№1 кызмат көрсөтүү боюнча стандарттар: Ичүүчү суу менен камсыздоо
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
| Жеткиликтүүлүк | Ар бир үй кожолугуна суу өткөрүүчү тарамды жеткирүү мүмкүнчүлүгү Ар бир абонентке суу эсептегичтерди сөзсүз түрдө орнотулушу. |
| Ыңгайлуулук | Суу түтүктөрүнүн иштеп турушу Эгерде колонка иштебей калса, аны бир күндүн ичинде оңдоп чыгуу |
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | Суу органолептикалык көрсөткүчтөргө шайкеш келет – тунук, жыты жок, даамы жагымдуу Пайдалуу минералдардык заттардын болушу Зыяндуу химиялык заттар такыр жок Оору пайда кылуучу бактериялар жана вирустар дээрлик жок Ичүүчү суунун сапаты коопсуздук нормативдерине шайкеш келгенин текшерип туруу Ичүүчү суунун дезинфекциядан өткөрүлүшү Сертификациялаган материалдарды жана реагенттерди колдонуу Булактын тегерек-четин булгануудан коргоо |
| Ишке ашырылган убактысы | Ичүүчү суу үзгүлтүксүз берилип турат |
№1 кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы: Таза суу менен камсыздоо
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
Максаты: Дөбөлү айылдык аймагынын тургундарынын ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Таза сууга жеткен үй/кожолуктардын саны | ||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу формасы жана ыкмасы тандалып алынды | ||||
1.1. | ИСКАКБ ишин уюштуруунун негиздери жана кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө боюнча тренингди өткөрүү | Катышуучулардын тизмеси Таратып берме материалдар | Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты
| Март 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы |
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): ТТ жана БАП иштелип чыкты | ||||
2.1. | Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө методикасы жана тартиби боюнча тренингди өткөрүү | Катышуучулардын тизмеси Таратып берме материалдар | Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты
| Март 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы |
2.2. | Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө методикасы жана тартиби иштелип чыкты | Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө методикасынын долбоору жана тартиби иштелип чыкты | Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты
| Март 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы |
2.3. | Кызмат көрсөтүүнү эсептөөнүн методикасын жана тартибин бекитүү | Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө усулун жана тартибин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин токтому | Жумушчу комиссия Айылдык кеңештин профилдик комитети Айылдык кеңеш Айыл өкмөт аппараты | Апрель 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы Айылдык кеңештин төрагасы Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы |
2.4. | Ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсүнө тарифтер долбоорун иштеп чыгуу | Ичүүчү суу менен жабдуу тарифтеринин долбоорун иштелип чыкты | Айыл өкмөт аппараты ИСКАКБ | Май 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы ИСКАКБ Төрагасы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы |
№3 тапшырма – кыска мөөнөттүү: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылат - Баасы (тарифтер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макулдашылган - Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитти - Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды. | ||||
3.1. | Кызмат көрсөтүүнүн баасын жергиликтүү жамаат менен талкуулоо, макулдашуу жана ресурс менен толуктоо | Фокус топтордун, коомдук угуулардын протоколу | Жергиликтүү жамаат Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөт аппараты
| Май 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы Айылдык кеңештин төрагасы Айыл башчы |
3.2. | Тарифтерди КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макудашуу | КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин корутундусу | Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик | Июнь 2019 жыл | КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин аймактык башкаруу жетекчиси Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы |
3.3. | Кызмат көрсөтүүнүн тарифин айылдык кеңеш менен бекитүү | Тарифти бекитүү тууралу айылдык кеңештин токтому | Айылдык кеңештин профилдик комитети Айылдык кеңеш Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты | Июнь 2019 жыл | Айылдык кеңештин төрагасы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы |
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнүн туруктуулугун камсыздоо жана келишимдик мамилелер | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор):
| ||||
4.1. | ИСКАКБны туруктуу башкаруу жана келишимдик мамилелер боюнча тренингди өткөрүү | Катышуучулардын тизмеси Таратып берме материалдар | Айыл өкмөт аппараты
|
| Жумушчу комиссиянын төрагасы |
4.2. | Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүлөр ортосунда тейлөө келишимин даярдоо, түзүү | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүү тууралуу тейлөө келишими | Айыл өкмөт аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Июнь 2019 жыл | Айыл өкмөт башчы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
4.2. | Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү, чарба жүргүзүү) | Муниципалдык мүлктү колдонууга келишим (ижара, чарба жүргүзүү) | Айыл өкмөт аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Июнь 2019 жыл | Айыл өкмөт башчы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
4.3. | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен абоненттер ортосунда келишимди иштеп чыгуу, абоненттик келишимди түзүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүү тууралуу абоненттик келишим | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Айыл өкмөт аппараты Абоненттер | Июль 2019 жыл | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Абоненттер |
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
5.1. | Мониторинг жана баалоо боюнча тренингди өткөрүү | Катышуучулардын тизмеси Таратып берме материалдар | Айыл өкмөт аппараты | Июль 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы |
5.2. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | Айылдык кеңештин токтому | Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөт аппараты
| Июль 2019 жыл | Жумушчу комиссиянын төрагасы Айылдык кеңештин төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
5.3. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты | Август 2019 | Айыл өкмөт башчы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы |
5.4. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету | БМжБТ | Август 2019 | БМжБТ төрагасы
|
№2 кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттар: Сугат суу менен камсыздоону уюштуруу
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
| Жеткиликтүүлүк | Суу бардык жерге текши жетет |
| Ыңгайлуулук | Суу көп өлчөмдө агып келет |
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | Айдоо жерлер тегиз болот |
| Ишке ашырылган убактысы | узгултуксуз |
№ 2 кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттер планы: Сугат суунун сапатын жакшыртуу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
№1 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Сугат суунун сапатын жакшыртуу | |||||
Максаты: Сугат суу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Сугат сууларынын узгултуксуз агышы Сугат сууларынын көп өлчөмдө агышы Тушумдун мол болушу | ||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) Жарандардын – кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн пикирин эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн даярдалган стандарттарынын болушу. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары айыл өкмөт башчысынын буйругу менен бекитилди. | ||||
1.1 | Сугат суу кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарынын жумушчу вариантын иштеп чыгуу | - Кызмат көрсөтүүгө шайкеш келген критерийлердин алкагында стандарттардын долбоорунун болушу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | Март 2019 жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын тактоо жана аныктоо боюнча фокус топторду, айылдык чогулуштарды жана сурамжылоолорду жүргүзүү | - Чогулуштардын протоколдорунун болгону; - Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымал керектөөчүлөрү толтурган анкеталардын иштетилген жыйынтыктарынын болгону | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл Март 1-2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
1.3 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымалдуу керектөөчүлөрүнүн пикирлерин эсепке алуу менен стандарттарды толугу менен иштеп чыгуу. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын Айыл өкмөттүн буйругу менен бекитүү. | - Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары; - Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө Айыл өкмөттүн буйругу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл Март 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) Сугат суу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруунун эффективдүү ыкмасы жана формасы тандалып алынды; | ||||
2.1 | Кызмат көрсөтүү кимдин ыйгарым укугу болгонун аныктап алуу | - Кызмат көрсөтүүнүн тиби аныкталат | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
2.2 | Кызмат көрсөтүүнүн тибине жараша аны уюштуруу ыкмасын тандап алуу | - Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун бадык мүмкүн болгон ыкмалары | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
2.3 | Кызмат көрсөтүү коммуналдык катары тандалган учурда АӨ кызыкчылыктарына жооп берген, алгылыктуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасын тандап алуу | Төм. ичинен ыкма тандалып алынат: Муниципалдык ишканага аутсорсинг Жеке адамга/компанияга аутсорсинг СПА | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
2.4 | Тандалган ыкмага жараша кадам-кадамы менен иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу | - Тандалып алынган ыкма боюнча ырааттуу иш-аракеттердин болгону | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 1-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелинди: коммуналдык типте богон учурда – рентабелдүүлүктү эсепке алуу менен; коомдук типте болгон учурда өздүк наркын эсепке алуу менен | ||||
3.1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын эсептоо | - Бир абонентке кызмат көрсөтүүнүн баасы;
| Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы |
3.2 | Кызмат көрсөтүүнүн баасына жараша жашоочулардын санына же үй кожолуктардын санына жараша тарифти эсептөө тууралуу чечимди кабыл алуу | - Тарифти чегерүүнүн формасы тууралуу чечим; - Кызмат көрсөтүүгө жеңилдик алгандар тууралуу чечим кабыл алуу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы |
№4 тапшырма: кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана аны ресурс менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы жергиликтүү жамаат менен макулдашылды жана аны АК бекитти; Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | ||||
4.1 | Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу боюнча коомдук угууларды, фокус топторду, сурамжылоолорду жүргүзүү | - Чогулуштардын протоколдору; - Кабыл алынган чечимдер; - Анкеталар жана фокус топтор боюнча жыйынтыктар | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 3-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы |
4.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо булактарын аныктоо, тактоо жана макулдашуу | - Чогулуштардын протоколдору; - Кабыл алынган чечимдер;
| Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 3-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы |
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
5.1 | Конкурсту өткөрүү тууралуу жобону даярдоо жана бекитүү | - Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтому; Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча жобо | - Жергиликтүү кеңеш; Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 4-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айылдык кеңештин төрагасы; - Айыл өкмөттүн аппаратынын профилдик адиси |
5.2 | Конкурстук комиссияны түзүү | Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 4-аптасы | - Айыл өкмөттүн башчысы; - Жооптуу катчы |
5.3 | Жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын протоколу | - Конкурстук комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл май 1-2-аптасы | - Конкурстук комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
5.4 | Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү ортосунда тейлөө келишимин иштеп чыгуу, аны түзүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тууралуу тейлөө келишими | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | 2019 жыл май 3-аптасы | - Айыл өкмөттүн башчысы; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен өткөрүлүп турат; Мониторингдин жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат | ||||
6.1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | Жергиликтүү кеңештин токтому | - Айылдык кенеш; Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл июнь 1-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айылдык кеңештин төрагасы; - Айыл өкмөттүн аппаратынын профилдик адиси |
6.2 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл июнь 1-аптасы | - Айыл өкмөт башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; |
6.3 | Кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү планын даярдоо | - Жумушчу комиссиянын бекитилген мониторинг планы | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл июнь 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
6.4 | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету | - БМжБТ | Бекитилген мониторинг планына ылайык туруктуу негизде | - БМжБТ төрагасы
|
№ 3 кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттар: КТК жыйноону, чыгарууну, жок кылууну уюштуруу
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
| Жеткиликтүүлүк | Баардык кожолуктардыкын алып кетуу |
| Ыңгайлуулук | Кожулуктардын жанынан өзулөру жуктөп кетуу |
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | Таза жана ордун тазалап кетуу |
| Ишке ашырылган убактысы | Жумасына бир жолу |
№3 кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттер планы: КТК жыйноону, чыгарууну, жок кылууну уюштуруу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
№1 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: КТК чыгаруу | |||||
Максаты: Дөбөлу ААнын чегинде КТК чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Аймактын экологиялык абалы оңолот; Калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет (Оорулардын саны 60% кыскарды); Аймактын эстетикалык абалы оңолду | ||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) Жарандардын – кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн пикирин эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн даярдалган стандарттарынын болушу. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары АӨ башчысынын буйругу менен бекитилди. | ||||
1.1 | КТК чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарынын жумушчу вариантын иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүүгө шайкеш келген критерийлердин алкагында стандарттардын долбоорунун болушу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл март | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын тактоо жана аныктоо боюнча фокус топторду, айылдык чогулуштарды жана сурамжылоолорду жүргүзүү | - Чогулуштардын протоколдорунун болгону; - Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымал керектөөчүлөрү толтурган анкеталардын иштетилген жыйынтыктарынын болгону | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл март 1-2аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
1.3 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымалдуу керектөөчүлөрүнүн пикирлерин эсепке алуу менен стандарттарды толугу менен иштеп чыгуу. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын АӨ буйругу менен бекитүү. | - Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары; - Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө АӨ буйругу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл март 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) КТК чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруунун эффективдүү ыкмасы жана формасы тандалып алынды; | ||||
2.1 | Кызмат көрсөтүү кимдин ыйгарым укугу болгонун аныктап алуу | Кызмат көрсөтүүнүн тиби аныкталат | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл март | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
2.2 | Кызмат көрсөтүүнүн тибине жараша аны уюштуруу ыкмасын тандап алуу | Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун бардык мүмкүн болгон ыкмалары | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл март | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
2.3 | Кызмат көрсөтүү коммуналдык катары тандалган учурда АӨ кызыкчылыктарына жооп берген, алгылыктуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасын тандап алуу | Төм. ичинен ыкма тандалып алынат: Муниципалдык ишканага аутсорсинг Жеке адамга/компанияга аутсорсинг КЭУга аутсорсинг | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл март | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
2.4 | Тандалган ыкмага жараша кадам-кадамы менен иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу | - Тандалып алынган ыкма боюнча ырааттуу иш-аракеттердин болгону | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 1-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелинди: коммуналдык типте богон учурда – рентабелдүүлүктү эсепке алуу менен; коомдук типте болгон учурда өздүк наркын эсепке алуу менен | ||||
3.1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын КР Өкмөтүнүн №83 токтомуна ылайык эсептөө, мында амортизациялык чегерүүлөр жана рентабелдүүлүгү эсепке алынат | - Бир абонентке кызмат көрсөтүүнүн баасы; - Бир үй кожолугуна кызмат көрсөтүүнүн баасы | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - АӨ ФЭБ башчысы |
3.2 | Кызмат көрсөтүүнүн баасына жараша жашоочулардын санына же үй кожолуктардын санына жараша тарифти эсептөө тууралуу чечимди кабыл алуу | - Тарифти чегерүүнүн формасы тууралуу чечим; - Кызмат көрсөтүүгө жеңилдик алгандар тууралуу чечим кабыл алуу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - АӨ ФЭБ башчысы |
№4 тапшырма: кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана аны ресурс менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы жергиликтүү жамаат менен макулдашылды жана аны АК бекитти; Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | ||||
4.1 | Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу боюнча коомдук угууларды, фокус топторду, сурамжылоолорду жүргүзүү | - Чогулуштардын протоколдору; - Кабыл алынган чечимдер; - Анкеталар жана фокус топтор боюнча жыйынтыктар | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 3-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - АӨ ФЭБ башчысы |
4.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо булактарын аныктоо, тактоо жана макулдашуу | - Чогулуштардын протоколдору; - Кабыл алынган чечимдер | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 3-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - АӨ ФЭБ башчысы |
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
5.1 | Конкурсту өткөрүү тууралуу жобону даярдоо жана бекитүү | - Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтому; - Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча жобо | - Жергиликтүү кеңеш; Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл апрель 4-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айылдык кеңештин төрагасы; - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
5.2 | Конкурстук комиссияны түзүү | Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл майдын 4-аптасы | - Айыл өкмөт башчысы;
|
5.3 | Жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын протоколу | - Конкурстук комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл августтун 1-2-аптасы | - Конкурстук комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
5.4 | Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү ортосунда тейлөө келишимин иштеп чыгуу, аны түзүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тууралуу тейлөө келишими | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | 2019 жыл августтун 3-аптасы | - Айыл өкмөт башчысы; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
5.5 | Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү, чарба жүргүзүү) | - Муниципалдык мүлктү пайдалануу тууралуу келишим (Ай сайын муниципалдык мүлккө амортизациялык чегерүүлөргө барабар көлөмдө ижара акысын чегерүү менен ижара келишими) | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | 2019 жыл августтун 4-аптасы | - Айыл өкмөт башчысы; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен өткөрүлүп турат; Мониторингдин жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат | ||||
6.1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | Жергиликтүү кеңештин токтому | - Жергиликтүү кенеш; Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл сентябрдын 1-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айылдык кеңештин төрагасы; - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
6.2 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл сентябрдын 1-аптасы | - Айыл өкмөт башчысы
|
6.3 | Кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү планын даярдоо | - Жумушчу комиссиянын бекитилген мониторинг планы | Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты | 2019 жыл сентябрдын 2-аптасы | - Жумушчу комиссиянын төрагасы |
6.4 | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету | - БМжБТ | Бекитилген мониторинг планына ылайык туруктуу негизде | - БМжБТ төрагасы
|
Мониторинг жана баалоо
Стратегия көп деңгээлдүү мониторинг жана баалоо (МжБ) системасын караштырат:
Стратегияны ишке ашырууда иш-аракеттердин ырааттуулугунун сакталуусуна жана жыйынтыктарга жетүүгө Жумушчу комиссия тарабынан мониторинг.
Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткаруу боюнча ЖӨБ органынын (айыл өкмөттүн) атынан тапшырыкчынын мониторинги. МжБ боюнча Айыл өкмөттүн башчысынын иш-аракеттери өз алдынча иштелип чыгат.
Кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун, анын ичинде кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнүн жумушунун сапатына бенефициарлар тарабынан биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү. БМжБ Планын подрядчы кызмат көрсөтүүгө келишимге кол койгондон кийин БМжБТ иштеп чыгат.
Мониторингдин жыйынтыктары боюнча ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнүн айтылган стандарттарга ылайык зарыл сапатта кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрүн текшеришет. Стандарттардан четтеген учурда ЖӨБ органы кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүгө өз милдеттенмесин аткаруусу үчүн чара көрө алат. Эгерде кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынан четтөө болсо, ЖӨБ органы керектөөчү менен макулдашып, стандарттарды өзгөртүү жана аларды ЖӨБ органы менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келтирүү тууралуу чечим кабыл алат.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугуна таасирин тийгизген факторлор.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын андан ары да ишке ашыруу баскычтарында анын туруктуулугунун/туруксуздугунун тышкы факторлорунун төмөнкүдөй классификацияларын пайдаланууга болот.
Ченемдик укуктук факторлор. Кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасы жана бул процесстер узак мөөнөттүн ичинде өз функцияларын аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөр болгон учурда Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын туруктуулугу камсыздоого болот. Бул жерде элге кызмат көрсөтүүлөр жаатында так мыйзамдар жана мыйзамдык ченемдик укуктук актылар талап кылынат. Кызмат көрсөтүүлөр жана алардын параметрлери жөнүндө мыйзамдарды жаңылоого зарылчылык коомдо ушундай муктаждык пайда болгон учурда чыгат.
Технологиялык факторлор. Технологиялык туруктуулукка программалык платформаларды жана программалык өнүмдөрдү колдонуу менен жетсе болот. Алар узак убакыт аралыгында түрдүү жеткирүүчүлөрдүн аппараттык платформалары ортосунда оңой эле орун которо алат. Башка бир факторлор: кызмат көрсөтүүлөр системасында маалыматтарды иштетүү жана өткөрүп берүү каражаттары, маалыматтарды жана колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо каражаттары болушу керек.
Социалдык-маданий факторлор. Мисалы, төмөнкүлөр Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын социалдык-маданий туруктуулугунун факторлору болушу мүмкүн: муниципалитет уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө карата элдин ишеними, колдонуучулардын интерфейстердин ыңгайлуу болушу, акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алымдардын (пошлиналардын) жарандарга жетимдүү болгону, жалпы колдонуучу жерлерде кызмат көрсөтүүлөргө ыңгайлуу жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча жарандар менен бизнестин сунуштарын муниципалитеттин жетекчилиги жана мамлекет кабыл ала билгени.
Финансылык-экономикалык факторлор. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын туруктуулугунун финансылык-экономикалык факторлору бюджетти өз убагында түзүү жана анын жетиштүү болгону менен аныкталат. Бюджет Стратегияны узак мөөнөткө өнүктүрүп, камсыздап тургандай түзүлүшү керек. Бюджеттин системанын муктаждыктарына шайкештиги, кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдонуу ж.б. туруктуулуктун факторлору болуп эсептелинет.
Саясий факторлор. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын андан ары да ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн саясий туруктуулук өтө маанилүү фактор болуп саналат. Саясий туруктуулук муниципалитетти өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул жерде талаштуу маселелер боюнча мунаса табуу үчүн муниципалитеттин жетекчилиги менен жарандык коомдун диалогу өтө маанилүү.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы жыйынтыкка жетүүгө багытталышы керек. Бул жыйынтык ЖӨБ органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн туруктуу системасын түзүүгө жол ачат.
Стратегияны ишке ашыруу үчүн ресурстар
Стратегиянын алкагында иш-чаралар төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен;
- кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жана жеткирүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен;
- донордук уюмдардын гранттарынын эсебинен;
- демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана жеткирүүнүн алкагында ЖӨБ органдарынын ишинин эффективдүүлүгүнө мониторинг жана баалоо жүргүзгөн бүтүн системаны даярдоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул система критерийлердин жана көрсөткүчтөрдүн тең салмактуу топтомуна, ошондой эле жарандык коом институтунун катышуусун караштырган жөнөкөй жол-жоболорго негизделиши керек.
Сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын ишине коомдук мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жол-жоболору жергиликтүү ченемдик укуктук актыларда бекитилет жана мындай иштерди аткарууда жергиликтүү жарандык коом институттарынын дарамети жогорулайт.
- Кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы негизги көйгөйлөр
- жарандарга кызмат көрсөткөн ЖӨБО ички регламенттерди жетекчиликке алышат, бул регламенттер коомдун талаптарына жана улам барган сайын көбөйүп жаткан муктаждыктарына жооп бербейт, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана эффективдүүлүгүн эсепке албаган нормативдерге негизделген. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана аларды кабыл алуунун жол-жоболору жок;
- Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана бул процессти талкуулоого жарандык коомду тартуунун механизми жетиштүү иштелип чыккан эмес/оптималдуу эмес. Мындан улам кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууга карата жарандык коомдун катышуусу солгун;
Жогоруда аталган көйгөйлөр өз убагында чечилбесе, түрдүү тобокелдиктер жана коркунучтар пайда болушу ыктымал (экономикалык, социалдык, башкаруучулук, уюштуруучулук ж.б.). Бул коркунучтар тийиштүү алдын алуучу чараларды иштеп чыгууну талап кылууда.
Стратегияда белгиленген чараларды ишке ашырып жатканда тобокелдиктерди жана коркунучтарды өз убагында аныктоого, зарыл болгон чараларды өз убагында көрүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы көмөктөшөт.
- Күтүлгөн жыйынтыктар
Стратегиянын алкагында белгиленген иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу ЖӨБ органдарын жаңы сапаттуу деңгээлге алып чыгат. Бул болсо төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- ЖӨБ жоопкерчиликтүү болот;
- жергиликтүү жамааттын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу жана туруктуу кызмат көрсөтүүлөр;
- жарандар жергиликтүү жамааттардын иштерине реалдуу катышат;
- кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу болгон макулдашууларга жетише алышат, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун эрежелери түшүнүктүү болот, туруктуулук үчүн пайдубал түптөлөт.
Туруктуулук үчүн сунуштамалар:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү иштелип чыккан стандарттарга ылайык жеткирүү зарыл, бул стандарттар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын чагылдырып турат. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу бир тараптуу тартипте эмес, жарандык коомду тартуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш;
2. Кызмат көрсөтүүлөр жаатында ЖӨБО жарандык коом институттары менен кызматташууга тийиш. Бул болсо жарандык коомду процесске жигердүү тартууга көмөктөшөт;
3. Жарандык коомду жигердүү тартуу менен айыл өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы усулдары иштелип чыгып, колдонулушу керек;
4. Коомчулук кызмат көрсөтүүлөр жаатында кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарга жете алгыдай механизмдер даярдалып, киргизилиши керек. Муну болсо маалыматтарды электрондук жана басма каражаттарында жарыялоо жолу менен ишке ашырса болот;
6. Кызыкчылыктары боюнча бириккен топтор жана эксперттер пикир алыша турган көз карандысыз аянтча түзүлүшү керек. Бул болсо кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу жаатында өз позициясын билдирүү үчүн кызыкдар жактарга шарттарды түзүп берет;
7. Калкка кызмат көрсөткөндөр жана бул жааттагы маселелерди чечүү жолдорун сунуштаган, иш-чаралар планын даярдай турган бейөкмөт уюмдар менен мындан дагы тыкыс байланышты түзүүгө көмөктөшүү;
8. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүү жаатында биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун ишинин жыйынтыктары боюнча коомдук угууларды өткөрүү;
9. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын мындан ары ишке ашырууда натыйжалуу кадамдардын бири – талап кылынган билимге ээ болгон, практикалык тажрыйбасы бар эксперттерди, консультанттарды, бейөкмөт уюмдарды, консалтингдик компанияларды тартуу. Тыштан тартылган эксперттер тигил же бул инновациялык тапшырмаларды аткаруу боюнча жеке программаны даярдай алышат, ошондой эле компаниянын кызматкерлерине зарыл болгон маалыматтарды бере алышат. Бул эң эле рационалдуу чечим болууда. Бир жагынан тажрыйбасы жана билими бар консультанттар алдыга коюлган максаттарга жетип, стратегияны даярдап, чыгашаларды эсептеп чыгуунун эң ыкчам ыкмасын табууга жөндөмдүү. Аны менен катар зарыл болгон учурда иштеп жаткан персоналды окутууга да аз убакыт кетет жана кызматкерлердин өз милдеттенмелерин аткаруу сапатына да чоң таасирин тийгизет.
Тышкы консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон муктаждык түрдүү себептер менен шартталган. Мисалы, жергиликтүү деңгээлде ички ресурстар жок, убакыт тартыш (ал эми консультант даяр чечимдерди сунуштай алат), экономикалык жактан максатка ылайыктуу эмес (адисти же бир чоң кызматты айлык төлөп кармаганга караганда тыштан консультант жалдаганга азыраак убакыт кетет), айрым маселелер купуя болот.
Корутунду
Сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун туруктуулугунун/туруксуздугунун факторлорун изилдеп чыккан соң үзгүлтүксүз анализ жасап, андан сабак алуу өтө маанилүү. Бул ЖӨБ органынын ишин жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, жарандардын ЖӨБО ишине көбүрөөк канааттануусу үчүн зарыл. Ошондой эле элге маалыматтын көп жакшы жетпей жатканы, башкаруу органдарында ачык-айкындуулуктун деңгээлинин төмөндүгү негизги көйгөйлөр экенин эсепке алуу менен, кызмат көрсөтүүлөр тууралуу элдин маалымдуулугун жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ачык-айкындуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды каржылоо жолдорун үзгүлтүксүз караштырып туруу зарыл.