Загрузка документа…
Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 13-январындагы №22/7 токтомуна ылайык
КУЧУН ЖОГОТТУ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 13-марты №17/15
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тазалык жыйымынын тарифин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ж.Айдралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тазалык жыйымы жашап турган ар бир жанга 10 (он) сомдон бекитилсин.
2. Тазалык жыйымын өз убагында чогултуу айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адистери Ж.Айдралиевге жана К.Орозалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Садыкбеков |