Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2020-жылдын 13-январы №22/7
Чет-Нура айыл өкмөтүндө катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу, Чет-Нура айылдык кеӊешинин кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү жеке ишкерлерге конкурстук негизде уюштурулсун.
2. Чет-Нура айылдык Кенешинин 13-март 2019-жылдагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тазалык жыйымынын тарифин бекитүү жөнүндөгү №17/15 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т.Сыдыкбеков |