Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №1
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылда жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Камчыбек уулу Нурсултандын отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылда жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Камчыбек уулу Нурсултандын отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-б өлүгүнүн 3,5- бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Камчыбек уулу Нурсултандын 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
(Отчету тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылдын
11-июнундагы V чакырылыш
№XXV сессиясынын №XXV-1 токтомуна
№1 тиркеме:
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы
муниципалдык менчик департаментинин 2018-жыл
ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаар
мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик
департаментинин директорунун милдетин аткаруучу
Камчыбек уулу Нурсултандын отчету жөнүндө
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу төрага А.Мадумарович!
Урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары!
Муниципалдык менчик департаменттин 2018-жылда аткарган иштери ж өнүнд ө маалымат берип өт өйүн.
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде 9 кызматкер эмгектенет. Штаттык бирдикте 9 кызматкер каралган. Жогорудагы кызматкерлердин кызмат көрсөтүүсүнө жыл ичинде чегерилген эмгек акысынын жалпы көлөмү 1,530 000 сом, кызматкерлерге төлөнүп берилген эмгек акы 1,320 954 жана социалдык төлөм үчүн 230600 сом бөлүнсө анын ичинен социалдык казынага төлөнгөн сумма 217,089 сомду түзгөн.
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2018-жыл ичинде 60-токтом даярдалып, алар Ноокат шаардык мэриясы тарабынан бекитилген. Алардын ичинен жарандардын турак-жайларына пайдаланууга бекитилип берилген жер аянттарынын ичинен, курулган обьектилерге пайдалануу багытын өзгөртүү, турак жай үчүн курулушун кайра курууга токтомдор чыгарылып берилди.
Муниципалдык менчик департаментине жыл ичинде бүгүнкү күнгө чейин ар кандай мазмундагы 86 арыз келип түшүп, каттого алынган. Ал арыздар негизинен шаардын аймагындагы тургундардын, шаарда жайгашкан соода базарынын соодагерлеринин, райондук администрациясына жана башка органдарга келип түшкөн арыздар.
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин финансы каражаттары боюнча.
Муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылга карата бекитилген киреше болугу.
Акы төлөнүүчү авто токтомдор (автопарковкалар) жыл башында пландаштырылганы 600 000 сом. Башкача айтканда 969 300 сом өндүрүлдү 161,6 % өндүрүлүп алынды.
2018-жылы жерлерди ижарага берүү боюнча 11 келишим түзүлүп ал эми мурда түзүлгөн келишимдер боюнча 2018-жылга акы төлөөгө жарактуу ижара келишимдердин жалпы саны 24 келишимди түзгөн. Анын ижара акысы 250 000 сом, анын ичинен жыл ичинде өндүрүлгөнү 429 900 сом. Негизинен Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин киреше бөлүгү толугу менен өндүрүлуп алынган.
Муниципалдык менчик департаментинин бюджетинин чыгаша бөлүгү.
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан, шаарыбыздын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүү максатында, бидиктүү мамлекеттик сатып алуулар порталына жалпысынан 24 жарыяланган, (тендер өткөрүлдү).
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга жарыяланган тендерлердин жалпы суммасы 9 871 822 сом. Өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр тарабынан сунушталып кабыл алынган сатып алуулардын суммасы 9 159 436 сом болуп, Ноокат шаарынын жергиликтүү бюджетине 712 386 сом үнөмдөлгөн.
Аткарылган иштер боюнча.
1. Ноокат шаардык мэриясынын имаратын, 4 мектеп, 4 бала бакча техникалык лабораториядан өткөрүү үчүн 90 500 сом керектелди.
2. Ноокат шаарындагы дарактарды бутоо жана Толонов атындагы көчөсүнүн аркыктарын казууга 150 010 сом керектелди.
3. Кара-Турпак кварталындагы Кара-Турпак көчөсүнүн калган бөлүгүн асфальттөө иштери 209 770 сомго болду.
4. Ноокат шаарындагы Ош көчөсүнүн 115 метр узундугуна күн чыгыш тарабына темирден тосмо жасатып, орнотуу иштерине 222 863 сом жумшалды.
5. Ноокат шаарынын борборуна орнотулган бийиктиги 30 метр болгон желектин ПСД ти 80 000 сомго даярдалды.
6. Ноокат шаарына аймагына жол белгилерин жасатып орнотуу үчүн 68 000 сом сарпталды.
7. Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан энелердин эстелиги эскилиги жеткендигине байланыштуу реставрациялоо иштерине 49 000 сом коротулду.
8. Кара-Турпак кварталындагы Жамий көчөсүндөгү көпүрөнү сел алып кетип жараксыз абалга келген. Ошол себептен аталаган көпүрөгө ПМ-7 маркасындагы көпүрө плиталары 240 000 сомго сатып алынды.
9. Барын кварталындагы суу скважинасын оңдоп түзөөгө жана ЭЦВ 8-100 маркасындагы насосун сатып алып орнотууга 60 705 сом керектелди.
10. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги борбордук айлампанын күн чыгыш тарабына Ноокат районунун 90 жылдык маарекесине карата 716 900 сомго жасатылып, орнотулду.
11. Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан Лениндин айкелин анын айланасын оңдоп түзөө иштерине, кыргыздын улуттук оюну болгон улак тартышты айгеленеген улак тартыш оюнунун эстелигин жасатууга жана улуу жазуучубуз болгон Ч.Айтматовтун 90 жылдык маарекесине карата жазуучубуздун элесин айкел кылып жасатуу иштерине 702 847,88 сом сарпталды.
12. Шаар тургундардын жана коноктордун кооптулугун алдын алуу максатында автоунаа тыгындарын болтурбоону эске алып, Ленин атындагы көчөсүнүн эки тарабына темирден тосмо жасатып орнотуу жана тротуарын оңдоп түзөө иштери бүтүү арапасында турат.
13. Кара-Турпак кварталындагы ФАПтын ПСДна 79 000 сом жумшалды.
14. Кара-Турпак кварталындагы бүгүнкү күндө куруу иштери кызуу жүрүп жаткан ФАП тын фундаментине, ар түрдүү жумуштарына, плиталарын сатып алып орнотуу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 420 957 сом ажыратылып жумуштары аткарылды. Эске сала кетсек аталган ФАП тын калган куруу иштери сырткы инвесторлордун эсебинен болуп жаткандыгын малымдайм.
15. Бостон кварталына узундугу 500 метр диаметри ф-90 болгон суу түтүкчөсү 218 900 сомго сатып алынды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегине, Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан Лениндин айкелин анын айланасын оңдоп түзөө иштерине технадзордук кызматы үчүн 15 000 сом коротулду.
16. Ленин атындагы көчөсүнүн эки тарабына темирден тосмо жасатып орнотуу жана тротуарын оңдоп түзөө иштеринин сметасы жасатууга 10 000 сом жумшалды.
17. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы ММДнин кызматкерлеринин керектелүүчү канцелярия, комьпютердик оңдоп түзөөлөрүнө, кенсе буюмдарды сатып алууга 59 674 сом керектелди.
17. ММДне бир комлект компьютер жана ноутбук 49 000 сомго сатып алынды.
18. Ноокат шаарынын генералдык планын жасатуу үчүн Республикалык бюджеттин эсебинен 4 998 412,65 сом жумшалып, бүгүнкү күндө бир топ алгылыктуу иштер алынып барылууда.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Директор милдетин аткаруучу: | Н.Камчыбек уулу |