Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №2
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат суу канал”-муниципалдыкишканасынынжетекчисиЗ.Камаловдун2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
(Отчету тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылдын
11-июнундагы V чакырылыш
№XXV сессиясынын №XXV-2 токтомуна
№1 тиркеме:
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы «Ноокат Суу-канал» Муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Урматтуу депутаттар !
Урматтуу төрага !
«Ноокат Суу-канал» Муниципалдык ишканасы Ноокат шаарын Таза-суу менен камсыз кылат (Барын участкасынын тышкары)
Азыркы күндө шаардын биздин ишкана тейлеген аймагында суу менен камсыз болгон төмөндөгүдөй:
Таштак кварталында суу тутумдарын узундугу 9,9 км, көчөдөгү суу колонкалардын саны-17 даана. /й-короонун саны-803 короосунун ичинде, суусу бар үйдүн саны-579. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдында колонкалар бар квартал Кыргыз Респбликасынын Санитардык норма жана эрежелерине ылайык толугу менен 100% суу менен камсыз болгон.
Бостон кварталы суу тутумдарын узундугу 9,5 км көчөдөгү суу колонкалардын саны-12 даана, үй-короонун саны-573, короосунун ичинде суусу бар үйдүн саны-311, жалпысынан квартал боюнча 514 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болгон квартал Кыргыз Республикасынын Санитардык норма жана эрежелерине ылайык толугу менен 89,7% суу менен камсыз болгон. Азыркы күндө Бостон кварталдын Жаштык, Т.Умиров жанаМ.Абдуллаев көчөлөрүндө ичүүчү суу нормаларга ылайык камсыз болгон эмес.
Кара-Турпак кварталы суу тутумдарын узундугу 7,6 км көчөдөгү суу колонкалардын саны-12 даана, үй-короонун саны-568 короосунун ичинде суусу бар үйдүн саны-291.
Жалпысынан квартал боюнча 498 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болгон квартал Кыргыз Респбликасынын Санитардык норма жана эрежелерине ылайык толугу менен 87,7 % суу менен камсыз болгон. Азыркы күндө аталган кварталдын Крупская, Х.Холбаев жана Т.Кадырбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө суу жок.
Барын кварталын биздин ишкана тейлебейт, ошондуктан квартал боюнча маалымат жок.
Ошондой эле биздин ишкана шаардын коңушулаш айыл өкмөттөрдүн дагы шаарга чегаралаш калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылат, алар төмөнкүлөр:
Гулистан айылдык аймагынын (Коен-талаа, Вахим, Бостон) участкалырын; Мирмахмудов айылдык аймагын (Абдувахидов, Жумабай-Палван, Каратаев-1, Аскаров, Мамадиев, Горький, Гафур-Гулам көчөлөрүн),
Караташ айыл аймагынын Акбар-Каары, С.Калбеков жана М.Эргешов атындагы көчөлөрүн таза-суу менен камсыз кылат.
2018 жыл ичинде калкты үзгүлтүксүз жана санитардык нормаларга ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн (ичүү сууну залалдансыздандыруу, суу магестралдарыны жана сууну бөлүштүрүү тутумдарды оңдоп түзөө жумуштарына) жалпысы болуп 911 257 сом каражат сарпталган. Мамлекеттик жана жеке партнердук усулун пайдаланып Ноокат шаарынын Камарова көчөсүндө узундугу 220 метр жаңы суу түтүктөр курулду жана аталган көчөнүн бардык тургундары жалпысы болуп 36 кожолук ичүүчү системасына уланууга шарт түзүлдү.
Ошондой эле сууну үнөмдөө жана системада тиешелүү басымды камсыздоо үчүн 2018-жылда 79 короого суу эсептегич абоненттердин эсебинен орнотулган. Натыйжада Ноокат шаарынын А.Лутфуллаев жана Таштак көчөлөрүндө жана Гулистан айыл өкмөтүнүн Атаназар-Кары көчөсүндө суткасына 6 сааттын ордуна 12 саат суу чыгып жатат.
Биздин ишкананын эң көйгөйлүү маселелери бул суу топтоочу курулмарынын коопсуздугу. Себеби стратегиялык маанидеги обьектилерди атайын күзөт кызматы тарабынан кайтарылыш керек, бирок ал кызмат кымбат болгондуктан (ар бир точкага 2 адам тургузулуп, ар бири үчүн 18 000 сом төлөнүш керек экен.
Биздин ишканада 5 (беш) обьект бар, ошондо 2 кишиге 36000 (отуз алты миң) сомду 5 (бешке) көбөйтсөк 180 000 (бир жүз сексен миң) сом бир айына төлөнүш керек. Бир жылд болсо 2 160 000 (эки миллион бир жүз алтымыш миң) сом болот. Андай каражат биздин ишканада жок. 2018-жылда эки коргоо зонасына камераларды орноттук. Жана 2019-жылга дагы бир коргоо зонасына камера орнотобуз. Азырынча коргоо зоналарын ишкананын күзөтчүлөрө гана кооруп жатат.
«Ноокат Суу-канал» ишканасы жергиликтүү бюджеттен каржыланбайт жана толугу менен өзүнү өзү камсыз кылган ишкана.
Ишкананын 2018-жылга киреше булактарын төмөндөгү категориядагы абоненттер түзөт. (пайыздык көрсөткүчтөр)
Калк-56 %
Бюджеттик мекемелер-21%
Комерциялык ишканалар-22%
Башка кошумча кирешелер (техникалык шарттарды даярдо, борбордук суу түтүктөрүнө улануу)-1%
Суммалык көрсөтучтөр:
Жалпы кирешелер-4 992 371 сом.
Анын ичинен :
Калк-2 894 140 сом.
Бюджеттик мекемелер-974 962 сом.
Комерциялык ишканалар-1 038 472 сом.
Башка кошумча кирешелер -84 797 сом.
Жалпы чыгашалар-4 760 569 сом.
Анын ичинен:
Эмгек акы -2 451 159 сом.
Социалдык камсыздоого чегерүүлөр-422 825сом.
Ремонттук фонд-582 803 сом.
Анын ичинен (хлор)-94 500 сом.
Электро энергия-48 838 сом.
Ууна чыгымдары-137 090сом.
Башка тараптардын кызматтары (келишимдер боюнча)-142 526 сом.
Жалпы жана административдик чыгымдар-178 708 сом.
Салыктар-145 409 сом.
Амортизация-623 730 сом.
Өндүрүштү өнүктүрүү үчүн пайда-231 802 сом.
Дебитордук карыздар: Жалпысы: 2 599 319 сом (анын ичинен):
Калк-2 512 554 сом
Бюджеттик мекемелер-37 597сом
Комерциялык ишканалар-49 168 сом
Кредитордук карыз: Жалпысы: 143 036 анын ичинен:
Салыктан-92 131 сом.
Соц фондтон-50 905 сом.
Тарифтер жөнүндө маалымат
Тарифтер Ноокат Шаардык кеңешинин чечими менен бекитилген.
Ош областык монополияга каршы жөнгө салуу комитети менен макулдашылган.
Суунун баасы 1 куб. метр үчүн салыктарды эске албаганда:
Калкка - 14 сом 00 тн.
Бюджеттик мекемелерге -14 сом 00 тн.
Комерциялык ишканаларга -28 сом 00 тн.
Сууну көчөдөн ташып ичкен абоненттерге 1 айлык төлөм 1 адам үчүн суунун баасы-16 сом-13тн.
Короосунун ичинде суусу бар абоненттерге 1айлык төлөм 1 адам үчүн суунун баасы-27сом 63тн.
Суу эсептегичи бар абоненттерге 1 метр куб суунун баасы 11 сом 87 тн.
Директор: | З.Камалов |