Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №4
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,5- бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(Отчету тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеёешинин 2019-жылдын
11-июнундагы V чакырылыш №XXV сессиясынын
№XXV-4 токтомуна №1 тиркеме:
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун отчету.
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бүгүнкү заседаниенин катышуучулары!
2018-жылдарда “Ноокат-Жарыктандыруу” ишканасында аткарылган иштер жөнүндө маалымат.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат -Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы 2017-жылдын 17-февралында официалдуу түрдө өз ишин баштаган. Буга чейин аткарылган иштер боюнча кварталдык жана жылдык отчетторун тапшырып келе жатабыз. Ишкана ачылганына аз эле убакыт болсо да Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат -Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы тарабынан бүгүнкү күндө Ноокат шаарынын аймагында аткарылып жаткан иштери боюнча төмөндөгүчө маалымат беребиз. Кыргыз Республикасынын “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата Ноокат шаардык кеёеши тарабынан акча каралып, Ноокат шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча Ноокат шаарынын Ош көчөсүнө жолдун эки тарабына 2 км ге, 100 ваттык светодиоттук түнкү жарыктар коюлду жалпы суммасы 657 500 сомду түздү. Даталуу күндөргө карата жана Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 90-жылдыгына карата лозунга жана банерлерди жасоо, илүү иштери жүргүзүлдү.
2018-жылга карата борбордук Н.Исанов атындагы сейил багына 52 500 сом акча каражаты жумшалды, 500 метр жерге түнкү чырактар орнотулду. Ошондой эле Ош жана Солтобаев көчөлөрүнө 851 000 сомдук акча каражаты жумшалды, 3,5 км жарык менен камсыз болду. Кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр катышкан жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Ноокат шаарынын Ош жана Партсьезд көчөлөрүнүн кесилишине жана Ноокат шаарына караштуу “У.Салиева” балдар бакчасынын түштүк–чыгыш тарабына, Ноокат шаарына караштуу А.Абдиваитов орто мектебинин түштүк-чыгыш тарабына, Ноокат шаарынын Барын аймагынын А.Абдуллаев орто мектебинин чыгыш тарабына светофорлор орнотулду. 796 000 сомдук акча каражаты жумшалды, ошондой эле М.Эргешов, С.Алимбаев, Ленин көчөлөрүнө жана Барын аймагынын Аэропорт № 1,2,3,4 көчөлөрүнө түнкү жарыктары үчүн 423 800 сомдук акча каражаты жумшалды, 3-км түнкү жарык орнотулду. Ноокат шаарына караштуу А.Төлөнов атындагы көчөсүндөгү жашоочуларынын арызынын негизинде КТП-250 кваттык 387 000 сомдук трансформатор орнотулду. Борбордук маданият үйүнүн чыгыш тарабына жаёы-жылдык балатынын жасалгалоо жана сатып алуу үчүн 249 500 сомдук акча каражаты жумшалды, борбордук айлампанын жана ош көчөсүнө жана Ленин жана Солтобаев көчөлөрүнө (светодиоттук лента арнамент) 123 500 сомдук акча каражаты жумшалды. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө жана Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 90-жылдыгына карата лозунга жана банерлер жасоо, илүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында 179 100 сомдук иштер аткарылды, ошондой эле Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Абдумаликов, А.Төлөнов, Жаштык көчөлөрүндөгү кароосуз калган трансформаторлорго 35 500 сомдук акча каражаты үчүн техникалык шартнамаларын алдык. Келечекте дагы да аткарыла турган көп пландардын үстүндө иштеп жатабыз.
Көёүл бурганыёыздар үчүн рахмат!
Директор: | Эгемберди уулу А. |