Редакцияот 15.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XVIII-СЕССИЯСЫ

 

 2019-жылдын.15-майы №11

Типовой участкасындагы аты жок жаңы көчөгө Ураимов Таштандин атын коюу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Типовой участкасынын тургундарынын 2019-жылдын 06-майында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVIII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Типовой участкасындагы аты жок жаңы көчөгө” Ураимов Таштан”дин аты ыйгарылсын.

2.Бул көчөдөгү үйлөрдүн номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Ураимовдордун үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.

3.Ураимов Таштандин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы:

Шермат уулу Алмаз