Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын.15-майы №12
Жаңы-Арал участкасынын көчөсүнө Жантөрөев Адылбектин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арал участкасынын тургуну Жантөрөев Азизбектин жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Жаңы-Арал участкасындагы аты жок көчөсүнө “Жантөрөев Адылбек”тин аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлордүн номерациялоо, вывескаларды даярдап илдируу жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Жантөрөевдердин үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Жантөрөев Адылбектин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |