ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XVIII- СЕССИЯСЫ
2019-жылдын.15-майы №15
Доскана айылынын жаңы көчөсүнө Якубов Жусупалинин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Доскана айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-апрелында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Доскана айылындагы көчөгө “Якубов Жусупали”нин аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Якубовдордун үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Якубов Жусупалинин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |