Редакцияот 15.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XVIII-СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын.15-майы №17

Айым-Арал айылынын жаңы көчөсүнө Курманжан-Датка атын коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Айым-Арал айылынын тургундарынын жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVIII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык  аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Айым-Арал айылындагы жаңы конушунун көчөсүнө “Курманжан-Датка” аты ыйгарылсын.

2.Бул көчөдөгү уйлордун нумерациялоо, вывескаларды даярдап илдируу жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Айым-Арал айылынын айыл башчысы А.Тойчиевага жүктөтүлсүн.

3.Курманжан-Датка атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы:

Шермат уулу Алмаз