Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №1
Муниципалдык менчик департаментинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчету
Муниципалдык менчик департаментинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик департаментинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту канааттандырарлык деп табылсын. (Отчет тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXIII
сессиясынын 2019-жылдын 3-майындагы
№1 токтомуна тиркеме
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык
менчик департаменти тарабынан 2018-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча МААЛЫМАТ
Муниципалдык менчик департаментинде штат боюнча жалпы – 10 кызматкер эмгектенет: 1 департаменттин башчысы, 1 башкы бухгалтер, 2 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис, 1 оператор-катчы, 1 завхоз, 1 кароолчу, 1 техникалык кызматкер.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2018-жыл ичинде жогорку органдардан жана мекеме уюмдардан 155 кат, жарандар тарабынан 1410 арыздар түшкөн. Алардан 559 арыз турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө 696 арыз ар түрдүү жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар түрдүү маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга өз убагында жазуу түрүндө жооп берилген.
Департаменттин негизги аткаруучу функциясы-муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу болуп саналат.
2018-жылдын жыл ичинде жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалган иш кагаздары (токтом, тийиштүү республикалык, областтык, райондук мекеме-ишканалардын корутундулары, схемалары, карталары ж.б.) жана аткарылышы көзөмөлгө алынган объектилер:
-Мырза-Патча айылына аймактык өзүн өзү башкаруу комитетинин төрагасына жана тескөөчүсүнө кеңсенин имараттары 409775 сомго бүткөрүлгөн.
-Исфана шаарынын аймагына 5 трансформатор орнотулган (Ак-Булак айылы, Восточная көчөсү, Чимген айылы, Пулон участогу жана Беш-Бала айылы);
-Шаардын башкы планынын долбоорлоо документин даярдоо үчүн 65 000 сом;
-Асфальттын сметасын чыгаруу үчүн 192500 сом бөлүнгөн;
-Исфана шаары боюнча сел кесепетинен жабыркаган жолдорду жана соц объектилерди калыбына келтирүү үчүн 1 089 000 сом акча каражаты сарпталган.
-Лейлек-Тазалык муниципалдык ишканасынын соцфондго болгон карызы үчүн ММДнен 1 500 000 сом которулуп берилген.
-Исфана шаарынын Госспецхоз участкасынын чыгыш тарабынан 535-контурунан 13 га жер тилкесин Исфана шаарынын мэриясынын аймагындагы калкты турак-жай салуу үчүн жер муктаждыгын чечүү максатында айыл чарба категориясынан калктуу конуш категориясына (трансформациялоо) которуу үчүн документтер даярдалып, КР Премьер министрине кароого берилген.
Исфана шаарынын башкы планын түзүү боюнча республикалык бюджеттен 5,0 млн сом акча бөлүнүп берилген. Ошол эле берилген акчага тендер өткөрүлүп, 4 950 000 сомго шаардын башкы планы иштелип чыгууда.
Исфана шаар мэриясына талаш-тартыш жерлер боюнча катталган арыздардын негизинде тийиштүү комиссия курамы түзүлүп, жайында барып чечүү боюнча иш аракеттер өз учурунда аткарылууда.
Муниципалдык менчик департаментинде муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн бир жылдык пландын негизинде 405800 сом киреше түшүрүп 150% жана Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке сатуудан 1 954 000 сом киреше түшүп 126% аткарылган, жалпысынан алганда Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетине суммасы 2359000 сомду түзгөн киреше түшкөн .
2017-жылга салыштырмалуу ижарадан 112% ал эми сатуудан 190% айырма болду.
2017-2018-жылдарга жыл ичинде сатуудан түшкөн кирешелер.
2017-жыл | 2018-жыл | ||||
план | аткарылды | % | план | аткарылды | % |
1,550000 млн | 1031100 | 66% | 1 550 000 | 1 954 000 | 126 |
2017-2018-жылдарга ижара боюнча түшкөн кирешелер.
2017-жыл | 2018-жыл | ||||
план | аткарылды | % | план | аткарылды | % |
260 000 | 346800 | 133 | 260 000 | 405 800 | 150 |
Жол куруу, транспорт жана соода тармагы:
2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата түзүлгөн иш чаралардын планында көрсөтүлгөн төмөнкү иш чаралар аткарылды. Алсак:
Жылдын башынан баштап, ар ай сайын Исфана шаарынын борбордук базардын айланасындагы соода түйүндөрү тартипке алынып, базардагы сооданын жүрүшү боюнча көзөмөлгө алуу иштери жүргүзүлдү. Исфана шаарындагы соода түйүндөрүн жана коомдук тамактануучу жерлердин абалын жакшыртуу максатында комиссия мүчөлөрү түзүлүп, бүгүнкү күндө чогу иш алып барылууда.
2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү жылына” карата Исфана шаарындагы айылдардын инфраструктурасын жогорулатуу, жүргүнчүлөр жана автомашиналардын жүрүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү максатында Исфана шаар мэриясынын грейдери менен Кара-Таш, Беш-Бала айылдарындагы 2000 метр жолдору, Голбо айылындагы 3 көчөсүндөгү 2400 метр жана жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасынын жолдору, Самат айылындагы эски мектептин жолдору, Исфана шаарынын Манас көчөсүндөгү 1300 метр жолдору тегизделди.
Исфана шаар мэриясы тарабынан шаардын ички көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча порталга берилип, 242760 (эки жүз кырк эки миң жети жүз алтымыш) сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул акча каражатына 102 даана заманбап жол белгилери сатып алынды. Төмөнкү көчөлөргө:
И.Раззаков көчөсүнө 12 даана
Манас-Ата көчөсүнө 14 даана
А.Азизов көчөсүнө 10 даана
Курулуш көчөсүнө 14 даана
Тоголок Молдо көчөсүнө 4 даана
Э.Эгембердиев көчөсүнө 6 даана
А.Наваи көчөсүнө 4 даана
Кошмуратов көчөсүнө 6 даана
СССРдин 60 жылдыгы көчөсүнө 12 даана
Ак Булак айылына көчөсүнө 3 даана
Туракулбай Ата көчөсүнө 14даана.
Бардыгы болуп 95 даана жол белгилери орнотулду. Ал эми калган жол белгилери Манас-Ата көчөсүнө орнотулат.
Исфана шаарынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын алдындагы автоунаа жолдоруна ылдамдыкты азайтуучу дөңчөлөрдү (лежащий полицейский) орнотуу жана зебра сызыктарын сызуу боюнча 354 000 сомго смета түзүлдү.
Салыштырмалуу, жалпыланган анализ:
к/ № | Аткарылган иштердин аталышы | өлчө -мү | 2017-ж.
| 2018-ж.
| Айырма (+,-) |
1 | Шаардын жана айылдардын ички жолдорун оңдоо, тегиздөө, шагыл төшөө
|
км
|
3 |
2,5 |
-0,5 |
2 | Шаарга караштуу эгин талаа жолдорун оңдоо, тегиздөө
|
км |
5 |
5,3 |
+0,3 |
3 | Шаардын жана айылдардын жолдорун асфальттоо (капиталдык оңдоо) так маалымат
| км | 3 км | 1 км | -2км |
4 | Жол коопсуздугун сактоо үчүн орнотулган жол белгилери
| даа-на | 84 | 102 | +18 |
2018-жыл ичинде жеке ишкерлер жана донорлор тарабынан жаңыдан ачылган ишканалар тууралуу
к/№ |
ишкананын жетекчисинин Ф.А.А. |
ишкананын аталышы |
Дареги | жумуш менен камсыз болгон адам саны
|
1 | Саитов Бахтиёр | чайкана | Исфана | 8 |
2 | Туйчиев З. | ширетүүчү цех | Пулон | 2 |
3 | Холов Ибодулло | авто унаа жуучу жай | А.Азизов | 2 |
4 | Буребеков Акылбек | авто унаа жуучу жана оңдоочу жай | Жаны Конуш | 5 |
5 | Шакиров Туйчибой | ширетүүчү цех | Жаштык | 2 |
6 | Мукумов Абдулхаким | автоунаа жуучу жай | Касым-Ата | 3 |
7 | Туракулов Маматкул | күнөскана | Пилол мурдагы Кырман жай | 2 |
8 | Шодиев Кудайберди | автоунаа жуучу жай | Додосьян | 2 |
9 | Ашимов Бектемир | сетка токуп чыгаруучу жай | мал базар | 2
|
10 | Дастан уулу Талантбек | автоунаа жуучу жана оңдоочу жай | Исфана-Кара-Булак автожолу | 4 |
11 | Жеке ишкерлер тарабынан | Диагностикалык борбор жана балдар бакчалары | Исфана шаарында | 69 |
| Баардыгы |
|
| 101 |
|
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы | Ж.А. Кадыров |