Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №3
Исфана жаштар борборун” түзүү үчүн жаштар борборунун ЖОБОсун бекитүү жөнүндө
“Исфана жаштар борборун” түзүү үчүн жаштар борборунун ЖОБОсун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Исфана жаштар борборун” түзүү үчүн жаштар борборунун ЖОБОсу бекитилсин. (ЖОБО тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXIII
сессиясынын 2019-жылдын 3-майындагы
№3 токтомуна тиркеме
Баткен облусунун Лейлек районунун
Исфана шаар мэриясынын
«Исфана жаштары»
МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУ ТУУРАЛУУ ЖОБО
2019-жыл
Баткен облусунун Лейлек районунун
Исфана шаар мэриясынын
«Исфана жаштары» муниципалдык жаштар борбору тууралуу жобо
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Жалпы жоболор
«Исфана жаштары» муниципалдык жаштар борбору (мындан ары - МЖБ) Исфана шаар мэриясынын обочолонгон мекемеси болуп саналат жана ал төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаары, Пилал көчөсү-73в.
1.2. Толук аталышы: «Исфана жаштары» муниципалдык жаштар борбору»
- кыргыз тилинде: «Исфана жаштары» Муниципалдык жаштар борбору»
- орус тилинде: «Муниципальный молодежный центр «Молодежь Исфана»;
- англис тилинде: «The Municipal Youth Center «Youth of Isfana»;
1.3. Кыскарган аталышы: кыргызча: «МЖБ», орусча: «ММЦ», англисче: «MYC».
1.4. МЖБнын жайгашкан орду: 720400, Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Исфана шаарын Пилал көчөсү-73в.
1.5. МЖБнын иштөө мөөнөтү: чектелген эмес.
1.6. МЖБнын менчиги муниципалдык менчик болуп эсептелет жана анын бардык мүлкү Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансында болот.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Муниципалдык жаштар борбору (мындан ары - МЖБ) юридикалык жак болуп же аны түзбөстөн уюштуруу-укуктук формасы коммерциялык эмес мекеме болгон муниципалдык коммерциялык эмес мекеме болуп саналат.
Мамлекеттик жаштар саясаты – мамлекеттин кызыкчылыгында жаштардын өз күчүн ишке ашыруусу, алардын дараметин арттыруу үчүн укуктук, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталган, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашыруучу чаралардын системасы.
Жаштар (жаш жарандар) – 14төн 28 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок жактар.
МЖБны Уюштуруучу – Исфана шаардык кеңеши жана шаар мэриясы – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары;
МЖБ Комитети – Муниципалдык жаштар борборунун аткаруучу органы;
МЖБ ыктыярчыларынын чогулушу – Муниципалдык жаштар борборунун ишмердигиндеги маанилүү маселелерди жана жергиликтүү маанидеги жаштар көйгөйлөрүн талкуулоо максатында МЖБ ыктыярчыларынын түз катышуу формасы, алар боюнча сунуштар же чечимдер кабыл алынат;
МЖБ ыктыярчысы – муниципалитеттин аймагында такай жашаган жана МЖБнын ишмердигине түздөн түз катышуу үчүн ага өз ыктыяры менен кирген Кыргыз Республикасынын жараны;
Ыктыярчылык ишмердик – коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, акча албастан түрдүү формаларда ыктыярдуу башталышта жеке жана юридикалык жактардын коомдук пайдалуу эмгекти ишке ашыруусу, анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба алып, көндүмдөргө ээ болуп, өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышат.
МЖБ кардары – МЖБнын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча ага кайрылган каалаган адам, ошондой эле бул мекеменин кызматынан пайдалануучу (пайда көрүүчү (бенефициар), МЖБнын кызматтарынын тапшырыкчысы) жактар.
Жаштар менен иштөө – бул жаштарга багытталган, пландалган практикалык иш-чаралардын жыйындысы, ал жаштар саясатын ишке ашырууну, жаштарда баалуулук багыттарын калыптандырууну жана жалпы адамзаттык ченемдерди бекемдөөнү камсыз кылат.
Жергиликтүү кеңеш – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы, ал түздөн түз жергиликтүү калк шайлаган депутаттардан турат жана ал жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коллегиалдуу чечүүгө укуктуу;
Муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигиндеги, пайдалануусундагы жана тескөөсүндөгү жергиликтүү коомчулуктун менчиги, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу жана калктын социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу булагы болуп кызмат кылат;
Жергиликтүү коомчулук – шаарда жана шаарга караштуу айылдарда такай жашаган, жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн өкүлчүлүк, аткаруучу жана башка органдары аркылуу өз жоопкерчилиги менен чечүү үчүн жалпы кызыкчылыкта бириккен калк;
Жергиликтүү маанидеги маселелер – тиешелүү аймактагы калктын жашоо турмушун камсыз кылуу маселелери, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары чечет, ошондой эле алар жарандар эркин түз билдирүү жолу менен да чечилет;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары –шаардын өкүлчүлүк, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары, аларды жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги менен чечүү үчүн калк өзү түзөт;
Муниципалитет – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк жана аткаруучу-тескөөчү органдары.
II. ЮРИДИКАЛЫК СТАТУСУ
2.1. МЖБ уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча коммерциялык эмес мекеме болуп саналат, аны жергиликтүү коомчулуктагы жаштардын эркин билдирүүсүн колдоо, мамлекеттик жаштар саясатын муниципалдык деңгээлде ишке ашыруу үчүн маданий, материалдык, экономикалык жана социалдык муктаждыктарды канааттандыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү жаштардын укуктарын коргоо аркылуу өзүнүн ыктыярчыларынын өз каалоосу менен, өзүн өзү башкаруу, мыйзамдуулук, тең укуктуулук, ачыктык жана айкындык принциптеринин негизинде жергиликтүү кеңеш менен макулдашып, шаардын мэри түзөт.
2.2. Муниципалдык жаштар борбору жергиликтүү кеңеште эсептик каттоодон өткөн учурдан баштап өз статусуна ээ болот. МЖБ ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте юридикалык жак статусун алганга укуктуу.
2.3. МЖБнын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аракеттеги улуттук мыйзамдар, мамлекеттик жаштар саясатын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, шаардык кеңештин жергиликтүү ченемдик укуктук актылары, Жергиликтүү коомчулуктун уставы жана ушул Жобо түзөт.
2.4. МЖБнын өзүнүн эн тамгасы (логотиби) жана башка көрүп таануу каражаттары, бланктары, үлгүлөрү болушу мүмкүн, алар МЖБ Комитетинин отурумунда бекитилет.
2.5. МЖБнын ишмердигин каржылоо шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен, ошондой эле ыктыярдуу салымдардын, курмандык кылып берген, донордук жана демөөрчүлүк колдоонун жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган каражаттардын эсебинен ишке ашат.
2.6. МЖБ эгерде ал КР мыйзамдарына, МЖБнын максаттарына жана милдеттерине каршы келбесе, ишкердик ишмердик менен алектене алат, мында алынган пайда Уюштуруучулар, МЖБнын мүчөлөрү, кызмат адамдары, башка кызматкерлер жана башкаруу органдарынын мүчөлөрү арасында бөлүнбөйт. Ишкердик ишмердиктин натыйжасында алынган МЖБнын пайдасы МЖБны түзүүдөгү максаттарга жетишүүгө жумшалат.
2.7. МЖБнын акы алынуучу кызматтарынын жана иштеринин баасын белгилөө тартиби эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, Уюштуруучу тарабынан аныкталат.
2.8. МЖБнын муниципалдык мүлкү оперативдик башкаруу укугунда бекитилип берилет, ага карата МЖБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
2.9. МЖБ өз милдеттенмелери үчүн акча каражаттары менен жооптуу болот, каражаты жетпей калган учурда, мүлктүн ээси – муниципалитет жергиликтүү бюджеттин каражаттары менен биргелешкен (субсидиардык) жоопкерчилик тартат.
2.10. Ишмердигинин маанилүү багыттары боюнча МЖБда бөлүмдөр (секторлор, командалар, секциялар жана жумушчу топтор ж.б.) түзүлүшү мүмкүн.
2.10. Уюштуруучунун жана МЖБ ыктыярчыларынын жалпы чогулушунун чечими менен МЖБ Комитетинин каржылык-чарбалык ишмердигин текшерүү максатында МЖБнын ишмердигине мониторинг жасоо жана баалоо үчүн Байкоочу кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
2.11. МЖБ эл аралык ассоциацияларга, кошуундарга кирүүгө, эл аралык байланышты колдоого алууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тиешелүү макулдашууларды түзүүгө укуктуу.
2.12. МЖБ саясий партияларды жана диний уюмдарды түзүүгө, алардын ишине катышууга же кайсы бир формада аларга көмөктөшүүгө укуктуу эмес. МЖБнын бөлүмдөрүндө саясий партиялардын, диний жана аскер бирикмелеринин түзүмдөрү түзүлбөйт.
III. МЖБнын НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ИШМЕРДИГИНИН ТҮРЛӨРҮ
3. МЖБнын негизги максаттары:
МЖБ жаш адамдардын маданий, материалдык, экономикалык, социалдык муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү аркылуу мамлекеттик жаштар саясаты жаатында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында түзүлөт, анын ичинде: өспүрүмдөр жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу, жаштар демилгелерин, адептик, интеллектуалдык, чыгармачыл жана дене дараметин колдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, өспүрүмдөрдү жана жаштарды жергиликтүү коомчулукту өзгөртүп түзүүнүн оң процесстерине тартуу, жаштар арасында жана жергиликтүү деңгээлде карама-каршылыктардын болушун азайтуу.
4. МЖБнын милдеттери
Коюлган максаттарга жетүү үчүн МЖБнын алдына бир катар милдеттер коюлган:
4.1. Жаштар арасындагы процесстерге системалуу мониторинг, талдоо жасоо, жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу маселесин талкуулоо жана аларды чечүүнүн мүмкүн болуучу ыкмалары тууралуу сунуштарды даярдоо.
4.2. Жаштар жана балдар коомдук демилгелерин жыйноо жана ишке ашыруу боюнча; социалдык-маданий жана ишкердик чөйрөлөрүндө кеп-кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча; жергиликтүү жаштардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор турмуш шартындагы жактардын, кесиптик жана чыгармачыл өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча; таланттуу жаш адамдарды колдоо боюнча; атайын кызматтарды жана жергиликтүү коомдук бирикмелерди тартуу менен, уюшулбаган жаштар менен иштөө боюнча ишмердикти уюштуруу.
4.3. Өспүрүмдөрдө жана жаштарда инсандык өнүгүү көндүмдөрүн, кошумча билим, кесиптик багыт, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча көндүмдөрдү алууга багытталган жергиликтүү жаштар үчүн окутуу кызматтарын көрсөтүү, ошондой эле укуктук маданиятын калыптандыруу;
4.4. Жергиликтүү жаштар бирикмелерин, демилгелүү топторду, жаштардагы жана мектептердеги түрдүү өз алдынча башкаруу формаларын колдоо боюнча маалыматтык-аналитикалык, уюштуруучулук, изилдөөчү, кеп-кеңештик жана усулдук иштерди уюштуруу жана өткөрүү.
5. Ишмердиктин түрлөрү
Ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында МЖБ ишмердиктин төмөнкү түрлөрүн ишке ашырат:
5.1. Жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүүнүн, жумушка орноштуруунун, турак жай менен камсыздоонун, оор турмуштук кырдаалдагы өспүрүмдөрдүн, жаштардын жана жаш үй-бүлөлөрдү социалдык тейлөөнүн сапаты маселесин чечүүгө, эс алууну уюштурууга жана ден соолукту чыңдоого, жаштар арасында баңгиликтин, укук бузуулардын жана балдардын кароосуз калуусунун алдын алууга, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын «тобокелчилик топторун» калыбына келтирүүгө багытталган улуттук, аймактык жана муниципалдык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга катышат.
5.2. Жаштардын өнүктүрүүчү көңүл ачуусун жана маданий-массалык эс алуусун уюштуруу, коомдук маанилүү иштерди, өспүрүмдөрдүн, жаштардын жана жергиликтүү коомчулуктун аяр топторуна кызмат көрсөтүүнү акысыз аткаруу максатында ыктыярчылык кыймылдарды өнүктүрүү боюнча балдар, жаштар активисттери жана жергиликтүү коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенет.[1]
5.3. Мамлекеттик жаштар саясатын (МЖС) ишке ашыруу жана жергиликтүү маанидеги жаштардын башка көйгөйлөрүн чечүү боюнча өнөктөштүктү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен ишке ашырат.
5.4. Жаштарда баалуулук-адептик багыттарды, жарандуулукту, маданий мурастарга, тарыхка, бакубат жашоо образына карата урматтоону калыптандырууга, инсандын билим алуучулук жана кесиптик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган кеп-кеңештик жана окутуучу кызматтарды көрсөтөт, өспүрүмдөр жана жаштар чөйрөсүндө бөлүп-жаруучулукту (экстремизмди) жана башка терс (асоциалдык) көрүнүштөрдү, адам укуктарын бузууну эскертүү ж.б. боюнча алдын алууну ишке ашырат.
5.5. Жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатын ишке ашырууга байланыштуу изилдөөлөрдү өткөрөт, усулдук документтерди жана сунуштарды, маалымат материалдарын иштеп чыгат.
5.6. Өзүнүн миссиясын ишке ашыруу үчүн каржы жана материалдык каражаттардын кошумча булактарын тартат, анын ичинде долбоорлорго катышуу, ишке ашуруу жана акылуу кызмат көрсөтүүлөр дагы камтылат;
5.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмердиктерди ишке ашырат.
IV. МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУН БАШКАРУУ
6. МЖБнын башкаруу органдары
6.1. МЖБнын башкаруу органдары: Уюштуруучу жана МЖБнын башчысы. МЖБ Комитети МЖБнын аткаруучу органы болуп саналат.
6.2. МЖБнын башчысы бир эле убакытта МЖБ Комитетинин төрагасы болуп саналат.
6.3. Жергиликтүү коомчулуктун жаштары менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча жамааттык чечимдерди кабыл алуу үчүн муниципалитеттин аймагында Уюштуруучу, МЖБ Комитети тарабынан, ошондой эле МЖБнын 1/3 ыктыярчыларынын сунушу боюнча зарылчылыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес МЖБ ыктыярчыларынын жалпы чогулушу чакырылат. МЖБ ыктыярчыларынын жалпы чогулушуна муниципалитеттин тургундары кеңеш берүү добушу укугу менен катыша алышат[2]. МЖБ ыктыярчыларынын жалпы чогулушунун чечимдери сунуштоо мүнөзүнө ээ болот жана милдеттүү түрдө каралат жана айыл өкмөт башчысы тарабынан, зарылчылык болсо, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
6.4. МЖБнын башкаруу органдарын түзүү тартиби жана алардын ишмердиги ушул Жобо менен аныкталат.
6.5. МЖБда ыктыярчылык ишмердикти уюштуруу регламенти шаардын мэринин буйругу менен бекитилет
7. МЖБнын Уюштуруучусу:
7.1. МЖБны жалпы башкарууну Уюштуруучу – шаардык кеңеш жана шаар мэриясы ишке ашырат.
7.2. МЖБны Уюштуруучу төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ болот:
МЖБнын Жобосун, анын жылдык иш планын бекитет, аларга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизет;
МЖБнын бюджетин, анын ичинде эмгек акы фондун бекитет; МЖБнын бюджети МЖБнын тескөөсүндөгү каражаттардын жана пландалган түшө турган каражаттардын негизинде иштелип чыгат.
МЖБга имараттарды/курулуш жайларды бекитип берет, муниципалдык мүлктү акысыз пайдаланууга жана оперативдик башкарууга өткөрүп берет;
МЖБнын мүлкүнүн сакталышына көзөмөлдүк кылат;
МЖБнын башчысынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, ээлеген кызматка кабыл алуу жана бошотуу негиздерин аныктайт;
МЖБ Комитетинин отурумдарына, МЖБ ыктыярчыларынын жалпы чогулуштарына кеңеш берүү добушу укугу менен катышат;
МЖБ Комитетинен МЖБнын ишмердиги, анын ичинде каржылык маселелер боюнча да маалыматты сурап алат;
МЖБнын ишмердигине тиешеси бар маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштарды киргизет;
МЖБны кайра түзүү же жоюу тууралуу маселени жергиликтүү кеңешке демилгелейт.
8. МЖБнын башчысы
8.1. МЖБнын ишмердиги үчүн жооп берген жогорку кызмат адамы МЖБнын башчысы болуп саналат, ал ыктыярчылардын жалпы чогулушунун жыйынтыгы менен кызматка сунушталат жана сунуштун негизинде аны шаардын мэри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
8.2. Муниципалитеттин аймагында такай жашаган, соттолбогон, 18ден 35 жашка чейинки адам МЖБнын башчысы боло алат. Бир эле адам МЖБнын башчысына эки мөөнөткө катар дайындала албайт.
8.3. МЖБнын башчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат, өз ишмердигин эмгек келишиминин жана ушул Жобого ылайык иштелип чыккан, шаардын мэри бекиткен кызматтык нускаманын негизинде ишке ашырат. Өз ишмердигинде МЖБнын башчысы башка мамлекеттик бийлик органдарынан, алардын аймактык бөлүмдөрүнөн көз каранды эмес.
8.4. МЖБнын башчысы МЖБнын иш планынын негизинде муниципалитеттин башка кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракетте Муниципалдык жаштар борборунун ишин уюштурат.
8.5. МЖБнын Башчысы:
МЖБ Комитетине жетекчилик кылат;
МЖБнын ишмердигин жетектейт, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат жана МЖБга тагылган милдеттердин, кызматтардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
МЖБнын атынан ишеним кат жок эле аракеттенет, МЖБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамиледе МЖБнын атынан чыгат;
МЖБнын чыгымдарынын сметасын иштеп чыгат жана мэрдин кароосуна киргизет;
каржылык, статистикалык жана башка отчетторду даярдайт, аларды аныкталган мөөнөттө бекитилген формада тиешелүү органдарга жөнөтөт, анын тактыгы үчүн жоопкерчиликти алат.
ушул Жободон келип чыккан жана аракеттеги мыйзамдарга каршы келбеген башка кызматтарды аткарат.
9. МЖБ Комитети
9.1. МЖБ Комитети МЖБнын аткаруучу органы болуп саналат, ал 20 ашык эмес сандагы адамдан түзүлөт. МЖБ Комитетинин биринчи курамы жана анын резерви шаарга караштуу ар бир аймактык өзүн-өзү башкаруу комитетинен жана окуу жайлардын өкүлдөрүнөн түзүлөт, МЖБ Комитетинин кийинки курамдары жана резерви МЖБ ыктыярчыларынын чогулушунда ачык жана жашыруун добуш берүү менен шайланат.
9.2. МЖБ Комитетин түзүү тартиби жана курамы шаардын мэринин буйругу менен бекитилет.
9.3. МЖБ Комитети:
Уюштуруучунун, МЖБ Комитетинин, МЖБ ыктыярчыларынын жалпы чогулушунун жана МЖБнын Башчысынын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
МЖБнын жылдык бюджеттеринин долбоорлорун, негизги иш-чаралардын пландарын, МЖБны өнүктүрүү программаларын жана стратегияларын иштеп чыгат;
МЖБ Комитетинин жана МЖБ ыктыярчыларынын жалпы чогулушунун отурумдарында кароо үчүн материалдарды даярдайт;
ушул Жободон келип чыгуучу учурдагы башка иштер менен алектенет.
9.4. МЖБ Комитетинин түзүмүнө булар кирет:
МЖБнын Башчысы – МЖБнын жетекчиси;
МЖБ Комитетинин катчысы;
- Шаардын мэринин буйругу менен бекитилген МЖБнын комитетинин курамы.
9.5. МЖБ Комитетинин катчысы, мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
9.6. МЖБ Комитетинин мүчөлөрү буларга укуктуу: МЖБ Комитетинин отурумдарында талкуулоо үчүн сунуштарды берүү; жумушчу топтордун курамына, МЖБ Комитетинин бөлүмдөрүнө шайлоо жана шайлануу; МЖБ Комитетинин ишмердиги тууралуу каалаган маалыматты алуу; МЖБнын символикаларын, атрибуттарын МЖБ Комитетинин ишмердиги менен байланышкан максаттарда колдонуу; жаштар саясаты боюнча иш-чараларга катышуу; жаңы катышуучуларды тартуу максатында МЖБнын идеяларын үгүттөп жайылтуу; жергиликтүү өз алдынча башкаруудан маалыматтык, усулдук жана башка колдоо алуу; МЖБ Комитетинин көпчүлүк мүчөлөрү менен макул болбогондо, өз пикирин өзгөчө жазуу; МЖБ Комитетинин курамынан жазуу түрүндөгү жеке арыз боюнча чыгуу.
9.6. МЖБ Комитетинин мүчөсү төмөнкү негиздер болгон учурда, МЖБ Комитетинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн:
1) МЖБ Комитетинин отурумдарына олуттуу себепсиз үч же андан көп жолу катышпоо;
2) Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары менен каралган башка учурлар.
9.7. Шаардын мэри МЖБ Комитетинин отурумунун протоколунун көчүрмөсүн алган күндөн баштап бир айдан кечиктирбестен МЖБ Комитетинин сунушу боюнча МЖБ Комитетинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечим кабыл алат: МЖБ Комитетинин жаңы мүчөсүн ушул Комитеттеги резервдик талапкерлерден (бул МЖБ Комитетинин ишмердигинин калган мөөнөтүнө) шайлайт (эгерде талапкерлердин резерви бар болсо); же бул МЖБ Комитетинде талапкерлер жок болсо, ушул Жободо аныкталган жол-жобого ылайык МЖБ Комитетине жаңы мүчөлөрдү жана талапкерлердин резервин шайлоо тууралуу жыйын өткөрөт жана чечим кабыл алат.
V. МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУ МЕНЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ
10. МЖБнын өнөктөштүгү
10.1. МЖБ өз ишмердигинде ушул Жободо аныкталган максаттарга жетүү үчүн мыйзамдуулук, бири-биринин ишине кийлигишпөө жана жаратмандык кызматташтык принциптеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдардын административдик жана аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
10.2. МЖБнын мамлекеттик бийлик органдары, маморгандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү булар аркылуу ишке ашырылат:
ушул Жободо аныкталган МЖБнын милдеттеринин алкагында иш-чараларды биргелешип пландоо;
МЖБнын иштешинин максаттарына жана милдеттерине тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн кеңешмелердин, конференциялардын, чогулуштардын ишине катышуу;
мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаштар саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
өспүрүмдөр менен жаштардын социалдык-укуктук жактан корголуусуна кызыкдар тиешелүү окуу жайларынын, ишканалардын жана мекемелердин түзүмдөрү менен чыгармачылык, эмгектик байланыштарды орнотуу, аларды коомдун социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, маданий турмушуна жуурулуштуруу;
мыйзамдар аныктаган тартипте мамлекеттик (муниципалдык) социалдык тапшырыкты аткаруу;
жаштардын инсандык дараметин, кесиптик багыт алуусун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
башка формаларда.
VI. МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУНУН КАРЖЫ-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДИГИ
11. МЖБнын мүлкү
11.1. МЖБнын мүлкүн негизги фонддор жана айлануудагы каражаттар, ошондой эле башка буюмдар түзөт, алардын баасы МЖБнын өз алдынча балансында чагылдырылат.
11.2. МЖБнын мүлкү төмөнкү булактардан түзүлөт:
Уюштуруучу МЖБга бекитип берген мүлк;
донорлордун, демөөрчүлөрдүн каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу курмандык кылып берген каражаттары;
бюджеттен тышкаркы каражаттар;
чарбалык ишмердик жүргүзүүдөн түшкөн каражаттар;
акылуу кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар МЖБнын айрым программаларын жана долбоорлорун каржылоого бөлгөн каражаттар;
башка мыйзамдуу каржылоо булактары.
11.3. МЖБнын ишмердигин камсыз кылуу максатында ушул Жобого ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары оперативдүү башкаруу укугунда муниципалдык объектилерди (имараттар, курулмалар, курулуш жайлар, жабдуулар, жерлер), ошондой эле керектөөчүлүк, социалдык, маданий жана башка багыттагы керектүү мүлктөрдү МЖБга бекитип берет.
11.4. Мүлккө оперативдик башкаруу укугун ишке ашырууда МЖБ буларга милдеттүү:
мүлктү натыйжалуу пайдалануу;
мүлктүн сакталуусун камсыз кылуу жана аны өз ишмердигинин максаттарына, Уюштуруучунун көрсөтмөлөрүнө жана тапшырмаларына ылайык, максаттык багытта гана пайдалануу;
оперативдик башкаруу укугунда ага бекитилген мүлктү Уюштуруучунун уруксаты менен гана ээликтен чыгаруу жана башкача тескөө;
мүлктүн техникалык абалынын начарлашына жол бербөө;
мүлккө учурдагы жана капиталдык ремонтторду жасоо, мында муниципалдык мүлктү бардык өндүрүштүк жакшыртуунун орду толтурулбайт.
11.5. МЖБга оперативдик башкаруу укугунда бекитилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышына жана сакталышына көзөмөлдүктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда аныкталган тартипте ишке ашырат.
11.6. МЖБ объектилерди ижарага алалат жана бере алат.
11.7. МЖБ ага бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынган мүлктү өз алдынча ээликтен чыгарганга же башка жол менен тескегенге укуктуу эмес.
11.8. Өз ишмердиги процессинде өндүрүлгөн жана алынган калган мүлктөргө МЖБ ээлик кылат, пайдаланат жана менчик укугунда тескейт.
12. МЖБнын ишмердигин каржылоо
12.1. МЖБнын ишмердигин каржылоо жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле донорлордун, демөөрчүлөрдүн, мыйзам тыюу салбаган башка булактардын эсебинен ишке ашат.
12.2. МЖБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Уюштуруучу менен макулдашып, чечимдерди кабыл алууда каржылык-чарбалык өз алдынчалыкка ээ.
12.3. Тиешелүү органдар тарабынан МЖБга бекитилген же анын менчиги болгон каржылык жана материалдык каражаттары МЖБ тарабынан ушул Жобого ылайык анын каалоосуна жараша колдонулат жана мыйзамдарда башкача каралбаса, алып коюуга болбойт.
12.4. Муниципалитет жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди/муниципалдык кызматтарды аткарууну каражаттарды аныктоо жана өткөрүп берүү же жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилген маселелерди ишке ашырууну каржылоо булактарын аныктоо менен Муниципалдык жаштар борборуна бере алат[3].
12.5. Зарылчылык болсо, жергиликтүү бюджеттин, Уюштуруучунун эсебинен булардын орду толтурулат (компенсацияланат):
1) жергиликтүү жаштардын түрдүү деңгээлдеги иш-чараларга (олимпиадалар, мелдештер, конкурстар, конференциялар, семинарлар ж.б.) катышуу чыгымдары;
2) жаштарды окутуу, тематикалык кеп-кеңештерди берүү, маданий-массалык иш-чараларды, изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн кызмат көрсөтүү боюнча тартылган адистердин эмгеги үчүн төлөө чыгымдары;
3) маалымат буклеттерин, бюллетендерди иштеп чыгуу жана басып чыгаруу, веб-сайттарды түзүү жана анын ишмердигин колдоо, ЖМКга макалаларды чыгаруу.
4) жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү бюджеттен каралуучу жана башка чыгымдары;
VII. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОБОЛОР
13. МЖБнын жобосун кабыл алуу жана ага өзгөртүү киргизүү тартиби
13.1. МЖБнын Жобосунун долбоору жана ага өзгөртүүлөр мэрдин буйругу менен түзүлгөн жаштар саясатын жүзөгө ашыруу жана/же жаштарды өнүктүрүү боюнча жергиликтүү статегияны иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
13.2. Жумушчу топтун курамына булар кирет: вице-мэр, жергиликтүү кеңештин депутаттары, активдүү жаштар, МЖБ ыктыярчылары, мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.
13.3. Жумушчу топ иштеп чыккан МЖБнын Жобосунун долбоору талкуулоо үчүн шаардык жыйындарга, чогулуштарга жана бир көчөдө, бир кварталда, кичи райондо же аймактык өз алдынча башкарууда жашаган жергиликтүү жаштар менен жолугушууларга окуу жайларга, айылдарга алып чыгылат, аларды Жергиликтүү коомчулуктун уставында аныкталган тартипте шаар мэриясы уюштурат.
13.4. Шаар мэриясы жакшыртылып иштелип чыккандан кийин Жобонун долбоорунун акыркы вариантын – МЖБнын Жобосун шаардык кеңешке сунуштайт.
13.5. Кабыл алынган МЖБнын Жобосуна өзгөртүүлөр жана кошумчалар Уюштуруучунун, МЖБ ыктыярчыларынын жана МЖБ Комитетинин жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча демилгелениши мүмкүн.
13.6. Кабыл алынган МЖБнын Жобосуна өзгөртүүлөр жана кошумчалар шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
14. МЖБны кайра түзүү жана жоюу
14.1. МЖБны кайра түзүү же жоюу тууралуу маселени жергиликтүү коомчулуктун сөзсүз түрдө катышуусу менен өткөрүлгөн коомдук угуулардын натыйжасында жергиликтүү кеңеш кабыл алат. Соттун чечими менен мажбурлап жойгон учурда, МЖБнын мүлкү МЖБнын Жобосунда каралган максаттарда бөлүштүрүлөт.
14.2. МЖБны кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
14.3. МЖБ жоюлган учурда анын документтери «КР улуттук архивдик фонду жөнүндө» КР мыйзамына ылайык сакталат.
Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: | З.Туяков |