Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №91
Ак-Суу-Суу ИСКАКБсынын башчысы А.Гапировдун аткарып жаткан иштери жөнүндө
“Ак-Суу-Суу” ИСКАКБсынын башчысы А.Гапировдун билдируусун угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Суу-Суу” ИСКАКБсынын башчысы А.Гапировдун 2018-жылга аткарган жумуштары жана финансылык абалы жонундо отчетунун аткарылышы жонундо маалыматы конулго алынсын.(маалымат тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын козомолдоо бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Саматов |
Ак-Суу ИСКАКБсынын 2018-жылга аткарган жумуштары
жана финансылык абалы жонундо Ак-Суу-Суу
ИСКАКБсынын башчысы А.Гафировдун жылдык
ОТЧЕТУ
Ак-Суу Суу ИСКАКБсынын 2018-жылы бардыгы болуп 5043 адам ичуучу таза суу менен камсыздалган. 76 кранттан 4553 адам кочодон ичет, 98 кожолук 460 адам уйунон ичет.
Ак-Суу айылдык кенешинин 29.01.2018-жылдагы 6-чакырылышынын 9-сессиясынын № 59-токтомдун негизинде 2018-жылга тарифи бекитилип, кочодон ичкендерге айына бир адамга 8 сом, ал эми уйунон ичкендерге 150 сом, мекеме уюмдарга келишимдин негизинде толонот.
2018-жылы Ак-Суу Суу ИСКАКБсында томонку жумуштар аткарылды:
2018-жылдын апрель айында келген селдин кесепетинен Ак-Суу айылы менен Суу Башы айылынын аралыгындагы негизги суу тутуктору жараксыз абалга келген. Аны ондоп тузоп иштери толугу менен аткарылып, эл кайрадан таза суу менен камсыздалган. Андан кийин июль айларында ошол эле аралыкта негизги тутук жарылып кеткен. 8м жер экскватор менен казылып, 2 даана азбез труба орнотулган. Сентябрь айында Лейлек СЭЦтин башкы адиси Ашимовдун катышуусунда 50 кг хлор менен Суу-башыдагы 500 м3 суу кампасы жалпы трассада промифка откорулду. Алга айылдагы диаметри 0,15 мм узундугу 150 м жер жараксыз абалга келгендигине байланыштуу кайрадан жаныланып таза суу бериле баштаган.
Ак-Суу айыл окмотунун 2018-жылдын бюджетинин эсебинен Гулчун участкасын таза суу менен камсыз кылуу максатында тендер откорулуп, керектуу жабдуулар алып келинип койулган. Келечекте Гулчун участкасындагы 32 кожолук таза суу менен камсыздалат.
2018-жылы Ак-Суу Суу ИСКАКБсынын 5%тик кредиттин калган суммасын толугу менен толоп кутулган.
2018-жылга аталган ишкана Лейлек МСКнан жана Лейлек соц. фондунун толомдорун толугу менен тологон. 2018-жылы Ак-Суу Суу ИСКАКБсынын бюджеттик планы 679488 сом, ал эми аткарылышы 727503 сом жыйналып, 107%га аткарылган.
Чыгаша болугу 689014 сомго аткарылган. Ал эми калган сумма 38489 сом акча каражаты РСКбанкында эсептик счетто турат. (аткарылган иштердин таблица эки баракта тиркелет)
Суу Суу ИСКАКБсынын башчысы: А.Гафиров: | А.Гафиров |