КЫЗЫЛ ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги он төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 15-июлу №14/4
Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Кызыл-Сеңир айылынын мурунку канаттуулар фабрикасынын чыгыш тарабындагы ички көчөгө ооган согушунун ардагери Сагындыков Артыкбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2-июнь 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылынын мурунку канаттуулар фабрикасынын чыгыш тарабындагы ички көчөгө ооган согушунун ардагери Сагындыков Артыкбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Сагындыков Артыкбай атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Маканбаев |