Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №14/12
Тала-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөгө Сатар ажы уулу Мамытбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 5-июль 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөгө Сатар ажы уулу Мамытбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Сатар ажы уулу Мамытбек атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Маканбаев |