Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 16
Кыргыз Республикасынын 1997-жылын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” № 67 Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жана Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы К.Токоевдин Озерное айылындагы жаңы конуштагы көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө баяндамасын угуп, жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Озерное айылындагы эски орто мектептин жанындагы көчөгө Фрунзе айылында малчы болгон, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Ленин ордени менен сыйланган жана Ала-Тоо уюнун түрүннегиздөөчүсү Алтыкеев Чотурдун аты ыйгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омаралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Токоев К.О |