ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 17
«Фрунзе айыл округундагы жаңы конуштардагы көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 1997-жылын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” № 67 Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жана Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы К.Токоевдин Фрунзе айылындагы жаңы конуштагы көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө баяндамасын угуп, жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылындагы жаңы конуштагы көчөгө “Манап-Бий” деген аталыш ыйгарылсын (ориентир Джүзүмкул-Ата көчөсүнөн кийинкиси).
2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омаралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Токоев К.О |