Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 21/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2018-жылдагы аткарылышы жана 2019-жылга милдеттери жөнүндө
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2018-жылдагы аткарылышы жана 2019-жылга милдеттери жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсундун баяндамасын угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин VI чакырылышынын ХXI кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2018-жылдагы аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планы жактырылсын.(тиркеме тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын тескөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Назиев Гамбар Алатооевичке жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы:: | Н.Маташов. |
Алай айылдык кеңешинин
2019-жылдын 17-декабрындагы
№21/3 токтомунун №1 тиркеме
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн божомолу
Айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык курулуштарды куруу максатында 2019-жылга төмөндөгудөй каражаттар бөлүндү:
Терек айылына 50 орундуу балдар бакчасын куруу, жалпы наркы 19,0 миллион сом, бул курулуш айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен бүткөрүлөт.
Сопу-Коргон айылына спорт комплексин куруу, жалпы наркы 15,0 миллион сом, бул курулуш айыл өкмоттүн бюджетинин эсебинен курулат.
Чий-Талаа, Көлдүк, Жерге-Тал айылдарына ортолукка жалпы наркы 15,0 млн сом болгон спорт зал жеке инвестордун каражатына курулат.
Таргалак айылына таза суу линиясын тартуу иш пландары каралып бүтүп, Республикалык ГОССТРОЙ комитетинин планына киргизилип, каражат бөлүп берүү боюнча Минфиндин кароосуна берилди жана каражат 10,3 млн сом бөлүнүп, тендерден ОсОО “Рамзан” утуп, жаз алды менен курулуш иштери башталат.
Аскалы айылына интернет байланышы жеткирилет.
Чий-Талаа айылындагы Б. Абжапаров мектебинин ашканасын учурдун талабына ылайык реконструкциялоо үчүн 400,0 миң сом акча каражаты бөлүнөт. Ушул эле мектептин туалетин жаңыдан куруу үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор жазылат
Сопу-Коргон айылынын көчөлөрүнө шагыл жаткыруу, көрктөндүрүү иштерине каражат бөлүнөт.
Чий-Талаа айылынын Көнөк-Салды участкасына таштанды төгүлүүчү жай курулат. Бул курулуштарды айыл өкмөт өз күчү менен курат.
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү 2019-жылга карата айыл чарбасы боюнча анын ичинен мал чарба продукцияларын өндүрүү боюнча бир топ иш чараларды пландап жатат. Атап айтсак сандан сапатка өтүү, эт сүт багытындагы уйларды көбөйтүү, топоздун санын көбөйтүү, тоют маселесин чечүү, жайыт маселесин чечүү боюнча жайыттарга көпүрө жана жол салуу үчүн АРИС менен биргеликте чакан долбоорлор даярдалды. Терек жайлоосуна 2 көпүрө, Көлдүк жайлоосуна 4 көпүрө, Сөгөт жана Ыргайлуу жайлоолоруна 1ден көпүрө курулат. Таргалактын Куран жайлоосунун жолу оңдолот. Жайыттардын 3000 метр жери тикен зым менен тосулат.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2018-жылга 9 сунуш берилди эле анын ичинен аткарылганы 1 сунуш болду,ал Чий-Талаа каналынын баш курулмасын бекемдөөгө ӨКМ тарабынан 90 габьон тор бөлүнүп аткарылуу алдында турат. Калган 8 сунуш 2019-жылга кайрадан сунушталды. Булар Аскалы айылына габион тор менен дамба басуу, Терек айылына 2 жерге габион тор менен , бир жерге жөнөкөй дамба басуу, Көлдук айылына жөнөкөй дамба басуу, Чий-Талаа айылынын Кызыл-Кыштоо жана Сөгөт көпүрөлөрүнүн эки башын габион торлор менен дамба басуу.Ушул сунуштарды ишке ашыруу боюнча ӨКМ министри Н.С. Мирзахмедовго кайрылуу кат жолдонуп, жалпы 550 даана габион торлорун, 2615 литр күйүүчү дизелдик май бөлдүртүп берүүсүн сурандык.
Кыргыз Республикасынын Транспорт министрине айыл өкмөттүн Аскалы айылына баруучу 14 км авто жолго асфальт төшөп берүүнү, Сопу-Коргон айылындагы Терек айылына өтүүчү көпүрөнү оңдоо жана жүк көтөрүмдүулүгүн жогорулатып берүүнү, Жерге-Тал авто жолун узундугу 4 км ДЭП-959 ишканасынын балансына алууну өтүнгөн кайрылуу кат жолдонду.
Айыл өкмөттүн аймагындагы кооптуу аймакта (жер көчкү, сел, ж.б.)жашап жаткан үй бүлөөлорго тынымсыз жолугууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эки жолу айыл өкмөттүн башчысынын эскертме катын, бир жолу Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин эскертме катын бердик. Учурда Таргалак айылында жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган Дабыев Илияздын үй-бүлөсү коопсуз жайга, Сопу-Коргон айылына көчүп чыкты. Мындан тышкары Аскалы айылындагы жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган 13 үй-бүлөөгө, жалпы эле Аскалы жана Таргалак айылдарындагы 14 турак жайдын ээлерин сотко берүү боюнча айыл өкмөттүн башчысынын буйругу чыгып, учурда бул буйруктуу аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат.
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы:: | Кеңеш уулу Б. |