Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 18
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы N 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамаларынын негизинде, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу жана кадрлардын жоктугуна байланыштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омаралиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынан конкурс өткүчө эмгек келишим менен башчынын орун басары орунуна М.А. Монгубаев бекитилсин, штаттык расписаниеге ылайык эмгек акы төлөнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынан конкурс өткүчө эмгек келишим менен Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы орунуна А.Д.Ибраимова бекитилсин, штаттык расписаниеге ылайык эмгек акы төлөнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омаралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Токоев К.О |