Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын.26-апрели №18/1
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды азайтуу жөнүндө
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды азайтуу жөнүндө элдик жыйындардын протоколдорунун негизинде.
Жаны-Талаа айылынын элдик чогулушунун 28.02.2019-жылдагы № 4 протоколу
Калматай айылынын элдик чогулушунун 03.03.2019-жылдагы № 4 протоколу
Жетим- Дөбө айылынын элдик чогулушунун 01.03.2019-жылдагы № 2 протоколу
Насирдин айылынын элдик чогулушунун 03.03.2019-жылдагы № 3 протоколу
Алтын-Күрөк айылынын элдик чогулушунун 03.03.2019-жылдагы № 3 протоколу
Кара-Жыгач айылынын элдик чогулушунун 03.03.2019-жылдагы № 3 протоколу
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча кабыл алынган 26.04.2019-жылдагы жалпы элдик жыйындын жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим беруу, спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо,комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын
Депутаттардын Карагуз айылдык Кенешинин төрагасы:: | С.Оморов. |
Кара-Гуз айыл Кеңешинин
26.04.2019-жылдагы №18/1
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл “ Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча
ЖОБОСУ
1. Маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарды кыскартуу
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында Маркумду акыркы сапарга узатууда тажия чыккан үйдө эки кой союуга же бир бодого комиссия тарабынан уруксат берилсин. (эки кой союулса бодо союлбасын, бодо союулса кой союлбасын)
- Жергиликтүү эл жаназа намазына турууга, кызмат көрсөтүүгө милдеттүү катышып маркум жайга койулгандан кийин үйүнө келип куран окугандан кийин , кызматка бөлүнгөн адамдар такай кызматын аткарышсын.
Маркумдун жакындарына сарпай кийгизүү калпак жоолук берүүгө тыюу салынсын колдо акчалай конверт менен берилсин.
2. Куран окутууда дасторконго нан , боорсоктон башка ашыкча ысырапкорчулукка жол берилбесин. Калпак, жоолук,материал алып пакет көтөрүп кирүүгө тыюу салынсын. Куран окутулган үйдүн дастарконунан нан алып пакет көтөрүү токтотулсун.
3. Үчүлүк, пайшамбалик, жетилик, кырктык өткөрүү токтотулсун.
4.Маркумдун бейитине эстелик тургузуу токтотулсун бейитке көчөт отургузууга уруксат берилсин.
5. Маркумга көк кийүү маркумдун жакын бир туугандарына гана кийгизилсин. Ата-Энеси өлсө кыздарына,күйөсү өлсө аялына ,бир туугандарга гана уруксат берилсин.
6. Маркумдун жакындарына сарпай кийгизүү, көйнөк, жолук, материал берүүгө жол берилбесин. Баардык колдоо акчалай берилсин.
Сандык ачуу, жыртыш берүүгө тыйуу салынсын.
7.Жылдыкта эки кой союуга же бир бодого комиссия тарабынан уруксат берилсин. Катмы окутулат бирок себет бермей, пакет берүүгө тыйуу салынсын. .(эки кой союулса бодо союлбасын, бодо союулса кой союлбасын)
Жылдыкта чай ичирүү, союш жетелөө, кол күйдү тартуу,себет алып баруу, себет берүү сарпай кийгизүү токтотулсун. Баардык алып баруулар мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай конверт менен берилсин.
Бул жобонун аткарылышы боюнча ар бир айылдардагы түзүлгөн комиссиялар айыл өкмөткө, айыл өкмөтүндөгү түзүлгөн комиссиялар райондогу комиссияларга ар бир айдын 25-30 дарында жасаган иштери боюнча отчет берип турушсун. Айыл өкмөт башчысы жылына бир жолу ыксыз чыгымдар боюнча айылдык кенештин сессияларында депутаттарга отчет беришсин.