Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы №1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүн бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолун түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү ФЭБнүн башчысы С.Капарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга бюджетин киреше бөлүгү 20397,7 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 1820,9 миң сомго бекитилсин.
2. 2017-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 18873,8 миң сом жана 2018-жылга 19571,6 сом суммасында бекитилсин.
3. 2016-жылы Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрү 8 724,6 миң сомго тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл аймагынын 2016-жылга бекитилген бюджеттин беренелерде көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө киреше булактарынын пландарын аткарууну камсыз кылуу айыл аймагынын салык бөлүмүнүнун башчысы Г. Карабаевага милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Кеңештин “Бюджети жана экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Кеңеш айыл аймагынын социалдык-экономика өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүлүшүнө жараша салыктык түрлөрүнө өзгөрүүлөрдү киргизүү, салык инспекциясынын макулдугу менен жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген көрсөтмөлөрдүн (уведомление) негизинде чектөө, өзгөртүү киргизүүну сунуштоо айыл аймагынын Ф.Э.Б.башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
6. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүштүрүлуп берилген жана теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон жана коммуналдык беренелерине каралаары белгиленсин”.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесине ылайык пландап алынган,жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен аныкталуусу,эскертилип,айдын кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо айыл аймагынын Ф.Э.Б.нун башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
8. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү”Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 21-беренесинин негизинде жалпы бюджеттин 1,0 пайызы же 185,8 миң сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервтик фонду болуп бекитилсин.
9. 1998-жылдын 11-июлундагы “ Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январына жүгүртүүдөгү кассалык акчанын көлөмү 50 (элуу) миң сом бөлүп берилсин.
10. Кеңеш айыл аймагынын табият кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2016-жылга кол тийгис 500,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана ал каражатты максаттуу пайдаланылсын.
11. Кенеш айыл аймагынын “Жараандык коргоого”50,0 миң сом акча каражаты “Жарандык коргоо”комиссиясынын иш планынын негизинде комиссиянын чечими менен иштетүү милдеттендирилсин.
12. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-июль күнкү № 403 токтомуна негиз Кеңеш айыл аймагынын кызматкерлеринин штаты 20 бирдик санында жана 4 штаттык бирдик санында техникалык тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
13. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-июль күнкү № 403 токтомунун эскертмесине негиз айыл аймагынын Аскердик Каттоо Бөлүмүнө 5 штаттык инспекторлордун кызматы бекитилсин.
14. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майдагы №268 Маданият искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине 9 штаттык бирдик санында бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 52-беренесине негиз айыл аймагындагы 8 айылга айыл башчынын кызмат орду киргизилсин.
16. Кеңеш айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасына ай сайын 1,0 (бир миң) сомдон көрсөткөн кызматы учун бюджеттик түрдүү чыгымдар беренесинен төлөнүп берилсин.
17. Кеңеш айыл аймагынын муниципиалдык менчигинлеги имараттарына сарпталган электр энергиясынын эсебин алуу,оңдоо иштерин жана отчетторун жүргүзүү үчүн бюджеттин түрдүү чыгымдар беренесинен электро монтер кылган кызматы үчүн 75,0 миң сом, социалдык төлөмдөр жана чегерүүлөр ичинде кызмат акысы белгиленсин.
18. Кеңеш-Суу СПАсынын жетекчисинин кайрылуусуна негиз 2006-2007-жылдардагы кредитти кайтаруу үчүн төлөө графигинин негизинде 2015-2016-жылдарга 169,9 миң сом жана ИСКАКБ Мүрөк-Суу ишканасынын кайрылуусуна негиз айылдарда таза суу менен камсыздоо токтогондуктан 200,0 миң сом акча каражаттары жалпы 369,9 сом каржылык эмес ишканаларга субсидия берүү жагы бекитилсин.
19. Кеңеш айыл аймагындагы орчундуу деп эсептелген көйгөйлүү маселелерди каржылоого 1 млн 495 миң 200 сом акча каражаты ажыратылсын жана бул сумманы айылдарга бөлүштүрүп мыйзамдуу сарпталышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин “Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссиясы тапшырылсын.
20. Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын сессиясын уюштурууга жана сессиянын документтерин мыйзамдаштыруу үчүн даярдоого компенсация төлөнүп берүү жагы бекитилсин.
21. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнун башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
22. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү”Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий WEB-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
23. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э. Арзыкуловко жүктөтүлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К. Аттокуров. |