Загрузка документа…
ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №93
Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Ийри-Суу айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга карата 15 пунктан турган иш- планы жана 14 пункутан турган уюштуруу – массалык иштери бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Курманбеков. |
Тиркеме
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин 2019-
жылдын 03-апрель № 93 токтому менен
бекитилген
Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн
иш планы
I .2019-жылы Ийри-Суу айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1.Айылдыккеңештин 2019-жыл үчүн иш-планын бекитүү (2019-жылдын I - кварталы , кеңештин төрагасы)
2. Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтү
ү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн программаларын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2019- жыл үчүн жылдык отчет ( 2019- жылдын I- кварталы Тиленбаев А. К. )
3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткрылышы ( айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагсы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи А. Айтиев. 2019- жылдын I - кварталы )
4. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2018- жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ( айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси )
5.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2019- жылга бюджеттин кирешелер , чыгашалар боюнча бекитүү ( 2019-жылдын I- кварталы айылдык кенештин финансы – бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси )
6.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018- жылдагы киреше, чыгаша жылдык отчетун угуу ( Жайыт комитетинин төрагасы У. Абдуллаев 2019- жылдын I- кварталы )
7. Ийри-Суу айыл аймагын социалдык – экономикалык жактан өнүктрүүнү жана коргоонун 2019- жыл үчүн программасын жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыжаларын бекитүү ( 2019- жылдын I- кварталы , Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Тиленбаев А. К )
8.Бюджеттин 2019- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык, 9 айлык жана жылдык планынын аткарылышы жөнүндө ( 2019- жыл, айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси Ийри-Суу айыл өкмөтү А. Тиленбаев август , октябрь айлары )
9. Ийри-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин 2019- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 9 айлык жана жылдык планынын аткарылышы жөнүндө ( 2019- жыл, айылдык кенештн финансы- бюджет жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларынын төрагасы жана жайыт комитети тогуз айлык отчету октябрь ,жылдык отчету 2020-жыл февраль айлары ).
10. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторунун жыл ичинде аткарыган иш- планынын жылдык отчетун угуу жана кароо ( учаткалык инспектор 2019- жыл декабрьайы ).
11. Айылдык кенештн туруктуу комиссияларынын жылдык отчетун угуу. (декабрь айы)
12. Кезексиз сессияларды өткөрүү ( жыл ичинде )
13.Туруктуу комиссиялардын иш- планын бекитүү ( апрель 2019- жыл айы )
14.Айылдык кенешинин төрагасынын отчетун угуу ( 2020- жыл февраль )
15.Айыл өкмөтүнүн социалдык стратегический планынын бир жылдыгын бекитүү. ( март айы)
II. Уюштуруу-массалык иштер
| № | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү | ||||
| 1 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Кварталда бир жолу | Кеңештин төрагасы |
| ||||
| 2 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | 4 айда бир жолу | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
| ||||
| 3 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | 6 айда бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
| ||||
| 4 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
| ||||
| 5 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү |
| ||||
| 6 | Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) | Жылына 1, 2 жолу | Кеңештин төрагасы |
| ||||
| 7 | Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө | 2019-жыл, сентябрь | Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия |
| ||||
| 8 | Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө | |||||||
| 9 | Алтынчы чакырылыштагы Ийри-Суу айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2019-жылдын ар бир кварталында | Кеңештин жооптуу катчысы |
| ||||
| 10 | Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү | 2019-жыл квартал | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
| ||||
| 11 | Ийри-Суу айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2019-жыл, 2-квартал
| Айыл чарба жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиялар |
| ||||
| 12 | Ийри-Суу айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы | |||||||
| 13 | Айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү | Биринчи квартал | Айыл өкмөтү |
| ||||
| 14 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө | 2019-жыл, март | Кеңештин төрагасы |
| ||||
|
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Курманбеков. |
| ||||||
| |||||||||