Загрузка документа…
ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №94
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2019- жылдык иш–планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын биринчи жарым жылдык иш- планын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТТОМ КЫЛАТ:
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 30 пункутан турган 2019- жылдын биринчи жарым жылдык иш- планы бекитилсин.
2.Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Курманбеков. |
Тиркеме
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин 2019-
жылдын 03- апрель № 94 токтому менен бекитилген
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын I – жарым жылдыгына карата түзүлгөн
ИШ- ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу иш – чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аппараттык кенешмесинде каралуучу маселелер | |||
1 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн 2018- жылдын жыйынтыгы жана 2019- жылга карата милдеттери | Январь | Г. Абдыразакова А. Айтиев С. Осмонов |
2 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча | Февраль | Айыл чарба тармагы А. Исмаилов Айыл башчылар |
3 | Билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча | февраль | Орун басар Соц. адис |
4 | Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “ Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Ийри-Суу айылындагы филиалынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | Дайыма | Соц. тармагы |
5 | 2019- жылдын түшүмү үчүн жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | Март | Айыл чарба тармагы Жер адис Айыл башчылар |
6 | Айылдык участкалык инспекторлордун жүргүзүп жаткан иштери боюнча | Март | Соц. адис |
7 | Айыл өкмөтүнүн электрондук башкаруу боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттери | Июнь | Айыл өкмөтү |
8 | 2019- жылдын түшүмү үчүн жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | Март | Жер адиси |
9 | Айыл өкмөтүнүн аймагында жөлөк пул алуучулар боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | дайыма | социалдык тармагы |
10 | Айыл аймактарда айлана чөйрөнү жашылдандыруу- көрктөндүрүү боюнча | Март | Айыл чарба тармагы Жер адис Айыл башчылар |
11 | Дин боюнча иш-аракеттер жөнүндө | дайыма | социалдык тармагы
|
12 | Кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо боюнча | Июнь | Айыл чарба тармагы жер адис |
Уюштуруу жана практикалык иш- чаралар | |||
1 | Жогорку органдардан келген токтом, буйруктардын жана жарандардын кайрылууларын кароодогу аткаруучулук тартиби боюнча | дайыма | Г. Абдыразакова |
2 | Жергиликтүү бюджеттин прогноздук көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу | Дайыма | Айыл өкмөт |
3 | Айыл өкмөтүнүн бюджетине салыктардан жана жыйымдардын чогулушуна мониторинг жүргүзүү | Ай сайын | ФЭБ башчысы |
4 | Жаш өспрүмдөр арасында кылмыштуулукту, социалдык ооруларды алдын алуу боюнча иш –чараларды өткөрүү | Дайыма | Соц адис. Соц педагогтор |
5 | Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу боюнча рейддерди өткөрүү | График боюнча | Соц. адис |
6 | Улуу Ата- Мекендик согуштагы Жеништин 73 жылдыгын майрамдоо боюнча | Май | Соц. адис |
7
| Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу | июнь | Соц. адис |
8 | Каада салт боюнча иш алып баруу | дайыма | Айыл башчылар, аялдар кеңеши, аксакалдар кенешинин төрагасы |
9
| Гендердик теңчилик боюнча | Квартал боюнча | Соц. адис |
10 | КААБ боюнча | Квартал боюнча | КААБ башчысы |
11 | Этика боюнча | дайыма | С. Осмонов |
12 | Айыл өкмөтүнүн башчысы эл менен жолугушуусу боюнча | Квартал боюнча | Айыл өкмөтү |
13
| Вет адистин аткарып жаткан ишин көзөмөлдөө | Дайыма | Айыл өкмөтү |
14 | Этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча
| Квартал боюнча | Айыл өкмөтү |
15 | Салыктардын аткарылышы боюнча
| дайыма | К. Мамадалиев |
16 | Айыл аймагында көрнөк жарнактардын абалын көзөмөлдөө | Дайыма | Орун басар |
17 | Айыл башчылардын аткарып жаткан иштерин көзөмөлдөө | Дайыма | Г. Абдыразакова |
18 | “ Жаны доорго кырк кадам”Улуттук стратегиянын алкагында иш- чараларды аткаруу | Дайыма | Айыл өкмөт. |
|
|
Жоопту катчы: |
Г. Абдыразакова. |