Загрузка документа…
ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №95
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү жана анны бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн уюштуруу аркылуу жергиликтүү деңгээлде юридикалык жана физикалык тараптарга жеткиликтүү, сапаттуу, мамлекеттик жана муницпалдык кызматтарды «Бир терезе» ыкмасында көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго – кырккадам» (кадам 1 жана кадам 2) Программасын ишке ашыруу максатында Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө Жобосу снушталган өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жактырылсын жана бекитилсин.
2. Жободогу борборду түзүүнүн милдеттерин жана анын ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартибин ишке ашыруу Ийри-Суу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырсын жана мониторингдин натыйжасы айылдык Кеңештин сессиясында бир жылда бир жолу талкууланып турулсун.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин Мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мамадалиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Курманбеков. |
Ийри-Суу айылдык кеңешинин
V I-чакырылышындагы кезексиз
ХVI - сессиясынын 2019-жылдын 03 –апрелиндеги № 95 токтомуна тиркеме
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө
ЖОБО
ЖАЛПЫ ЖОБО
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору - оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды «Бирдиктүү терезе» ыкмасында бир бөлмөдө уюштурат жана көрсөтөт.
Ушул Жобо Ийри-Суу айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана аларды бир жерде уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү борборун түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн уюштурууну белгилейт.
Кызмат көрсөтүү борбору юридикалык жана физикалык тараптарга мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен өз ара аракеттешүүнүн негизинде мамлекеттик жана муницпалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлөт.
Кызмат көрсөтүү борбору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын кызматтарын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бир жерден алуусун шарттайт. Кызмат көрсөтүүдө иштөө тартиби, ачык-айкындуулук, убакытты үнөмдөө жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара аракеттешүүсү камсыздалат.
Айылдык кеңештин макулдугу боюнча айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүү борборун түзөт жана анын ишмердүүлүгүн уюштурат.
Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнүн укуктук негизин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таза коом» Улуттук программасы, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнсотор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-18ү38 буйругу, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актылар жана ушул Жобо түзөт.
КЫЗМАТ КӨРСӨТүүНүН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Борборду түзүүнүн максаты.
Кызмат көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, кызмат алуу убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга бирдей мүмкүндүктү камсыздоо.
Борборду түзүүнүн милдеттери
Кызмат алуучулар жана берүүчүлөр үчүн ыңгайлуу техникалык жана тейлөө шарттарын түзүү.
Оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин жарандарды бир бөлмөдө кабыл алууну уюштуруу.
Кызмат көрсөтүү борборунда юридикалык жана физикалык тараптарга бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды «Бир терезе» ыкмасында көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Кызмат алуу үчүн келген жарандардын күтүү убактыларын, чыгымдарын жана мамлекеттик жана муницпалдык бийлик органдарына келип кетүү сандарын кыскартуу.
Ведомстволор аралык, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен айыл өкмөтүнүн маалыматтык жана документтик өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияны колдонуунун эсебинен кайрылган жарандар менен кызматтагы кишинин байланыш санын кыскартуу.
Кызмат көрсөтүүдөгү бюрократиялык процедураларды кыскартуу жана коррупциялык элементтерди жоюу.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтуулугун, укуктук аң-сезимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ БОРБОРУН ТҮЗҮҮ ЖАНА АНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУНУН ТАРТИБИ
Айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү
жөнүндө Жобо жана айылдык кеңештин токтому (Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө Жобо айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү үчүн айыл өкмөтүнүн имаратында
бир бөлмөдө кызмат көрсөтүүчүлөргө жана алуучуларга жумуш орундарын, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.
Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча айыл өкмөт
башчысынын чечими менен анын орун басарына же жооптуу катчыга милдеттендирүү.
Кызмат көрсөтүүчүлөрдү офистик жабдуулар менен камсыздоо, алардын
интернет менен кошулуусун, автоматташтырылган маалыматтык системалар менен иштөөсүн ишке ашыруу.
Кызмат көрсөтүү борборунун иштөө графигин түзүү жана аны көрүнүктүүжайга илүү.
Кызмат көрсөтүү борборунда кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик бийликтин
аймактык органдарынын тизмесин, кызматчылардын байланыш телефондорун жана алардын иштөө графигин илүү.
Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын
реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.
Муниципалдык кызматчылардын аткаруусундагы кызмат көрсөтүү борборунун
багыттагы негизги иштерин уюштуруу:
Юридикалык жана физикалык тараптардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылууларын иштеп чыгууну ишке ашыруу.
Кайрылууларды кабыл алуудан баштап аны көзөмөлдөн алууга чейин жумушчу процесс иштелип чыгат.
Жарандардын суроо-талабына ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында административдик кызматтарды (маалым- каттарды, маалыматтарды берүү) көрсөтүүнү ишке ашыруу.
Ар бир керектөөгө ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында көрсөтүлүүчү бири-бири менен байланышкан административдик кызматтардын административдик регламенттери - жумушчу процесстери иштелип чыгат.
Муниципалдык кызматтардын базалык реестри боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси иштелип чыгат жана алардын негизинде кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
Бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө юридикалык жана физикалык тараптарды маалымдоо, кеңеш берүү, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу.
Кызмат көрсөтүү борборунда зарыл маалыматтар, документтердин үлгүлөрү, мамлекеттик документтерди алуу үчүн керектүү болгон документтердин тизмеси ж.б. илинген маалымат тактайларын илүү.
Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын
реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда юридикалык жана физикалык тараптарга практикалык жардамдарды көрсөтүү.
Практикалык жардамдардын тизмеси – документтерди нускалоо, текстерди компьютерде жазып берүү, электрондук почтаны, интернетти колдонуу ж.б.
Кызмат көрсөтүү борборуна кайрылуунун тартиби.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат алуу үчүн негиз болуп юридикалык жана физикалык тараптардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле электрондук почта, интернет каражаттары аркылуу кайрылуулар эсептелинет.
Кайрылуу учурунда кайрылуучу тарап өздүгүн тастыктаган документин көргөзөт.
Юридикалык жана физикалык тараптарды кабыл алууда кызмат көрсөтүү борборундагы муниципалдык кызматкер көрсөтүлүүчү кызматтын сапаты жана этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Кызматташуу жанан өз ара аракеттешүү
5.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү социалдык өнөктөштүк принцибине негизделет. Мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кызматташууга жана өз ара аракеттешүүгө багытталат.
Мониторинг жүргүзүү
6.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырат.
6.2. Мониторингдин натыйжасы айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна коюлат.
6.3. Ушул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтү тарабынан киргизилет жана айылдык кеңештин кароосуна коюлуп бекитилет.
6.4. Кызмат көрсөтүү борборун жоюу же кайра уюштуруу маселеси тууралуу токтомду айылдык кеңеш кабыл алат.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | Абдыразакова Гульшат . |