Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 185
Райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Б.Токторбаевдин, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин башчысы Д.Кадырбердиевдин жана «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын башчысы М.Эндешовдун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15,16-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 28-майындагы №10 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Б.Токторбаевдин, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин башчысы Д.Кадырбердиевдин жана «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын башчысы М.Эндешовдун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Райондук электр тармактар ишканасы (Токторбаев Б.А), Ош шаардык электр энергия сатуу мекемеси (Кадырбердиев Д.М), «Ошсвет» муниципалдык ишканасы (Эндешов М.А) 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө өз убагында даярдыктарды көрүү милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (Сарыбашов Т.Н):
-Ош шаарынын көчөлөрүндөгү бак-дарактарды отургузуу иштеринде электр чубалгыларынын коопсуздугун эске алып, тиешелүү кызматтардын макулдугу менен иш алып барууну камсыздоо;
-Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жана жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тиешелүү мекеме-ишканалар менен иш алып баруу тапшырылсын;
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |