Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 190
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 24-майындагы № 1511/08-6 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2019-жылдын 23-майындагы № 2 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 30-майындагы № 31 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы төмөндөгү аты жок көчөлөргө төмөндөгү инсандардын ысымдары ыйгарылсын:
- Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы, Ж.Мамытов атындагы мектептин түштүк тарабындагы 350 метр узундуктагы, аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Амиракулов Макамбайдын (карта тиркелет);
- Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы, Ош Мамлекеттик университетинин кампусунун батыш тарабында жайгашкан жаңы конуштагы 1200 метр узундуктагы, аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Кабылов Абийдин (карта тиркелет).
2. Көчөлөрдүн аттары жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.
3. Көчөнүн аты жазылган көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (И.Сансызбаев), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |