Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №4/5
Күнтуу айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңештин депутаттары талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын кенешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
2. Күнтуу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобо кабыл алынсын; (№1 тиркеме 1 баракта)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов. |
Күнтуу айылдык кенешинин
2019-жылдын 17-июлундагы
IX чакырылышынын кезексиз
IV сессиясынын
№4/5 токтомунун
№1 тиркемеси
«Күнтуу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо.
1.Жалпы түшүндүрмө.
1.1. Бул жобо «Күнтуу айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2, «Күнтуу айыл аймагынын ардактуу атуулу» (мындан ары-ардактуу атуул) наамы жаштарга, коомчулукка үлгү болуу максатында эл үчүн кызмат кылып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, сырттан инвестиция тартып, эл агартуу жана медицина, спорт, маданият ж,б. чөйрөсүндө көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, өзүнүн улгүлүү журүм- туруму менен айырмаланган, аймактын өсүп- өнүгүүсүнө, сыймыгын, кадыр- баркын көтөрүүдө салым кошкон жана коомдук иштерге активдүү катышкан жарандарга берилет.
1.3, « Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме ишканалардын жамааты, коомдук саясий уюмдар, райондук мамлекеттик администрация, айылдын жашоочулары ээ болушат.
1.4. « Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча тийиштуу документтерди айыл өкмөтү кабыл алып, айылдык кеңештин кароосуна жөнөтөт.
1.5. «Ардактуу атуул» наамы бир жылда 1- 5адамга чейин берилет.
2. «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруудагы негизги документтер:
2.1. Паспорттун көчүрмөсү
2.2. Резюме, өмүр баяны.
2.3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
2.4 Жасаган иштеринин баяндамасы.
2.6. Алган мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөсү
2.7. Сүрөт 3х4 2 даана.
3. « Ардактуу атуул» наамынын ыйгаруу тартиби.
«Ардактуу атуул» наамы айылдык кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын көпчулүк добушу менен ыйгарылат жана маалымат каражаттарына жарыяланат.
«Ардактуу атуул» лентасы, төш белгиси,күбөлүк, кагазы атайын рамкага салынат жана тийиштуу документтерине Айылдык кеңештин төрагасы кол коет жана мөөрү басылат.
«Ардактуу атуул» наамы тийиштүү даталуу күндөрдө берилет.