Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу №5/2
Күнтуу айыл аймагындагы 2020-жылга карата биргелешкен аракет планын бекитүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңеши, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевдин маалыматын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Күнтуу айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жыйындын негизинде көтөрүлгөн көйгөйлөрдөн чыккан биргелешкен аракет планы 2020 –жылга карата №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов. |
Тиркеме №1
Күнтуу айыл аймагындагы
2019-жылдын28-июнундагы
№3 элдин жыйындын
протоколунун негизинде бекитилсин
Күнтуу айылдык кенештин төрагасы
У.Астаркулов
1. Электроэнергиянын жетишсиздиги (жаны трансформатор орнотуу). Кунтуу,Шалта,Чон-Жар,Кичи-Шалта айылдары;
2. Мектепке чейинки балдарга билим алууга шарттардын жоктугу, Кунтуу,Шалта,Чон-Жар,Кичи-Шалта айылдары;
3. Жашоочуларга таза суунун жетишсиздиги, Кунтуу,Шалта.Чон-Жар,Кичи-Шалта айылдары;
4. Окуучуларга билим алууга шарттардын начардыгы, Кунтуу,Чон-Жар,Шалта айылдары;
5. Спорт менен машыгууга шарттын жоктугу,Чон-Жар, Кичи-Шалта айылдары;
6. Ички жолдордун абалынын начардыгы Күнтуу, Кичи-Шалта айылдары;
7. Кунтуу айыл өкмөтүнүн имаратын өңдоп түзөөдөн өткөрүү;
8. Айдоо жерлерди суу менен камсыз кылуудагы каналдардын начардыгы;
9. Ички жарыктандыруунун жетишсиздиги, Күнтуу,Шалта айылдары;
10. Айыл жергесинде тургундардын сергек жашоо үчүн коомдук мончонун жоктугу, Күнтуу,Шалта,Чон-Жар айылдары;
11. Күнтуу айылында таштанды таштоочу жайдын жоктугу, Күнтуу айылы;
12. Чон-Жар айылында маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттын жоктугу,Чон-Жар айылы;
13. Көчөлөрдү көрктөндүрүү ,жашылдандыруунун жоктугу.Күнтуу,Шалта айылдары.
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы: | А.Сейдалиев. |