Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 191
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 31-майындагы отурумунун № 15 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына, жергиликтүү бюджеттин эсебинен:
-Ош шаарынын Озгур айылындагы Родник, Геология жана Солнечная ущелья аймактарына таза суу чыгаруучу насосту оңдоого 495 480 сом жана Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын оңдоп түзөөгө 994 200 сом акча каражаттарынын;
-Ош шаарындагы түзүлүп жаткан 6 аксакалдар сотторун кошумча каржылоого 170,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап каржылоо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Баймурат уулу Б.) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2019-жылдын 11-июнундагы кезектеги
XXI сессиясынын
№ 191 токтомуна тиркеме
1. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына:
-1700,0 миң сом акча каражаты Төлөйкөн кичи районундагы №1, Курманжан-Датка көчөсүнүн №262, Масалиев проспектисиндеги №88, Д.Садырбаев көчөсүнүн №2, №4 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына, Джим көчөсүнүн №7, №9 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна жана Амир-Темур кичи шаарчасынын Султанов тар көчөсүнө балдар ойноочу аянтчаларды курууга;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы Кыргыз Улуттук Драма театрынын түштүк жагында жайгашкан бакчага шаардыктардын эс алуусуна шарт түзүү үчүн 15 даана отургуч орнотуу үчүн;
-150,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылынын Ташкулов, Тилекматов, Нак бак, Соколок көчөлөрүнө 25 даана электр мамычаларды орнотууга;
-210,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына, Гүлбаар-Төлөйкөн айылына 28 даана электр мамычаларды орнотууга;
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына:
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы №12 Крупская атындагы көмөкчү мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
-500,2 миң сом акча каражаты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Орке айылындагы Ч.Тулебердиев атындагы орто мектебинин кичи футбол аянтчасын жасалма чөп менен төшөөгө (искусственная трава);
-300,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы №78 “Ширинтай” балдар бакчасынын оңдоо иштерине;
-150,0 миң сом акча каражаты №32 “Ж.Мамытов” атындагы орто мектебинин терезелерин оңдоого;
-150,0 миң сом акча каражаты №72 “Жеткинчек” балдар бакчасынын короосун тосмо менен тосууга;
-75,0 миң сом акча каражаты №36 “Ч.Айтматов” орто мектебинин суу түшүүчү түтүктөрүн жана класстарынын жарык берүүчү каражаттарын жаңылоо үчүн;
Ош шаардык спорт жана дене тарбия комитетине:
-75,4 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын курама командасынын Токтогул шаарында шаардык Кеңештердин депутаттарынын арасында өтүүчү кичи футбол боюнча турнирге барып келүүсү үчүн;
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына:
-85,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешине келген иш кагаздары менен иш алып баруучу адистин иш бөлмөсүнө пластиктен тосмо орнотууга жана иш кагаздарын сапаттуу, коопсуз сактоо үчүн зарыл болгон темир шкаф менен камсыздоого жана иш бөлмөнүн терезесин пластик терезеге алмаштырууга;
Ош шаарынын мэриясына:
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Мичурин көчөсүнүн №43 “А” үйүнүн тургуну С.Абдухаликовдун дарылануусуна;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын М.Алымбеков көчөсүнүн №27 үйүнүн тургуну С.Салаховдун дарылануусуна;
Ош шаардык Кеңешине:
-277,7 миң сом акча каражаты 2019-жылдын II жарым жылдыгынан Ош шаардык Кеңешине 1 чарба жүргүзүүчү жана 1 инженер программист штаттык бирдиктерин алууга.
“Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына:
-60,0 миң сом акча каражаты Исанов көчөсүнүн №45 көп кабаттуу үйүнүн кары картаңдар жана майыптар жашаган 3 подьездине код менен ачылуучу темир эшик койдуруу үчүн;
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин м.а. К. Камчиев