Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты №13/3
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Капчыгай айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Капчыгай айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Капчыгай айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча иштелген Жобо бекитилсин (Тиркеме тиркелет)
2. Капчыгай айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча иштелген Жобону аткаруу максатында Капчыгай айыл аймагында комиссиянын курамы түзүлсүн.(Тиркеме тиркелет)
3.Капчыгай айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча иштелген Жобону аткаруу Капчыгай айыл аймагында түзүлгөн комиссиянын курамына тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кеңешинин төрайымы: | П.Сайдилканова. |
Капчыгай айылдык Кенешинин 2019-жылдын
15-мартындагы №13.3 токтомуна 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Капчыгай айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча тузулгон ЖОБОСУ
Тажияда маркумду узатууда ыксыз чыгымдарды азайтуу.
1. Тажияда жана жылдыкта эки кой же бир бододон ашык союулбасын. Сөөк кайтаргандарга союуш союулбасын. (Эки кой союулса бодо союулбайт, бир бодо союулса жандык союлбайт жана дасторкондун чыгымы азайтылып тажия ,жылдыкта боорсоктор жасалбасын)
2. Жылдыкта маркумга катмы окутулсун,бирок эч кандай себеттер, ашыкча буюмдар (жайнамаз, идиш аяк,чай чамек ж.б.) берилбесин.
3. Үчтүк, пайшамбилик, жетилик, жумалык жана кырктык өткөрүүгө тыюу салынсын.(биринчи пайшамбалик откорулсун)
4. Өткөн маркумду эскерип көк кийүү маркумдун кыздарына жана жубайына гана болсун. (башка эч кандай тууган уруктарына жана эркек адамдарга кийит кийгизилбейт жана тажиядагы тизмеге алыс тууган уруктарын жаздырбайт,алыскы жактан келген кыздарга койнок жоолук салынбайт) Көк кийүү шариатта жок экенин айылдын имамдары элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
5. Чай ичирүүгө, союш жетелөөгө, атайын үй бөлүп коноктоого, сандык ачууга, жыртыш берүүгө, себет алып барууга, себет кабыл алууга тыюу салынсын.(акчалай берүү жагы белгиленсин)
6. Маркумдун бейитине эстелик тургузулбасын. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы. Толгон күмбөздөр кайра жайга иштетүүгө берилсин.
Капчыгай айылдык Кенешинин 2019-жылдын
15-мартындагы №13.3 токтомуна 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Капчыгай айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча Капчыгай айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын
К У Р А М Ы
1. М.Сатыбалдыев – айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы
2. П.Сайдилканова - айылдык Кенешинин төрайымы, комиссиянын катчысы
3.Б. Сатылганов – милициянын аймактык ыйгарым өкүлү
4. Т.Кадыров- Сары-Бээ айылынын тургуну,ардагерлер кенешинин мүчөсү
5.Г.Жакыпова – Аялдар кенешинин төрайымы, комиссиянын мүчөсү
6. Э.Касымалиев – Жаштар комитетинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү
7. Ш.Мамаков – Терек-Суу айылынын тургуну,комиссиянын мүчөсү
8. Ж.Ысаков –Сары-Бээ айылынын имамы,комиссиянын мүчөсү
9. Арзи у.Азизбек – Сары-Бээ айылынын депутаты,комиссиянын мүчөсү
Капчыгай айылдык Кеңешинин төрайымы: | П.Сайдилканова. |