Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 192
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылынын 04-апрелиндеги №275/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамына ылайык, аксакалдар сотторунун ишин жөнгө салуу, иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/88 “Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти жөнүндө” буйругун аткаруу максатында жана Ош шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери” боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 29-майындагы № 9 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Аксакалдар сотторунун иштеринин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Аксакалдар соттору Кыргыз Республикасынын “Акасакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 10-беренесинде көрсөтүлгөн принциптердин негизинде түзүлсүн.
3. Ош шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 30-июлундагы № 56 “Ош шаарынын аксакалдар сотторунун иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин иштери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
тиркеме №1
Ош шаардык Кеңешинин
2019-жылдын “ 11”июнундагы
№ 192 токтомуна
I бөлүм. Жалпы жоболор
1.1 Ош шаарынын аксакалдар сотторунун регламенти – Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы №113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык аксакалдар сотторунун иш-аракеттерин, укуктук негиздерин, иш принциптерин, иш-кагаздарды жүргүзүүнү уюштурууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт.
Аксакалдар сотторунун ишинин регламенти – Ош шаардык Кеңеши тарабынан иштелип чыгып, Ош шаардык сотунун төрагасы, Ош шаарынын прокурору жана Ош ш. ИИБнын башчысы менен алдын-ала макулдашуудан кийин Ош шаардык Кеңештин сесси- ясында бекитилет.
1.2 Аксакалдар соттору- бул ыктыярдуу башталыштарда, шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кароону жүзөгө ашыруучу коомдук орган.
1.3 Аксакалдар соттору юридикалык жак болуп эсептелбейт жана юстиция органдарында катталууга алынбайт. Аксакалдар сотторунун аталышы жазылган мөөрү жана штамптары болот.
1.4 Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдары, ушул Регламент жана башка ченемдик укуктук актылары түзөт. Ошону менен бирге аксакалдар соттору өзүнүн ишинде өздөрүнүн абийирин, жеке ынанымдарын, Кыргызстандын элдеринин үрп-адаттарынан жана салт-санаасынан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ченемдерин жетекчиликке алышат.
II бөлүм. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби
2.1. Аксакалдар соттору Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнундө” мыйзамы менен аныкталган принциптердин негизинде түзүлөт:
1) эгер тургундардын саны 25 миңден ашпаса- бир аксакалдар соту;
2) эгер тургундардын саны 25 миңден 50 миңге чейинди түзсө-эки аксакалдар соту жана андан ары;
2.2. Аксакалдар соттору 5тен кем жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө 5,7 же 9 болууга тийиш.
2.3 Аксакалдар сотунун мүчөсүнө Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы менен аныкталган аксакалдар сотторуна коюлуучу талаптарга ылайык келген талапкерлер киришет.
2.4. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жашаган жери боюнча жарандардын жалпы чогулуштарында, ошондой эле коомчулуктун Кеңештеринин конференцияларында, шаардык кеңештердин сессияларында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат.
2.5 Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан же болбосо 50 адамдан кем эмес жарандардын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
2.6 Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча жарандардын жалпы чогулушун өткөрүүнү МАБ жана тургундардын демилгелүү тобу тарабынан уюштурулат жана бир ай мурда Ош шаарынын мэриясында чогулуштун өткөрүлө турган датасын, убактысын жана ордун бекитет, Ош шаардык Кеңешке жана тийиштүү аймактын жашоочуларына билдирүү берилет.
2.7 Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган жарандар соттун курамына шайланды деп эсептелинет. Эгерде чогулушка ошол калктуу конуштун аракетке жөндөмдүү 50 дөн кем эмес жарандары катышса, чогулуш ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
2.8 Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча тургундардын чогулушун төрага алып барат. Жалпы чогулуштун төрагасы жана катчысы бул чогулушка катышып жаткан тургундардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.
2.9 Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулушун өткөрүү үчүн тургундар керектүү санда жыйналбаса, аталган иш-чара чогулуш өткөрүлгөндөн 15 күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырылат. Экинчи ирет жыйналышка тургундар керектүү санда жыйналбаган учурда МАБ аймактын коомчулугунун кеңешинин өкүлдөрү менен бирге (кварталдык же үй комитеттери, аялдар жана жаштар кеңештери, ардагерлер кеңештери) тийиштүү аймактын тургундарынын ичинен аксакалдар сотунун курамына киргизүү үчүн талапкерлерди көрсөтүшөт жана Ош шаардык Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.
2.10 Аксакалдар сотунун курамын бекитүү тууралуу чечимди коомчулуктун өкүлдөрү менен макулдашылган МАБдын сунушу боюнча Ош шаардык Кеңештин сессиясы кабыл алат.
2.11 Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү шайлангандан кийин өз курамынын ичинен 7 календардык күндүн ичинде төраганы жана катчыны шайлашат.
2.12 Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык аксакалдар соттору Ош шаардык Кеңешинде катталат. Учеттук каттодон өткөн аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр тапшырылат. Муципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан аксакалдар сотторунун аталышы жазылган мөөр жана штамптары берилет.
2.13 Иштерди кароодо аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иш стилиндеги кийимди кийүүлөрү зарыл.
III бөлүм. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) даярдоонун жана кароонун тартиби
3.1 Аксакалдар соттору Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык төмөнкү иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:
а) жарандардын мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштары жөнүндө:
- мүлктүк карыздарды төлөтүп алуу боюнча;
- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайра суратып алуу боюнча;
- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайтарып алуу боюнча;
- сактоого коюлган мүлктү кайтарып алуу боюнча;
- ижаралык төлөөнү өндүрүп алуу боюнча;
- зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу боюнча;
- жубайлардын жалпы орток мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;
- улуттук нике мамилелери жана нике-үй-бүлө мамилелери менен байланышкан каада-салттар боюнча;
б) ата-энелердин, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же аларды белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
г) эмгек келишими боюнча аткарылган иш үчүн акы төлөө жөнүндө;
д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;
е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча;
ж) адамдын жосунунда кылмыштын курамы болбогон учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу.
3.2 Аксакалдар сотторунун ишти (материалдарды) кароонун негизи:
а) Ош шаардык Кеңешинин сунуштамасы;
б) Ош шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк, аймактык бөлүнуштөрүнүн, МАБдын сунуштамасы;
в) сот, прокурор жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;
г) жарандардын арызы;
д) башка аксакалдар сотторунун арыздары.
е) администрациялык жаза берүү укугуна ээ мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын берген иши;
3.3 Аксакалдар сотторунун кароосуна сунушталган материалдар (арыз, иш кагаздар) келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө атайын журналда катталат. Мындан сырткары келип түшкөн материалдар боюнча чечимдерди, аксакалдар соту тарабынан иштерди кароого катышуу үчүн жактарга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү каттоо журналы жүргүзүлөт.
3.4 Эсепке алуу журналдары ички пайдалануудагы документ болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралгандан башка учурларда аксакалдар сотунун төрагасынын уруксаты жок берилбейт. Журналдар көктөлүүгө, барактарына номер коюлууга жана мөөр менен басылып бекитилүүгө тийиш.
3.5 Келип түшкөн материалдар, катталган журналдар 3 жыл сакталууга тийиш жана жогорудагы мөөнөт өткөндөн кийин МАБга опись менен өткөрүлөт.
3.6 Журналдарды сактоо, туура, өз убагында маалыматтарды каттоо аксакалдар сотторунун катчысы жүргүзөт. Аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүнү жалпы жетекчиликке алуу, көзөмөлдөө .төрага тарабынан жүзөгө ашырылат.
3.7 Аксакалдар соту ишти (материалдарды) ал сотко келип түшкөн учурдан тартып 15 күндүк мөөнөттө карайт. Зарыл болгон учурларда (материалдарды) иштерди кароонун мөөнөтү материалдарды суратып алуу, болбосо сотко катышуучулардын кошумча маалыматтарды берүүсүнүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал 15 күндөн ашпайт.
3.8. Аксакалдар сотторунун ишинин негизги формасы жыйналыш саналат. Аксакалдар сотторунун жыйыны зарылчылыкка жараша материалдардын келип түшүүсүнө карата өткөрүлөт.
3.9 Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы соттун төрагасы тарабынан аныкталат. Аксакалдар сотуна катышуусу зарыл болгон адамдарды жыйынга чакыруу соттун төрагасы тарабынан милициянын бөлүктүк инспектору аркылуу жүргүзүлөт. Бул адамдарды кабарлоо үч күн мурда жүргүзүлөт.
3.10 Жыйналышта каралган маселелер аксакалдар сотторунун мүчөлөрунүн көпчүлук добушу менен кабыл алынат.
3.11 Аксакалдар сотунун жыйналышы аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнун үчтөн экиси катышкан учурда укуктуу.
3.12 Аксакалдар сотунун жыйынын төрага ачат жана аксакалдар сотунун курамы, карала турган ишти жарыялайт.
3.13 Аксакалдар сотунун мүчөсү, эгерде ал талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле, соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо, иштерди кароого катыша албайт.
3.14 Катчы жыйналыш башталганга чейин процесске катышуучу жактардын паспорттун же инсандыгын ырастаган башка документин текшерүү менен келгендигин текшерип, төрагага билдирет.
3.15 Эгерде бир ай бою кворум болбой калган учурларда аксакалдар сотторунун башка чечими кабыл алынбаса, аксакалдар сотторуна тийиштүү мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары тарабынан өткөрүлүп берилген иштери (материалдары), ошондой эле жарандардан түшкөн арыздарды алар кайра суратып ала алышат.
3.16 Аксакалдар соттору каралган иштери (материалдар) боюнча статистикалык эсебин жүргүзүшөт жана жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн иши жөнүндө Ош шаардык Кеңешине жана МАБна отчет беришет.
VI бөлүм. Аксакалдар сотунун чечими
4.1 Аксакалдар сотунун олуттуулугу боюнча чыгарылган токтому чечим түрүндө болот.
4.2 Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышкан соттун бардык мүчөлөрүнун көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирет, ал чечимге тиркелет.
4.3 Каралган иштин жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт жана токтом кабыл алынат, ага аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлуп, жыйында жарыяланат.
4.4 Аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалып, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- чыгарылган чечимдин убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, ишти кароого катышкан соттор менен адамдардын курамы;
- талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну;
- сот тарабынан аныкталган иштин жагдайы, иштин жагдайы жөнүндө сот чыгарган тыянактын далилдери, соттун тигил же бул далилдерди четке каккан жүйө-себептери;
- чечим кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар;
- каралган материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутунду;
- кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби;
- чечимди аткаруунун мөөнөтү.
Чечимге аксакалдар сотунун заседаниесинде ал жарыяланганга чейин төрагалык кылуучунун жана соттун мүчөлөрүнүн колу коюлат.
4.5 Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо, жүйөлүү себептерди түшүндүрүүчү жана резолютивдик бөлүктөрдөн турат. Киришүү бөлүгүндө аксакалдар сотунун аталышы, чечим чыгаруунун убактысы жана орду, соттун курамы, ишке катышкан жактар, талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну, аксакалдар сотунда иштин каралышына тараптардын берген макулдуктары көрсөтүлөт.
Аксакалдар сотунун чечиминин жүйөлүү себептерди түшүндүрүүчү бөлүгүндө каралып жаткан иш боюнча аксакалдар соту аныктаган жагдайлар, аксакалдар сотунун жыйынтыгына негиз болуучу далилдер, ишке катышып жаткан жактардын укутары жана милдеттери, тигил же бул далилдерди жокко чыгаруучу аксакалдар сотунун далилдөөлөрү, чечим чыгарууда аксакалдар соту жетекчиликке алган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына башка ченемдик укуктук актыларга шилтемелери камтылат.
Резолютивдик бөлүк каралып жаткан материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутундуну, даттануулардын тартибин жана чечимди аткаруу мөөнөтүн камтышы керек . Резолютивдик бөлүк аны аткарууда талаш маселе болбошу үчүн так жана ачык баяндалышы керек.
4.6 Аксакалдар сотунун чечими соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылышы керек жана аткарылышы аксакалдар соту тарабынан көзөмөлдөнөт.
4.7 Аксакалдар сотунун чечими менен макул болбогон тарап чечим чыккандан кийин 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте шаардык сотко даттанышы мүмкүн.
4.8 Аксакалдар соту төмөнкү чаралардын бирөөсүн колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат:
а) эскертүү;
б) жабыр тарткан тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук сөгүш жарыялоо;
г) күнөөлүү тарапты келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирүү;
д) айып пул салуу.
4.9 Аксакалдар соту тарабынан айып пул салуу чечими кабыл алынган учурда, аксакалдар соту укук бузуучуга чечимдин көчүрмөсүн жана белгиленген формадагы айып пул дүмүрчөгүн (квитанция) берет.
4.10 Аксакалдар сотунун чечими белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, Ош шаардык сотуна аткартуу барагын берүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.
4.11 Укук бузгандыгы үчүн аксакалдар соттору тарабынан салынган айып пул укук бузуучу тарабынан накталай же накталай эмес төлөм түрүндө банк мекемесине төгүлөт.
V бөлүм. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилелери
5.1 Аксакалдар сотуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам Ош шаардык соту тарабынан көрсөтүлөт.
Ош шаардык сотунун төрагасы өзүнүн буйругу менен аксакалдар сотуна усулдук жардам көрсөтүү жана семинардык сабактарды өтүү үчүн бир судьяны аныктап берет.
5.2 Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине ылайык жана ушул регламентте белгиленген тартипте болгон учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткарууда ага тийиштүү көмөк көрсөтүлөт.
5.3 Аксакалдар сотторунун жыйналышында укук тартибин көзөмөлдөө, ошондой эле зарыл болгон учурда аксакалдар сотторунун жайынына укук бузгандарды, жооп берүүчүлөрдү, күбөлөрдү мажбурлап алып келүүнү ички иштер органы камсыз кылат.
5.4 Муниципалдык аймактык башкармалык:
а) Ош шаардык Кеңеш тарабынан учеттук каттоо жүргүзулгөндөн кийин аксакалдар сотунун аталышы менен мөөр берет;
б) аксакалдар сотун шайлоо жана анын иши жөнүндө отчет берүүсү боюнча жашоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүдө аксакалдар сотторуна көмөк көрсөтөт;
в) иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү боюнча аксакалдар сотторуна көмөк көрсөтөт;
г) аксакалдар сотуна катышуусу зарыл болгон жактарды жыйналышка чакырууда көмөк көрсөтөт;
д) аксакалдар сотун өткөрүү үчүн жайларды белгилүү бир убакытка берет;
е) аксакалдар сотторунун ишинин мөөнөтү аяктагандан кийин каралган материалдар боюнча аксакалдар сотторунун иш кагаздарын кабыл алат жана сактайт.
ж) аксакалдар сотунун төрагасын аксакалдар сотунун өздөрүнүн чечимдери жана Ош шаардык кеңешинин токтомдору менен тааныштырат;
з) аксакалдар сотунун ишин материалдык-техникалык камсыз болушун жакшыртуу боюнча чыгымдар сметасын түзөт.
5.5 Аксакалдар сотторунун төрагалары милдеттүү түрдө Ош шаарынын мэриясынын, МАБда өткөрүлө турган кеңешмелер жөнүндө кабарланат жана аларга катышышат.
5.6 Ош шаарынын аймагында жайгашкан менчиктин бардык түрүндөгү мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери, Ош шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча зарыл болгон учурда өз кызматкерлеринин аксакалдар сотунун жыйынына катышуусун камсыз кылат.
VI бөлүм. Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
6.1 Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык камсыздоо жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүн сыйлоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын;
аксакалдар соттору тарабынан салынган айып пулдардан түшүүчү каражаттардын 70 пайызынан;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган, ар кандай юридикалык жана жеке жактардан демөөрчүлүк жардамдан түшүүчү каражаттардын эсебинен;
6.2 Аксакалдар соттору тарабынан салынган айып пулдарды жергиликтүү бюджетке чегерүү жана аны пайдаланышы муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнөт.
6.3 МАБтын башчысы аксакалдар сотунун төрагасы менен макулдашуунун негизинде чыгымдар сметасы бекитилет жана бекитилген сметасына ылайык каржыланат.
6.4 МАБтын башчысы, Аксакалдар сотун жумушчу кабинет менен камсыз кылат жана алардын толук кандуу ишмердүүлүгүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүү менен башка шарттарды дагы түзүп берүү милдеттендирилет.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин м.а. К. Камчиев