Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 193
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги №277/08-13 “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесинин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 29-майындагы № 8 токтомунун жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштардын негизинде Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча бекитилген комиссиянын курамы, ээлеген кызматтарынын аталыштарынын көрсөтүлүүсү менен гана бекитилсин(№2 тиркеме).
2. Ош шаардык Кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы №154 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобонун аткарылышын жана комиссиянын мыйзамдуу иш алып баруусун көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Баймурат уулу Б) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) жана Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2019-жылдын 11-июнундагы № 193 токтомуна№ 2 тиркеме
1 | Ош шаарынын биринчи вице-мэри | комиссиянын төрагасы |
2 | Ош шаарынын мэриясынын коргонуу, укуктартипти сактоо жана ӨК, бөлүмүнүн башчысы | комиссиянын төрагасынын орун басары |
3 | Ош шаарынын мэриясынын коргонуу, укуктартипти сактоо жана ӨК бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| комиссиянын катчысы |
4 | Ош шаардык Кеңешинин депутаты; (төраганын сунушу менен)
| Комиссиянын мүчөлөрү |
5 | Ош шаардык Кеңешинин депутаты (төраганын сунушу менен) | Комиссиянын мүчөлөрү: |
6 | Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу, жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы;
| Комиссиянын мүчөлөрү |
7 | Ош шаарынын мэриясынын шардык, чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы;
| Комиссиянын мүчөлөрү |
8 | Ош шаарынын мэриясынын Экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы;
| Комиссиянын мүчөлөрү |
9 | Муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы, (тийиштүү МАБ боюнча);
| Комиссиянын мүчөлөрү |
10 | Бей өкмөт уюмунун өкүлү | Комиссиянын мүчөлөрү |
11 | Аксакалдар сотунун төрагасы, (тийиштүү МАБ боюнча).
| Комиссиянын мүчөлөрү: |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчинин м.а.: К. Камчиев