Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу №129
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу жана курууга жер аянтчасын чектеп берүү боюнча макулдук берүү жөнүндө
Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө аталган айылдын тургундары демилге көтөрүп,элдик жыйын өткөрүлүп протокол жазылып тийиштүү токтом кабыл алынган.Элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө айылдык кеңештин сессиясынан суранышкан.Элдик жыйындын протоколунун негизинде Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жетиген айылынын жалпы жашоочуларынын аталган айылга кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндөгү жыйындын протоколу колдоого алынсын.
2.Жетиген айылына кичи футбол аянтчасы көйгөй катары кабыл алынсын.
3.Кичи футбол аянтчасын куруу үчүн Салаев орто мектебинин ээлеген жеринен 924чарчы метржер аянты бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
4.Жыйында көрсөтүлгөн демилгелүү топтун курамы бекитилсин.( № 1 тиркеме тиркелет)
5.Аталган айылга кичи футбол аянтчасын куруу үчүн проектисин,сметалык документтерин жана АПУ,ИТУ документатцияларын даярдап,Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна тапшыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6.Өздүк салымдын көлөмү 100,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |
2019-жылдын 15-июлундагы Үч-Терек айылдык
кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
XXVII сессиясынын № 129 токтомуна 1-тиркеме
Демилгелүү топтун курамы;
1.Кадыров Марат
2.Караев Каныбек
3.Жумабеков Орозмамбет
4.Бердумуратов Өмүрбек
5.Калыбеков Мелис
6.Мангиев Майрамбек
7.Жумалиев Жекшен
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Акаев. |