Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 195
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 360/08-6 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча Программасынын 2019-2020-жылдарга долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү сунуш катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 28-майындагы № 4 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча 2019-2020-жылдарга Программасы бекитилсин (программа тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) мамлекеттик социалдык заказ боюнча 2019-2020-жылдарга Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана аткаруу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2019-жылдын 11-июнундагы
№195 токтому менен бекитилген
Ош шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча
ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Мамлекеттиксоциалдыкзаказдынмаксаттарыреспубликалыкжанажергиликтүүбюджеттердинкаражаттарынынэсебинен, ошондойэлеюридикалыкжактардын, жекеишкерлердинжанажарандардынинтеллектуалдык, кадрдык, материалдыкжана башка ресурстарын тартуу жолу менен коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүү болуп саналат.
2019-2020-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказдын Программасы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 9-бөлүмүнө ылайык,Ош шаарындагы калктын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын баалоого жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде, ошондой эле маалымат базасына келип түшкөн социалдык көйгөйлөр жана коомдук пайдалуу максаттар боюнча жарандардын жана мекемелердин сунуштарынын негизинде иштелип чыкты.
Ош шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасында жергиликтүү бюджеттин эсебинен мамлекеттик социалдык заказдарды ишке ашыруу үчүн 6,0 млн сом каралган.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын февралындагы № 155 токтому менен 2019-жылы мамлекеттик социалдык заказын ишке ашырууга 1,0 млн сомкаралган.
Заказ берүүчү жалпы сумманын 5%дан көп эмес каражатын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдаланууга укуктуу.
Мамлекеттик социалдык заказ - республикалык жана жергиликтүүбюджеттенкаржылоомененкамсыздалган, келишимдикмамилелергенегизделген, жүзөгөашыруудаюридикалыкжактардыжанажекеишкерлердитартуужолумененкалккасоциалдыккызматтардыкөрсөтүүгөжебашкакоомдукпайдалуумаксаттарга жетүүгөбагытталганреспубликалык, тармактык, региондукжемуниципалдыксоциалдыкпрограммалардынбөлүгүнишкеашыруумеханизми.
Мамлекеттик социалдык заказдын программасы - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүүөзалдынчабашкарууорганытарабынанбекитилгенжанакалккасоциалдыккызматтардыкөрсөтүүгөжанамамлекеттиксоциалдыкзаказдыжайгаштырууаркылуукоомдукпайдалуудолбоорлордужүзөгөашыруугабагытталган уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы.
Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
Негизги бөлүм
Ош шаарынынтуруктуукалкынын саны 299 500 адамды түзөт, жалпыкалктын 32% - балдар (179 325), 62% – булэмгеккежарамдуукурактагылар, 7% - эмгеккежарамдуукурактанжогорулар. Медициналык диагнозу тастыкталганден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенбалдардын саны – 956.
Ош шаарынын 2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалыкөнүгүү программасындагымаалыматтаргаылайыкшааричкижанатышкымиграциянынжогоркудеңгээлимененайырмаланат. Бул,эмгеккежарамдуукалктынөсүү темпи 0,8 %, алэмикалктынэмгеккежарамдуукураккачейинкижанажогорукурактагылардынөсүү темпи 3,5 % жана 4,7 % барабарболушуменентастыкталат.
Ош шаарынын 2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалыкөнүгүү программасынынприоритеттүү багыттарынын бири- калктынжашоосун ар тараптанжакшыртуугаыңгайлуушарттарды түзүүжанакоомдункөйгөйлүүмаселелеринчечүүболупсаналат.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” 2017-жылдын 28-апрелиндеги №70 Мыйзамын Ош шаарында ишке киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 26-июнундагы №288-б буйругунун негизинде жумушчу тобу түзүлгөн.
Ош шаарындагы социалдык көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн жумушчу топтун жана эксперттердин катышуусунда Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарда, медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелериндебекитилген график боюнча 2018-жылдын 12-сентябрынан 29-сентябрына чейин фокус-группалар өткөрүлдү.
Мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоорун даярдоо максатында муниципалдык аймактык башкармалыктарда, медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында 173 көйгөйлүү маселелер аныкталды. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жана Өнүктүрүү саясаты институтунун эксперттери жана юристтери менен кеңешипсоциалдык көйгөйлүү маселелерди анализдеп, натыйжада негизги муктаж категориялар тандалып алынды.
2019-2020-жылдарга Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча Программасына Кыргыз Республикаликасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрүнүн арасынантөмөндөгүдөй приоритеттүү багыттар аныкталды:
Жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүжанабалдарды, улгайганадамдардыжанаденсоолугунун мүмкүнчүлүгүчектелгенадамдардыкоргоо;
Денсоолукжанадененинсаламаттыгы;
Коомдуктартипжанакоомдукынтымак.
Кыргыз Республикаликасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын6-беренесине ылайык мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун эки формасы тандалып алынды:
1) Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо;
2) Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүберүү.
Жогорудагы Мыйзамдын 7-беренесине ылайык социалдык көйгөйлөрдүнжанакоомдукпайдалуумаксаттардынмаалыматбазасы Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтында жарыяланды.
-Социалдык көйгөйлөрдүнжанакоомдукпайдалуумаксаттардынмаалыматбазасын аныктоо максатында Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобутарабынан 2018-2019-жылдары4 жолу отурум өткөрүлүп жана тиешелүү адистер 2 жолу Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык министрлиги жана Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан уюштурулган семинардан окуп келишти.
Анын негизинде мамлекеттик социалдык заказды Ош шаарында ишке ашыруу боюнча укуктук ченемдик актылар изилденип, процедуралар иштелип чыгып, мэриянын расмий сайтында жарыяланды (2018-жылдын 13-августу, Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты).
Аталган Мыйзамдын 9,10-беренелерине ылайык Ош шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлүп, мэриянын расмий сайтына жарыяланды.
Жарандар жана уюмдар тарабынан берилген социалдык көйгөйлөрдүнжанакоомдукпайдалуумаксаттардынмаалымат базасына киргизүүүчүн сунуштары эске алынып, аталган Программага толуктоолор киргизилди.
Ош шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын каржылоо аталган Мыйзамдын 11-беренесинин 6-пунктуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.
Ош шаарынынмэриясынын 2019-2020-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын ишке ашыруу планы
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү:
Жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүжанабалдарды, улгайганадамдардыжанаденсоолугунун мүмкүнчүлүгүчектелгенадамдардыкоргоо
Турмуштук оор кырдаалдагы улгайган адамдардынсоциалдык кызматтардыалуу мүмкүнчүлүгү
Кыргызстанда, дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөрдөйэле, улгайганадамдаркалктынбасымдуужанауламөсүпбаратканбөлүгүн түзөт. БүгүнкүкүндөОшшаарындагыжашы 60танөткөнулгайганадамдар 8%ды түзөт. 2050-жылга карата бул көрсөткүч 3 эсеге өсөт. Ош шаардыксоциалдык өнүгүүбашкармалыгынынбаалоосубоюнчажөнөкөйэлесоциалдыккызматтарүчүнтөлөйалбаганшаардагыулгайган адамдардын саны 1500 адамдан жогору.
Улгайган адамдар жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган активдүү социалдык колдоого муктаж. Социалдык кызматтар улгайган адамдардынжашоо деңгээлин жакшыртуунун таасирдүү чараларынын бири катары каралат. Булболсосоциалдыккызмат көрсөтүү системасынөнүктүрүүжана ошону менен бирге мамлекеттик социалдык заказдын негизинде жеке сектордутартуу аркылуузарылдыгыншарттайт. Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарды тейлөө боюнча социалдык кызматтарды уюштуруу менен улгайган жарандардын мончо жана чачтарач кызматтарына жетүүсү камсыз кылынат.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында жеке ишкерлер тарабынан мончо жана чачтарач кызматтарын көрсөтүү бир топ өнүккөн. Шаарда улгайган жарандар үчүн кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн топтору бар.
Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарды тейлөө боюнча социалдык кызматтарды уюштуруу үчүн, мамлекеттик социалдык заказдынсоциалдыкталондордун (ваучер) негизинде социалдык кызмат көрсөтүүформасы колдонулат.
Коомдук пайдалуу максаты:Турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарга социалдыкталондорду (ваучер) берүү аркасында социалдык кызматтарды (мончо, чачтарач) көрсөтүү
Максаттуу топ: Турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандар
Ата-энелери калтырып кеткен (камкордуксуз) эмгек мигранттарынын балдарызордук-зомбулуктун ар түрдүү формаларына кабылып жатышы
Бул көйгөй изилдөөжүргүзүү учурундабир нечефокус-топтордун алкагындажана шаардынкөйгөйлөрүнталкуулообоюнча башка аянтчаларда да белгиленген.Шаардын аймагында ички жана тышкы миграциянын деңгээлиабдан жогору.Азыркыучурда үймө-үйкыдыруунуннатыйжасында аныкталганата-энелери калтырып кеткен эмгек мигранттарынын балдарынын саны4321баланы түзөт. Булбалдарата-энесинин мээримисиз, камкордугусуз жана көзөмөлүсүзболгондуктан чоң стрессти баштан кечиришет. Жалпысынан алганда, балдар аярлуу болуп, мектепте жана үй-бүлөдөзомбулуккакириптерболуутобокелчилигижогору болууда.Натыйжада алардын окуудагы жетишүүсүначарлап, мүнөздөрүөзгөрүп, өзүн-өзүбаалоосу төмөндөп, чыр-чатактуу, депрессивдүүболушуп, көпчүлүгүндөөзөмүрүнө кол салуутууралууойлорпайдаболуп жатканы байкалууда. Башкача айтканда толук кандуу эс алуу жана теңтуштарымененбаарлашуусужок. Ата-энелери чет жактарда болгондуктанбалдардын бош убактысы толук кандуу уюштурулбайт.
Коомдук пайдалуу максат: Ата-энелери калтырып кеткен эмгек мигранттарынын балдарынын жеке инсандык дараметин көтөрүү, бош убактысын туура уюштуруу аркылуу өз ара карым-катнаш көндүмдөрүн жакшыртуу жана коомго аралаштыруу
Максаттуу топ: 10-16 жаштагы эмгек мигранттарынын балдары
1.3.үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн колдоолордун жетишсиздиги
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча 2018-жылдын 12 айында 440 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган, алардын ичинен 3 учур балдарга карата жасалган. Ал эми 2017-жылы 403 үй-бүлөлүк зомбулук катталып, алардын ичинен 1 учур жашы жете элек өспүрүмгө карата жасалган.
Көпчүлүк учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан 26-38 жаштагы толук эмес жана орто билимге ээ, документтери жок, 2 же андан көп балалуу, кесиби же туруктуу кирешеси жок аялдар жабыркашат. Алардын көпчүлүгү кайрадан үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн күйөөлөрүнө кайтууга мажбур болушат. Кайрылган аялдардын арасынан көбү психологиялык жана материалдык жактан көз каранды болбоого мүмкүнчүлүк түзө турган социалдык жардамдын зарылдыгын белгилешкен.
үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн укуктук, социалдык, медициналык жана психологиялык жардамдардын жетишсиздиги көп жылдардан бери аялдардын зомбулукка кабылышына алып барат. Зомбулукка бир эле аялдар эмес, алардын балдары да кабылышат. Зомбулук менен ырайымсыз мамиленин чөйрөсүндө чоңойгон балдар кийин өз үй-бүлөсүндө жана коомдо зөөкүр болуп чыгышат.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп эсептелет.
Коомдук пайдалуу максат: үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга зарыл болгон социалдык жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүү, алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
Максаттуу топ: үй-бүлөлүк зомбулуктанжабыркаганаялдар
Ден соолук жана дененин саламаттыгы
2.1. Калк арасында кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИД сыяктуу жугуштуу оорулардын санынын өсүшү.
Мамлекеттик структуралар, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынган чараларга карабастан Кыргызстанда АИВ (ВИЧ) инфекциясына чалдыккандардын саны өсүүдө. Маселен, 2011-жылдан 2017-жылга чейин эки эсеге көбөйүп, 3673 учурдан 7948 учурга чейин жеткен.
2016-жылы ВИЧ илдети менен ооругандардын эң жогорку көрсөткүчү Ош шаарында (1000 адамга – 2,6 учур) жана Чүй областында (-1,5; жалпы өлкө боюнча 1000 адамга - 0,8 учур)катталган.
АИВ-КИВС – оорусу азыркы күндө актуалдуу маселелердин бири болуп калууда. 2018-жылы Ош шаары боюнча 1098 учур катталып, алардын ичинен эркектер 779 (70,9%), аялдар 322 (29,3%) учурду түзгөн. Жашы боюнча салыштырганда көпчүлүгү 30-39жаштагылар арасында 418 учур катталган (38,6%). Жугуу жолдору боюнча: кан аркылуу жуктургандар 695 (63,2%), жыныс аркылуу 366 (33,3%), энеден балага 36 учурду (3,2%) түзгөн.
2018-жылы АИВ оорусунун 56 учуру катталып, 40 учуру шаар тургундары арасында катталган, 16 учуру башка райондон келгендер арасында катталган, ал эми 14 жашка чейинки балдар арасында 3 учур катталды.
Кыргыз Республикасы – кургак учук илдети боюнча жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарына кирет. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун маалыматы боюнча Кыргызстан кургак учуктун жогорку деңгээлдеги көптөгөн дарыларга туруктуу түрлөрү бар дүйнөнүн 27 өлкөсүнүн катарында.
2017-жылы Кыргыз Республикасында 5570биринчи жолу кургак учук оорусуна чалдыккан адам катталган, бул 100 миң адамга 90,6 учурду түзгөн (2011-жыл 100,4). 2017-жыл 100 миң адамдын 4,8 өлүмгө учураган (2011-жыл 9,1).
Ош шаарында 2017-жылы 257 учур кургак учук оорусу катталып, интенсивдик көрсөткүчү 71,9 түзгөн. 2018-жылы 243 учур кургак учук оорусу катталып, интенсивдик көрсөткүчү 71,9 түздү. Алардын ичинен 60 учур БК (+) катталып, интенсивдик көрсөткүчү 17,7, ал эми 2017-жылы 68 учур катталып интенсивдик көрсөткүч 20,9 түзгөн.
Кургак учук илдетин турукташтыруу боюнча жетишкендиктердин катарында, анын өтө жугуштуу туруктуу формаларынын таркап жатышы тынчсыздандырат. Анткени аларга дарылоого кетүүчү каражаттардын кескин жогорулашы жана узак мөөнөттүү оор схема менен дарылоону талап кылат. Кургак учуктун туруктуу формалары жаңы аныкталган учурлардын курамында 26,8 % түзсө, мурда оорудан дарыланган кайрадан аныкталган оорулулардын арасынан 61,1 % түзгөн.
Ош шаарында 2018-жылы вирустук гепатит оорусунун 593 учуру катталып, 2017-жылга салыштырмалуу 53 учурга көбөйгөн (2017-жылы – 540 учур). Вирустук гепатит оорусунун А түрү жалпы вирустук гепатит оорусунун ичинен 559 учурун түздү (94,3 %).
Кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИДсыяктуу жугуштуу оорулардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу бул көйгөйдү Ош шаарындагы коммерциялык эмес уюмдарды тартуу аркылуу чечүү керек. Калк арасында, өзгөчө кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИДооруларынжугузуутобокелчилиги жогору топтордун маалыматын жогорулатуу зарыл.
Коомдук пайдалуу максат:Калк арасында, өзгөчө Ош шаарындагы кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИД ооруларын жугузуп алуу коркунучу жогору топтордун маалыматын жогорулатуу.
Максаттуу топ: Кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИДооруларынжугузуутобокелчилиги жогору топтор
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар (1,5- 7 жаш) туруктуу дарыланбагандыктан коомго, социалдык чөйрөгө кошула алышбайт
Ош шаарында учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 950 бала каттоодо турат жана тиешелүү социалдык жардамдарды алып турушат(Жөлөк пул, бир жылда эки жолу бир айлык дарылоодон өтүшөт).
Мыйзам чегинде мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар берилгени менен бул категориядагы балдарды социалдык чөйрөгө кошуу үчүн күн сайын тиешелүү адистердин дарылоосу, кароосу зарыл маселе бойдон калып, чечилбей келет. Анткени илимий жактан аталган балдардын( аутизм, ДЦП) менталдык жактан аң- сезиминин начарлоосу жашы чоңойгон сайын прогрессивдүү өсөт. Ошондуктан бул категориядагы балдардын кичине жаштан адистердин кийлигишүүсүнө мажбур экендигин негиз кылып алуу менен мамлекеттик социалдык заказдын алкагында аталган долбоорду ишке ашыруу сунушталды.
Ош шаарында “ Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте жашта ( 1,5- 7 жаш) дарылоо менен социалдык чөйрөгө кошуу” долбоору 2017- жылдан башталган.Долбоорду ЮНИСЕФ колдоп, натыйжада Тажикстандын Худжент шаарына 2017 – жылдын ноябрь жана 2018- жылдын март айында врач- ортопед, педагог, психологдордон турган адистер бир жумалык тажрыйба алмашуу максатындагы семинарга барып, аталган долбоор боюнча окуудан өтүп келишти. Ушул эле жылдын апрель айында Беларуссиянын Минск шаарында “ Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте жашта дарылоо менен социалдык чөйрөгө кошуу” долбоору боюнча бир жумалык семинар- тренинг өткөрүлүп, тиешелүү адистер катышып келишти.
2018-жылдын июнь айында тиешелүү адистер Россиянын Новосибирск шаарында өткөн“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте жашта дарылоо менен социалдык чөйрөгө кошуу” долбоору боюнча эл аралык конференцияга катышышты.
Маалымат иретинде: Аталган маселе Россия Федерациясынд 25 жыл мурун, Тажикстанда 5 жыл, Өзбекстанда 6 жыл мурун башталып, натыйжада атайын дарылоодон өткөн балдар бакчада, мектепте билим алууга, социалдык чөйрөгө аралашууга мүмкүнчүлүк алышкан ( 100 баладан 75 бала – 70%).
Кыргызстанда бир жылда 2 жолу эле дарылоо болгондуктан бала толук кандуу дарылоодон өтпөгөндүктөн социалдык чөйрөгө аралаша албайт( 100 баладан 10 бала- 10 %).
Коомдук пайдалуу максат:Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте жашта ( 1,5- 7 жаш) дарылоо менен социалдык чөйрөгө кошуу.
Максаттуу топ:1,5 жаштан 7 жашка чейин ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар (аутизм, ДЦП).
Коомдуктартипжанакоомдукынтымак
3.1. Жаштар тарабынан коомдук тартипке жана жарандардын коопсуздугуна каршы жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санынын өсүшү
Статистикалык маалыматтар боюнча Ош шаарында жасалган кылмыштардын 41 % көбү 18 жаштан – 28 жашка чейинки жаштардын күнөөсү боюнча жасалат. Алардын 60 % эч жерде иштебеген жана окубаган жаштар, 65 % көбү - жергиликтүү жашоочулар. Негизинен жеке мүлккө каршы кылмыштар, жеке инсанга жана ден-соолукка каршы жасалган кылмыштар: майда же ири өлчөмдөгү уурулук, талап-тоноо, бейбаштык, зордуктоо жана кол салуу сыяктуу кылмыштар. Укук бузууларды жана кылмыш жасаган жаштармектеп курагындагы жаш өспүрүмдөргө коркунуч туудуруп келишет (мектеп рэкети, өздөрү менен тең курдуу жана кичүү курактагы балдар менен мушташтарды уюштуруу). Көпчүлүгү алкоголдук ичимдиктерди ичишип, коомдук жайларда ээнбаштыкка барышат.
Булардын баары шаардыктардын тынчсызданууларын күчөтүшөт.
Мындайкатегориядагы жаштардын жалпы саны шаарда 400гө жакын адамды түзөт. Социалдык изилдөөлөр боюнча жаштар коомдогу жүрүм-турум эрежелерин бой жеткенде өз үй-бүлөлөрүнө алып өтүшөт. Анын натыйжасында ажырашуу, зомбулук, аракечтик, кылмыштуулук, селсаяктык жана башка социалдык көйгөйлөрдүн саны көбөйөт. Ушул сыяктуу терс көрүнүштөр акырындап улуттук үй-бүлөлүк баалуулуктардын бузулушуна алып келет.
Мындай укук бузууларды жана кылмыштарды жасаган жаштардын арасынан көпчүлүгүкоомго социалдашуусу жана интеграциялануусу толук мүмкүн.
Коомдук пайдалуу максат: Жаштар тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санын азайтуу.
Максаттуу топ:Укук бузууларды жана кылмыштарды жасаган жаштар (18жаштан 28 жашка чейин).
3.2. Туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар
Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок селсаяк жарандарды социалдык реабилитациялоо, коргоо жана жардам берүү маселеси толук кандуу чечилбей келет. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдындагы кабыл- алып бөлүштүрүү жайында селсаяк жарандар 3 сааттан ашык кармалбайт.
Ош ШИИБ тарабынан учурда шаарда 70 ке жакын селсаяк жарандар бар экендиги катталган. Алардын ичинен 85% - эркектер, 15 %- аялдар. Аталган категориядагы жарандарга жардам көрсөтүү максатындагы убактылуу кармоочу жай жок болгондугуна байланыштуу, кыш мезгилинде белгилүү өлчөмдөгү акча каражаты бөлүнүп, коммерциялык эмес уюмдардын жардамы менен 3 ай кызмат көрсөтүлүп келет.
Туруктуу жашаган жери жок селсаяк жарандар боюнча маселени чечүү максатында мамлекеттик социалдык заказдын негизинде ишке ашыруу сунушталды.
Коомдук пайдалуу максат:Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок селсаяк жарандарды социалдык коргоо, реабилитациялоо жана жардам берүү
Максаттуу топ:Туруктуу жашаган жери жок селсаяк жарандар
Программаны ишке ашыруу механизмдери
Социалдык көйгөйлүү маселелерди чечүү жана программанын коомдук пайдалуу максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик социалдык заказдын мыйзамда көрсөтүлгөн бардык түрлөрү колдонулат.
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда Программанын иш-чаралар планына ылайык кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурстарды уюштуруу, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген коомдук пайдалуу долбоорлорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жүргүзүлөт.
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жооптуу бөлүмдөрү жана гранттык комиссия ушул Программанын иш-планына ылайык мамлекеттик социалдык заказдары боюнча конкурстарды уюштурат жана мамлекеттик социалдык заказ боюнча аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгына жана эффективдүүлүгүнө баалоо жүргүзөт.
Мамлекеттик социалдык заказ боюнча конкурста жеңүүчү болуп табылган жана социалдык кызмат көрсөтүүгө тартылган уюмдар иш-чаралар планын аткарылышы жана контракттын негизинде каражттардын пайдаланышы жөнүндө үзгүлтүксүз маалыматтарды берип турууга милдеттендирилет.
Маалымат берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчу топ менен жооптуу структуралык бөлүмдөр тарабынан аныкталып, техникалык тапшырмага жана кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлүүчү келишимдерге киргизилет.
Ош шаарынынмэриясынын 2019-2020-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын ишке ашыруу планы (таблица формасында)
№ | Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү | Коомдук пайдалуу максат | Социалдык кызматтарды алуучулар (топтор) | Жүзөгөашыруумөөнөтү (айы) | МСЗ формасы
| Жергиликтүүбюджет | Программаны реализациялоо-дон күтүлүүчү натыйжалар | Индика-торлор | |
Сумма, сом менен | |||||||||
|
| ||||||||
1 | Жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүжанабалдарды, улгайганадамдардыжанаденсоолугунун мүмкүнчүлүгүчектелгенадамдардыкоргоо | 1.1.Турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарга социалдыкталондорду (ваучер) берүү аркасында социалдык кызматтарды (мончо, чачтарач) көрсөтүү | Турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандар | 2019–ж
2020-ж. | Ваучерлер | 200 миң
200 миң | Социалдык талондор (ваучер) аркылуу чачтарачтардын, мончолордун кызматы көрсөтүлөт | 1.Камтылышы - 1500 улгайган адам иш-чарага катышты эки жыл ичинде | |
1.2.Ата-энелери калтырып кеткен эмгек мигранттарынын балдарынын жеке инсандык дараметин көтөрүү, бош убактысын туура уюштуруу аркылуу өз ара карым-катнаш көндүмдөрүн жакшыртуу жана коомго аралаштыруу | Эмгек мигранттарынын балдары | 2019- ж
2020-ж.
| Коомдук пайдалуу долбоор | 200 миң
400миң | Эмгек мигранттарынын балдары өз курагындагы балдар менен мамиле түзүү көндүмдөрү жакшырды жана инсандык потенциалын күчөтүштү | 500 эмгек мигранттарынын балдары иш-чараларга катышып, өз курагындагы балдар менен мамиле түзүү көндүмдөрүн жакшыртышты жана инсандык потенциалын күчөтүштү (эки жыл ичинде) | |||
1.3.үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга зарыл болгон социалдык жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүү, алардын өз мүмкүнчүлүктө-рүн ишке ашырууга көмөк көрсөтүү | үй-бүлөлүк зомбулуктанжабыркаганаялдар | 2019- ж
2020-ж. | Коомдук-пайдалуудолбоор | 300 миң
600 миң | үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар социалдык жардамдарды жана колдоолорду алышты эки жыл ичинде | 50 дөн кем эмес үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар тиешелүү социалдык жардамдарды жана колдоолорду алышты. үй-бүлөлүк зомбулук 20 % төмөндөйт (эки жыл ичинде) | |||
2 | Денсоолукжанадененинсаламаттыгы | 2.1.Калк арасында, өзгөчө Ош шаарындагы кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИД ооруларын жугузуу коркунучу жогору топтордун маалыматтуулугун жогорулатуу | Кургак учук, гепатит жана ВИЧ-СПИД ооруларын жугузуу тобокелчилиги жогору топтор | 2019- ж
2020-ж. | Коомдукпайдалуудолбоор |
300 миң | Кургак учук, гепатит жана АИВ (ВИЧ) ооруларын жугузуу коркунучу жогору топтордун маалыматтуулугу жогорулады | Долбоордун иш-чараларына 300 адам катышты
| |
2.2.Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте кийлигишүү жолу менен дарылоо аркылуу социалдык чөйрөгө кошуу(раннее вмешательство) | Аутист, ДЦП менен ооруган балдар 1,5-2 жаштан 7 жашка чейинки балдар | 2019-ж
2020- ж. | Коомдукпайдалуудолбоор | 200 миң
400 миң | ДМЧ балдар социалдык жактан коомго адаптацияланат(эки жыл ичинде) | Эрте кийлигишүү чараларына 40 ДМЧ бала катышып, социалдык жактан адаптацияланды(эки жыл ичинде) Ата-энелер иш менен камсыз болот | |||
3 | Коомдуктартипжанакоомдукынтымак.
| 3.1.Жаштар тарабынан жасалган укук бузууларды жана кылмыштардын санын азайтуу | Укук бузууларды жана кылмыштарды жасаган жаштар (18жаштан 28 жашка чейин) | 2019-ж
2020-ж. | Коомдукпайдалуудолбоор |
200 миң | Жаштар тарабынан коомдук тартипке каршы жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санын азайды | Укук бузууларды жана кылмыштарды жасаган жаштардын арасынан 50адам коомго социалдашты-рылды жана интеграцияланды | |
3.2. Ош шаарында туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандарды коомго адаптациялоо, социалдык жардам берүү
| Туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар | 2019-ж
2020-ж | Коомдукпайдалуудолбоор | 100 миң
100 миң | Туруктуу үй-жайы жок жарандар социалдык жардам алышат | 60 туруктуу үй-жайы жок жарандар социалдык жардам алышат |
Ош шаарынынмэриясынын 2019-2020-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын долбоору Кыргыз Республикаликасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык жумушчу топ тарабынан иштелип чыгып макулдашылды.