Загрузка документа…
ЖАҢЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры №21/2
Кыргыз Республикасынын“Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык Жаңы -Алай айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын түзүү максатында Жаңы- Алай айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын 21- кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө “Бузуулар Жөнүндө” иштерди кароо боюнча жобого ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 7 адамдан турган комиссиясы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн. ( тиркеме №1)
2.Жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алып иш жүргүзсүн, ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизсин.
4.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ө.Акбашов. |
Ош облусунун Алай районундагы
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин
2018- жылдын 03-декабрындагы
кезектеги 21-отурумунун № 21/2
токтомунун №1 тиркемеси
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү “Бузуулар жөнүндө” иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы:
1. Ыдырысов.Т -комиссиянын төрагасы, аксакалдар кеңешинин төрагасы;
2. Атырова.Б комиссиянын катчысы, айыл өкмөттүн соц.кызматкери;
МҮЧӨЛӨРҮ:
3. Кенешов.Р- Айылдык кенештин депутаты; (макулдашуу менен)
4. Пазылова.Ж –“Жаны-Арык балдар бакчасынын” директору
(макулдашуу менен)
5. Сооронов.Т - Айылдык кенештин депутаты; (макулдашуу менен)
6. Мамытов.М - Кымыз-Булак” СООВП жетекчиси;
7. Абдукеримова Н – С.Ашимов атындагы орто мектибинин директору.(макулдашуу менен)
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | А.Мамаева. |