Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXXXIII сессиясы
2019-жылдын 18-июлу №43/8
Кочкор айыл аймагынын көрүстөнү жөнүндө
(Кочкор айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-октябрындагы №46/3 токтомунун редакциясына ылайык)
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXXIII-сессиясы, Кочкор айыл кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Теңдик айылынын Токсонбай участкасына барып, жерди казып көрүү менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теңдик айылындагы Чоң булак участкасындагы уюштурулуп жаткан көрүстөндүн жолун оңдотуу боюнча тендер табыштамасы жокко чыгарылсын.
2. Теңдик айылынын Токсонбай (асфальт заводунун күн батыш тарабынан) участкасындагы 5,0га жер аянтына көрүстөн уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн жайыт багытынан көрүстөн кылып пайдаланууга багытын өзгөртүп берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигине караштуу «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 06.08.2019-жыл № 01-30\502 аныктамасына ылайык, Кочкор айыл аймагынын «Жылуу-Суу» участкасында №620,631 контурларынан 5,2 га жайыт жери, №638,639- контурларынан 4,3 га жайыт жери, жалпысы 9,5 га жайыт жеринин багытын Кочкор айыл аймагына көрүстөн кылып пайдаланууга багытын өзгөртүп берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
(Кочкор айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-октябрындагы №46/3 токтомунун редакциясына ылайык)
3.Жер аянтынын тиешелүү документтерин бүтүрүү менен иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Тɵрага: | Т.Балкыбеков |