Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры №46/3
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIII сессиясынын №43\8 токтомуна толуктооорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмтүнүн башчысы Р.Абакировдун маалыматын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIII сессиясынын №43\8 - Кочкор айыл аймагынын көрүстөнү жөнүндө токтомунун 2- пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигине караштуу «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 06.08.2019-жыл № 01-30\502 аныктамасына ылайык, Кочкор айыл аймагынын «Жылуу-Суу» участкасында №620,631 контурларынан 5,2 га жайыт жери, №638,639- контурларынан 4,3 га жайыт жери, жалпысы 9,5 га жайыт жеринин багытын Кочкор айыл аймагына көрүстөн кылып пайдаланууга багытын өзгөртүп берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Жер аянтынын тиешелүү документтерин даярдап иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |