Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-марты № 16/7
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексизXVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2019-жылга карата иш планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоотуруктуу комиссияларга мидеттендирилсин.
3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловго тапшырылсын.
Төрага |
| А. Джалилов |
“БЕКИТИЛДИ”
Өзгөн шаардык кеңешинин
2019-жылдын2-мартындагы
№ 16/7 токтому менен
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2019-жылга карата
ИШ-ПЛАНЫ
I квартал:
Февраль - Март айында
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылга карата иш-планын бекитүү
2. Өзгөн шаарынын 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019- жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү
«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия
3. Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
4. Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
5. Ар түрдүү маселелер
II квартал:
Апрель- айында:
1. Өзгөн шаар мэринин 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
3. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
4. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
5. Ар түрдүү маселелер
Июнь – айында
1. Өзгөн райондук калкты тейлөө борборунун шаардын калкын тейлеп, кызмат көрсөтүүдө жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
2. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету
3. Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер
III квартал:
Август айында:
1. Өзгөн шаар мэринин 2019-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаардык бюджетинин 2019-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссия
3. Өзгөн шаардык милиция бөлүмүнүн жүргүзүп жпткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
4. Өзгөн райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
5. Ар түрдүү маселелер
IVквартал:
Ноябрь - айында:
1. Өзгөн шаардык мэриясынын Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында шаарга туристтерди тартуу жана аларга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
2. Ар түрдүү маселелер
Декабрь – айында
1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2019-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаардык мэриясынын “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча”комиссиясынын жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер