Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №81/18
Жазы айыл өкмөтү менен милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнүн биргелешкен иш планын бекитүү жөнүндө
Жазыайыл өкмөтү менен милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнүн биргелешкен иш планын карап жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазыайыл өкмөтү менен милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнүн биргелешкен иш - планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Акматов |
Тиркеме
Жазы айылдык Кеңешинин 2019-жылдын
29-мартындагы № 81/19 токтому менен бекитилген
Жазы айыл өкмөтү менен милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнүн биргелешкен
иш-планы
Тапшырмалар | Чаралар/иш-аракеттер | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | |
1 | Айыл аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алуу | Ар бир айылдарда, кварталдарда жана көчөлөрдө жыйындарды өткөрүү | Айыл башчылар, коомдук уюмдар, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү | Ай сайын |
2 | Жаштар жана мектеп окуучулары арасында басмырлоо, рэкетчиликтин алдын алу | Ар бир мектептер менен жекече иш план түзүп окуучуларга түшүндүрүү ишин жүргүзүү | Мектеп дирекциясы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү, соц. адистер | Ар дайым |
3 | Жаштар арасында Суицит, телефон аркылуу жалган маалыматтардын негизинде ар кандай терс көрунүштөргө баруунун алдын алуу | Ар бир окуучулар менен маектешүү, видеороликтерди көрсөтүүнү уюштуруу | Соц. адистер, мектеп дирекциясы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү | График боюнча |
4 | Ар бир мектептерде уюштурулган күндузгү тартип күзөтүнүн ишин жандандыруу | Күзөтчүлөр менен тыгыз байланышта иштөө, уюлдук телефондор аркылуу байланышты күчөтүү | Соц. адистер, мектеп дирекциясы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү | Ар дайым |
5 | Мектепке тартылбай же барбай жүргөн балдар менен жекече иштөө | Ар бир мектепке тартылбай же барбай жүргөн окуучу балдарга жана ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Соц. адистер, мектеп дирекциясы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү | Ар дайым |
6 | Айылдарда Кырк-Чоро демилгелүү топторун уюштуруу | Жер жерлерде түнкү күзөттү саат 21-00 дөн 6-00 гө чейин тынчтыкты сактоо | Айыл башчылар, коомдук уюмдар, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү | Жыл бою |
7 | Айыл жериндеги демилгелүү жаштарынын Ватсап группасы аркылуу байланышта болуу | Ар кандай чыр чатактардын алдын алуу | Айыл башчылар, Соц. адистер, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү | Ар дайым |
8 | Жаза аткаруу инсптексиясында каттоодо турган атуулдар менен жекече иш алып баруу | Кылмыштуулуктун кайталанбоосун алдын алуу | Айыл башчылар, Соц. адистер, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү | Ар дайым |
Түзгөн социалдык маселелер боюнча башкы адис: | Т. Маликов |