Загрузка документа…
АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы №5
Кошкоргон айылынын көчөсүнө Матисаков Дөөлөткелдинин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Кошкоргон айылынын көчөсүнө Сапарбаев Бакыттын үйүнөн Матисаков Жигиттин үйүнө чейин эмгектин ардагери Матисаков Дөөлөткелдинин аты ыйгарылсын.
2. Эмгектин ардагери Матисаков Дөөлөткелди аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |