АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №15
Гөлмө айылынын көчөсүнө Семетеев Гулжигит атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Гөлмө айылынын көчөсүнө Эргешов Мураттын үйүнөн Омонов Пусурманкулдун үйүнө чейин эмгектин ардагери Семетеев Гулжигит аты ыйгарылсын.
2. Эмгектин ардагери Семетеев Гулжигит аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |