Редакцияот 14.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

2019-жылдын 14-майы № 173

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-февралындагы №17 жана 2019-жылдын 14-мартындагы № 24 токтомдорунун негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 39-, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Шаванов Таалайбек Камалович жана «КСДП» депутаттык фракциясынын мүчөсү Исмаилов Хамидилло Халилиллаевич чыгарылып, алардын ордуна «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Уркунбаев Калыбек Сатарович жана «КСДП» депутаттык фракциясынын мүчөсү Анарбек уулу Санжар комиссиянын курамына киргизилсин;

 - бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан «КСДП» депутаттык фракциясынын мүчөсү Кубатбеков Идирисбек Атантаевич чыгарылсын;

 - мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Камалов Айбек Осконович чыгарылып, «Мекеним «Кыргызстан» депутаттык фракциянын мүчөсү Мырзаев Эрнест Талгатбекович жана «КСДП» депутаттык фракциясынын мүчөсү Исаев Марс Асанович комиссиянын курамына киргизилсин;

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Баймурат уулу Б.) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Ж.Ормонов