Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 24
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кемин, Москва, Ош, Жайыл, Нарын, Сузак, Аксы, Токтогул жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кемин, Москва, Ош, Жайыл, Нарын, Сузак, Аксы, Токтогул жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин, Москва, Ош, Жайыл, Нарын, Сузак, Аксы, Токтогул жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 24 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1 | Ильич айылдык | Калмурат уулу Кутман | Өз арызы | № 8 01.03.2019-ж. |
Москва району | ||||
2 | Александровка айылдык | Вонхун Ахмет Джамалиевич | Өз арызы | № 2 04.03.2019-ж. |
3 | Исхаков Хамиз Ибрагимович | Өз арызы | ||
Жайыл району | ||||
4 | Кара-Балта шаардык | Назарбеков Эрмек Доолотбекович (№ 1) ("Элдик-Народная" саясий фракциясы) | Өз арызы | № 3 06.03.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
5 | Ош шаардык | Исмаилов Хамидилло Халилиллаевич (№ 4) ("КСДП" саясий фракциясы) | Өз арызы | № 15 22.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6 | Эмгек-Талаа айылдык | Темиркул уулу Жоодарбешим | Каза болгондугуна караштуу | № 4 07.03.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Сузак айылдык | Абдукадиров Камаридин Абдурашидович | Соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу | № 29 20.02.2019-ж. |
Аксы району | ||||
8 | Ак-Суу айылдык | Эшалиев Туратбек Муратаевич | Каза болгондугуна караштуу | № 2 11.03.2019-ж. |
Токтогул району | ||||
9 | Бел-Алды айылдык | Багымбаев Болот Тияншанович | Өз арызы | № 1 21.02.2019-ж. |
Бишкек шаары | ||||
10 | Бишкек шаардык | Жолдошов Омурбек Шарабидинович (№ 3) ("Мекеним Кыргызстан" саясий фракциясы) | Өз арызы | № 18/1 13.03.2019-ж. |
11 | Апсатар уулу Айжигит (№ 4) ("Мекеним Кыргызстан" саясий фракциясы) | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 24 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен талапкерлердин чыгарылган ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
1 | Александровка айылдык | Арса Абдурахим Сульманеевич | Өз арызы | № 2 04.03.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 24 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1 | Ильич айылдык | Мамытова Эльвира Ишенбековна | Жаңы-Алыш айыл өкмөтүндө жоопту катчы | № 9 01.03.2019-ж. |
Москва району | ||||
2 | Александровка айылдык | Магеза Мухамед Месырович | "Айгуль" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 2 04.03.2019-ж. |
3 | Ягузов Шамиль Исхарович | "Чинме" дыйкан чарбасынын мүчөсү | ||
Жайыл району | ||||
4 | Кара-Балта шаардык | Брагина Галина Владимировна (№ 8) ("Элдик-Народная" саясий фракциясы) | ОсОО "Тех-Проект" № 2 ЖКХ башчысы | № 4 06.01.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
5 | Ош шаардык | Анарбек уулу Санжар (№ 18) ("КСДП" саясий фракциясы) | ААК "Ошэлектро" бөлүмүнүн башчысы | № 16, 27.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6 | Эмгек-Талаа айылдык | Исакова Аида Асанбековна | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 4 07.03.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Сузак айылдык | Эгамбердиев Фарход Расулжанович | Убактылуу иштебейт | № 30 11.03.2019-ж. |
Аксы району | ||||
8 | Ак-Суу айылдык | Төрөкулова Уулай Мундусбаевна | Убактылуу иштебейт | № 2 11.03.2019-ж. |
Токтогул району | ||||
9 | Бел-Алды айылдык | Тилеген уулу Жаныбек | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 3 13.03.2019-ж. |
Бишкек шаары | ||||
10 | Бишкек шаардык | Каримов Нургазы Аскарбекович (№ 17) ("Мекеним Кыргызстан" саясий фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 18/2 13.03.2019-ж. |
11 | Куручбеков Аскар Бактыбекович (№ 8) ("Мекеним Кыргызстан" саясий фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 18/3 13.03.2019-ж. | |