Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 176
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 25-мартындагы №81/08-5 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2018-жылдын 13-декабрындагы №1 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 16 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы төмөндөгү аты жок көчөлөргө төмөндөгү инсандардын ысымдары ыйгарылсын:
-Ош шаарынын Качыбек айылындагы, № 5 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө «Даңк белгиси» жана «Эмгек Кызыл Туу» ордендеринин ээси, маркум Раимов Өсөрдүн:
-Ош шаарынын Пятилетка айылындагы, № 14 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Насыров Аринин;
-Ош шаарынын Качыбек айылындагы, № 4 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Баатыр эне, маркум Төрөкулова Караматтын;
-Ош шаарынын Татар айылындагы, № 17 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Эмгек ардагери, маркум Турдубаев Осмонбектин;
-Ош шаарынын Татар айылындагы, № 10 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Эмгек ардагери, маркум Алаев Мамазаирдин;
-Ош шаарынын Татар айылындагы, № 9 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, маркум Жумабаев Адылжандын;
-Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы, № 15 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Рысбаев Турдуштун;
-Ош шаарынын Пятилетка айылындагы, № 13 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө айылдагы кадырлуу инсан, маркум Сактанов Медербектин;
-Ош шаарынын Татар айылындагы, № 8 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө милициянын подполковниги, маркум Уларов Таирбектин;
-Ош шаарынын Жапалак айылындагы, № 2 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Бердибаев Айтмаматтын;
-Ош шаарынын Орке айылындагы, № 3 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Эмгек ардагери, милициянын капитаны, маркум Абжалиев Токобектин;
-Ош шаарынын Тээке айылындагы, № 11 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Мамашев Мураттын;
-Ош шаарынын Тээке айылындагы, № 12 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Кебеков Эминдин;
-Ош шаарынын Кеңеш айылындагы, № 6 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн ардагери, террористер менен болгон күрөштө курман болгон Асанов Темирбектин;
-Ош шаарынын Жапалак айылындагы ДЭУ участкасындагы, № 1 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө пенсионер Бекмурзаев Токтосун ажынын;
-Ош шаардагы Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрүн бириктирген, № 16 картада көрсөтүлгөн аты жок көчөгө мыкты юрист, маркум Арзыкулов Партизандын;
2. Көчөлөрдүн аттары жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.
3. Көчөнүн аты жазылган көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (И.Сансызбаев), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |