Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 180
Ош шаарынын тургуну Ж.Турсункулованын 2019-жылдын 24-апрелиндеги “Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн № 80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу” жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы № 28 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шааркуруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багытын мыйзам талаптарын сактоо менен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн өзгөртүү сунушталсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги шаар куруу түйүнүнүн эскизин эске алуу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |